Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Путин Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин узартуу тууралуу мыйзамга кол койду


Орусиянын "RS-24 Yars" баллистикалык ракеталары Кызыл аянтта аскердик параддан өтүүдө. 2020-жылдын 24-июну.
Орусиянын "RS-24 Yars" баллистикалык ракеталары Кызыл аянтта аскердик параддан өтүүдө. 2020-жылдын 24-июну.


Орусиянын президенти Владимир Путин 29-январда Стратегиялык чабуул куралдарын анан ары чектөө жана кыскартуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосундагы жаңы келишимди дагы 5 жылга узартуу тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам Орусиянны Мамлекеттик думасы тарабынан 27-январда кабыл алынган жана ошол эле күнү Орусиянын парламентинин жогорку үйү – Федерация Кеңеши тарабынан жактырылган.

Бул келишимди узартуу «Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына төп келет жана Орусия менен АКШнын өз ара стратегиялык карым-катнаштарындагы айкындуулук менен алдын-ала божомолдоочулукту сактоого мүмкүндүк жаратат», – делет Кремлдин интернет барагындагы билдирүүдө.


2010-жылы кол коюлган жана келээрки айдын башында мөөнөтү аяктай турган «Жаңы СТАРТ (Стратегиялык чабуул куралдарын кыскартуу келишими)» деп аталган келишимге ылайык, тараптар алыс аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбоого тийиш. Ал 1994-жылы күчүнө кирген СТАРТ келишиминин ордуна түзүлгөн болчу.
Он жылдык мөөнөткө түзүлгөн бул келишимге 2010-жылы Прага шаарында кол коюлган. Ал 2011-жылы 5-февралда күчүнө киргендиктен, анын мөөнөтү 2021-жылы 5-февралда аяктамак болчу.

Бул келишим өзөктүк куралдарга көзөмөл кылуу жаатындагы Москва менен Вашингтондун ортосундагы сакталып келе жаткан акыркы келишим болуп саналат.

Былтыр АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын өкмөтү Советтер Биримдиги менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк куралдар тууралуу келишимден чыгып кеткен. Андан соң Вашингтон 35 мамлекетке бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген «Ачык асман келишиминен» чыкканын жарыялаган.


Быйыл 20-январда Орусиянын ТИМи Вашингтонго бул келишимди мурдагы шарттарда дагы 5 жылга узартуу тууралуу сунуш кылган. Ошол күнү президенттик кызматка киришкен Жо Байден бул келишимди узартууну жактай тургандыгын мурдатан эле айтып келе жаткан болчу.

26-январда Байден Путин менен телефондон сүйлөшкөн чагында, эки тарап тең бул келишимди узартууга даяр экендиктерин тастыкташкан.
Келишимди узартуу үчүн Байденге АКШ Конгрессинен атайын уруксат алуунун кажети жок. (TT)

XS
SM
MD
LG