Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Азери оппозициясынын айбаты


Азербайжанда 9-октябрда президенттик шайлоо өткөнү жатат. Анда азыркы автократ президент Илхам Алиев үчүнчү мөөнөткө шайланат деп күтүлүүдө. Ошол эле убакта оппозициянын өз ичинде ынтымакташа алышы адаттагы зериктирме добуш берүүгө бир далай жаңыча түс берип жатат.

Алдыдагы беш жылда өлкөнү ким башкарат деген суроого Азербайжанда бир гана Илхам Алиев деген жоопту угуу мүмкүн:

"Илхам кайра шайланарында шек жок. Ал президент болот, башка жол жок", - дейт Бакунун бир тургуну.

Бирок быйылкы шайлоо биринчи жолу адаттагыдан башкача болгону турат. Себеби майда-чүйдө талаш-тартыштан башы чыкпаган оппозиция бул ирет "бир жеңден кол, бир жакадан баш" чыгара алды.

Оппозициянын жаңы куралган "Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши" деп аталган кыймылына Азербайжандагы режимге каршы чыккан күчтөрдүн дээрлик бардыгы кирди. Анын белгилүү талапкери, режисер Рустам Ибрагимбековдун ат салыштан чыгарылышына да биримдик туруштук бере алды. Улуттук кеңеш Жамил Хасанли деген талапкерди сүрөөнгө алды.

Москвада жашаган, Оскар сыйлыгын алган Рустам Ибрагимбековго караганда, 61 жаштагы тарыхчы, экс-депутат Хасанлинин талапкер болушунун өз артыкчылыктары бар болуп чыкты.

Азери саясатынын күңгөй-тескейин ичинен билген Жамил Хасанли теле-дебаттарда өзү жакшы билген ачуу чындыкты тартынбай айтып чыкты:

- Бийлик партиясы коррупциянын балчыгын кечип жүрөт. Илхам Алиевдин өкмөтүнө коррупция тизесине чейин жетти. Ал эми Илхам Алиев өзү коррупцияга кекиртегине чейин батты.

Дебаттарга президент Алиев өзү дээрлик аралашкан жок. Бирок өкмөтчүл сегиз талапкер Хасанлини ит талагандай кылышты. Алар Хасанлини жана анын шериктерин итке менен кушка эле эмес, кумсаларга теңеп, "аялдары сойку" деп ызылдашты.

Алиевдин бийликтеги "Йени Азербайжан" партиясынын мүчөсү Сиявуш Новрузов алтургай Кансыз согуш, Карабак жаңжалы, Нахичеван тууралуу көп сандаган китептерди жазган Хасанлини сен илимпоз эмессиң дегенге чейин барды:

- Сен изилдөөчү эмессиң. Сен көчөдө самтырап жүргөн лөлүсүң. Айтып койойун, Жамил Хасанли, шайлоодон кийин даана көчөдө тентип каласың.

Байкоочулар шайлоо өнөктүгүндөгү мындай маданиятсыз каралоо тактикалары элди саясаттан көңүл калды кылып жаткандыгын белгилешүүдө.

Ошол эле убакта Алиев бош калтырган орунду Хасанли ыктуу пайдаланды. Орусиянын кырчылдашкан саясий сахнасында жылдызы эми жанып келаткан Алексей Навальный сыңарында, ал теледен өзүнө бөлүнгөн убакытты орду менен пайдаланып, Алиевдин миллиарддаган долларды кантип кымтып алып жаткандыгын жарыялап чыкты:

- Мен эки миң манат пенсия алам. Мен муну күбөлүгүм менен далилдей алам. Ал эми бийлик партиясынын жетекчиси Али Ахмадов Алиев өлкөдөн чыгарып кеткен 48 миллиард манатка кандай документ көрсөтө алат? Дубайдагы ак сарайга төлөгөн 75 миллион доллар боюнча документи кана? Нью-Йорк соту ырастаган, Илхам Алиев өзү алган паранын документтерин көрсөтө алабы? Алиевдин үй-бүлөсү уурдап алган мал-мүлк, каржы ресурстары үчүн документтерин алып келдиби? Эгер алып келбеген болсо, мына, мен алып келдим. Колумда банк эсептеринен бери бар.

Хасанли алыскы райондорду түрө кыдырды. Бийликтер ага киши барбаган жерлерден орун бөлсө да, анын жыйындарына жүздөгөн киши келди. Ал жыйынга катышкандарды кийин коопсуздук күчтөрү артынан түшүп, иштен алдырабыз деп коркутушту. Шайлоо алдында белгилүү эки саясатчынын балдары камалып, сабалды.

Бийликтер бул кол салуулардын артында саясат жок деп карганууда. Бирок Бириккен улуттар уюму, Европа биримдиги жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму активисттерге, журналисттерге жана оппозициядагы саясатчыларга "кысым уланып жаткандыгын" айтышууда.

Оппозициянын митинги, 5-октябрь, 2013-жыл
Оппозициянын митинги, 5-октябрь, 2013-жыл
Улуттук кеңештин мүчөлөрү "шайлоо эркин жана акыйкат өткөндө биз жеңмекпиз" деп жатышат. Анда эле алар эки жылдык убактылуу өкмөт түзүп, жаңы шайлоо өткөрүшмөк, Конституцияны кайра жазып, цензураны күчүнөн кетиришмек.

ЕККУ 1-октябрдагы отчетунда белгилегендей, "саясатчылардын урук-туугандарын коркутуу тыйылбай, административдик ресурстар бир тарап үчүн гана колдонулуп жаткан" Азербайжанда шайлоонун эркин жана акыйкат болоору күмөн.

Ошого карабастан, оппозиция 9-октябрь менен эле күн бүтүп калбасын айтууда. Улуттук кеңешке кирген Элдик майдандын төрагасынын орун басары Гөзел Байрамли шайлоо бүткөндөн кийин да күрөш уланат дейт:

- Бул шайлоону гана көздөгөн структура эмес. Улуттук кеңеш алысты мээлейт. Биздин максат авторитаризмден демократияга өтүү. Демократия орногонго чейин демократиялык күчтөр ынтымакта кала бериши керек. Биздин аракетибиз, максатыбыз ушул.

XS
SM
MD
LG