Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Азери оппозициясы полицияга доомат артты


Азербайжанда өткөн оппозиция митинги, 22-сентябрь, 2013-жыл
Азербайжанда өткөн оппозиция митинги, 22-сентябрь, 2013-жыл

Азербайжанда оппозициялык “Элдик Фронт” партиясынын башчысы Али Керимлинин уулу Түркел Керимли 25 күнгө камакка алынды.

Азербайжан оппозициясы Бакуда жекшемби күнү өткөн башкы оппозициялык коалициянын митингинде айрым катышуучуларга бөгөт койду деп полицияны күнөөлөп жатат. Оппозициялык “Элдик Фронт” партиясынын башчысы Али Керимлинин уулу Түркел Керимли 25 күнгө камакка алынды.

Өлкөдөгү негизги оппозициялык “Элдик Фронт” партиясынын башчысынын орун басары Хасан Каримов өкмөт күчтөрү митингге айрым адамдарды катыштырбай койду деп билдирди.

Бирок оппозициянын дооматтарына бийлик тараптан жооп боло элек.

"Элдик Фронт" партиясынын төрагасы Али Керимли
"Элдик Фронт" партиясынын төрагасы Али Керимли
“Элдик Фронт” партиясынын башчысы Али Керимлинин уулу Түркел Керимли президенттикке талапкерлердин плакаттарын бузгандыгы үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, 25 күнгө камакка алынды. Түркел Керимли жана эки адам жекшемби күнкү митингден кийин кармалган. Али Керимли анын уулу саясий себептерден улам камакка алынганын журналисттерге дүйшөмбү күнү билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын азери кызматынын кабарчылары - оппозициялык демократиялык күчтөрдүн Улуттук Кеңешинин бир нече миңдеген тарапкерлери жекшемби күнү, Ясамал районундагы стадиондо оппозициянын негизги талапкери Жамил Гасанлыны колдоп, чогулганын кабарлашууда.

Жамил Гасанлы чогулган элге Азербайжанга чыныгы демократияны алып келүүгө убакыт келип жеткенин айтты.

- Эч ким биздин өлкөнү Түндүк Кореяга айланта албайт. Эч ким биздин демократияга эстеликтерди тургузуу менен шек келтире албайт. Эч ким биздин демократиялык тарыхыбызды өчүрө албайт.

“Элдик Фронт” партиясынын башчысы Али Керимли 9-октябрда өтчү президенттик шайлоолорду “өз өлкөбүз, өз келечегибиз, балдарыбыз жана жалпы эл үчүн күрөш” деп мүнөздөдү.

Ал Гасанлы азыркы президент жана президенттикке талапкер Илхам Алиевге абдан олуттуу атаандаш болуп жатканын кошумчалады.

- Жамил Гасанлы силердин өкүлүңөр, элдин өкүлү. Ал шайлоого убагында катышып, өзүнүн ырааттуу күрөшү менен династиялык өкмөттүн жүрөгүнүн үшүн алып жатат.

Президенттикке талапкерлер, Азербайжан. 2013-жыл
Президенттикке талапкерлер, Азербайжан. 2013-жыл
Жекшемби күнкү оппозициянын митинги бир нече талаптар менен аяктады.

- Саясий туткундар боштондукка чыгышы керек;

- Өкмөт президенттикке талапкерлердин шайлоочулары менен жолугушуусу үчүн Бакуда жана башка аймактарда шарт түзүп бериши керек;

- Өкмөт өлкөдөгү жана тыш жактагы добуш берүүчүлөрдүн толук тизмесин жарыялашы зарыл;

- Илхам Алиев шайлоодо өз кызыкчылыгы үчүн административдик ресурсту колдонууну токтотушу зарыл.

Жамил Гасанлы - учурда оппозициянын президенттикке аттанган негизги талапкери. Оскар сыйлыгын алган сценарист Рустам Ибрагимбеков өткөн айда шайлоо комиссиясы тарабынан анын орус-азери кош жарандыгы үчүн шайлоо өнөктүгүнөн четтетилген.

Илхам Алиев 2003-жылы бийликти атасынан алгандан бери президент бойдон калууда.

Азербайжанда президенттик шайлоо беш жылда бир жолу өткөрүлөт. Бу жолку шайлоо 9-октябрга белгиленди. Шайлоо өнөктүгү 16-сентябрда башталып, он адам расмий талапкер болуп катталган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG