Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 17:29

Азербайжандагы президенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле Илхам Алиев жеңип чыкты. Бул шайлоону бойкот кылган оппозиция добуш берүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелдин кечинде билдиргендей, Алиев жалпы добуштардын 86,1 пайызына ээ болду. Калган жети талапкердин ичинен үчөө 3төн 3,5 пайызга чейин добуш топтосо, акыркы төртөөнүн көрсөткүчү 1-1,5 пайыздан ашкан жок.

Азербайжанда 5,2 миллион шайлоочу каттоодон өткөн. Шейшембиде алардын 74 пайыздан ашыгы добуш бергени белгилүү болду.

Тандоо жок шайлоо

Азербайжандагы мөөнөтүнөн кеминде алты ай мурда өткөн президенттик шайлоодо Илхам Алиевдин жеңип чыгаарынан күмөн санагандар жокко эсе болчу. Шайлоого баш-аягы сегиз талапкер катышса да, алардын басымдуу бөлүгү теледебаттарда өлкөнүн азыркы бийлиги менен саясатын колдоп чыгышкан. Анын үстүнө Азербайжандын оппозициячыл партиялары да добуш берүү таза өтпөсүн белгилеп, кезексиз шайлоого бойкот жарыялашкан.

Тандоо жок болгонунбы же чындап татыктуу деп эсептешеби, айтор, Бакунун тургундарынын арасында Алиевге добуш бергенине сыймыктангандар аз эмес.

"Ал жакшы адам, баарын билет. Ал Гейдар Алиевдин уулу да. Баарынын чоо-жайын билет. Ага окшогондор барбы? Биз билбейбиз. Биз аны жакшы көрөбүз",-деди бакулук Зарифа Гусейнова.

Бакудагы добуш берүү, 11-апрель 2018-жыл.
Бакудагы добуш берүү, 11-апрель 2018-жыл.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

Байкоочулар менен активисттер шейшембидеги шайлоодо административдик ресурс кенен колдонулганын, шайлоочуларды ташып келүү, бюллетендерди тобу менен таштоо сыяктуу мыйзам бузуулар катталганын айтып чыгышты.

Маселен Күрдемир шаарындагы добушканада шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урнаны алып кетишип, ордуна бюллетендерге шыкалган жаңы урнаны алып келип койгонун Борбордук шайлоо комиссиясы өзү орноткон видеокамералар тартып калган.

"Илхам Алиев тандоосу жок шайлоону да жакшы өткөрө алган жок. Атаандаштарын өзү тандаса да шайлоону мыйзам чегинде өткөрө алышпады. Өз ыктыяры менен шайлоого баргандар жокко эсе экенин көрүп жатабыз. "Карусель" үчүн колдонулган адамдардын тобу гана жүрөт. Мугалимдерге эле эмес, окуучулардын ата-энелерине да басым жасалганы бул жолку шайлоодогу эң терс көрүнүш болуп калды",-деди "Улуттук фронт" оппозициячыл партиясынын лидери Али Керимли.

Бирок БШКнын төрага орун басары Натиг Мамадов добуштарды бурмалоо аракети болбогонун айтып, бул тууралуу кабар жазган агенттикти "жалган айтып жатат" деп күнөөлөдү.

​"Чектелбеген бийлик"

56 жаштагы Илхам Алиев 10 миллиондой калкы бар Азербайжанды 2003-жылы атасынын көзү өткөндөн бери башкарып келет. Ал буга чейин үч жолу (2003, 2008, 2013) жалпы шайлоочулардын кеминде 75-84 пайызынын добушу менен кайра шайланган.

Төртүнчү президенттик мөөнөтү мурдагыдай беш эмес, жети жылга созулмакчы. Мындай өзгөрүү 2016-жылы Азербайжандын Конституциясына киргизилген.

2009-жылдагы референдумдан кийин президентке чексиз шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Европа кеңеши сыяктуу эл аралык уюмдар мындай өзгөрүүлөрдү кескин сынга алып, президентке эсепсиз бийлик берилип жатканын айтып чыгышкан.

Бир жыл мурда президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны да биринчи вице-президент кылып дайындаган.

"1996-жылдан бери Азербайжанда "тактыны мурастап калуу" операциясы жүрүп, өзүм билемдик өкүм сүрүп келатат. Менимче, жакынкы мезгилде Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүп, Алиевдин 20 жаштагы уулу Гейдар да бийликке келсе, таң калууга болбойт",-дейт саясат таануучу Рамиз Юнус.

Алиев быйыл октябрь айында өтүшү керек болгон президенттик шайлоону 11-апрелге жылдырган. Өкмөт 2025-жылы парламенттик жана президенттик шайлоо бир учурга дал келип калбашы үчүн ушундай чечим кабыл алганын жүйө келтирген.

Алиевдер жана куугунтук

Азербайжанда бул шайлоо оппозициячыл саясатчылар жана эркин журналисттер камалып, көз карандысыз, сынчыл ой-пикир айткан активисттер куугунтукталып жаткан учурда өттү.

“Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык уюму 6-апрелде тараткан билдирүүсүндө Азербайжан бийлиги шайлоонун алдында "саясий майданды эркин ой-пикир билдирүү жолдорунан толук тазалаганы айтылат".

“Сынчылардын оозун басууда Азербайжан бийлиги мээнеткеч жана айлакер болду” деген уюм шайлоонун алдында оппозициялык талапкерлер камалганын же алардын шайлоого катышуусуна тоскоолдук жасалганын да белгилеген.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлдөрү да ушундай эле маанайдагы билдирүүлөрдү таратып, Азербайжанда саясий оппозиция, медиа жана жарандык коом басымга кабылганын, сынчыл көз караштагылар абакка камалганын айтышкан.

Алиевдердин үй-бүлөсү
Алиевдердин үй-бүлөсү

Жашыруун байлык жана коррупция

Алиевдин тарапташтары ал бийликте турганда Азербайжан обочодо калган пост-советтик өлкөдөн Европаны мунай менен камсыз кылган маанилүү мамлекетке айланганын айтышат. Бирок оппозиция өлкөнүн байлыгы бир үй-бүлөнүн гана пайдасына иштеп жатканын белгилешет.

2015-жылы "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны маалымдоо долбоору" Алиевдердин үй-бүлөсүнүн Британиянын баш калаасы Лондондо баасы 18 миллион фунт стерлингдик хансарайы бар экенин билдирип чыккан.

"Панама барактары" долбоорунда ачыкка чыккан маалыматтарда Алиевдердин үй-бүлөсү Азербайжандагы ири алтын, жез жана күмүш кендерин көзөмөлдөөрү да айтылган.

2014-жылы журналист Хадижа Исмаилова Алиевдин эки кызы офшордук компаниялар аркылуу Азербайжандагы Azercell байланыш операторуна ээлик кылаарын иликтеп чыккан. Бирок бир жылдан кийин журналист салык маселеси боюнча сот жообуна тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG