Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

"Баарын колго алды". Иш башкармалыкка келген оомат


Президент Садыр Жапаров Иш башкармасы Каныбек Туманбаевге сыйлык берип жаткан учур.
Президент Садыр Жапаров Иш башкармасы Каныбек Туманбаевге сыйлык берип жаткан учур.

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү.

Компания Иш башкармалыктын кол астына алынган алгачкы же жалгыз ишкана эмес. Соңку эки-үч жыл ичинде буга окшогон ондон ашуун жеке жана өкмөттүк мекемелер ушундай жолго из салууда. Иш башкармалыктын функциялары кандай жана эмне үчүн анын карааны барган сайын бараандуу болууда?

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100% акциясын Министрлер кабинетинен алып, президенттин Иш башкармалыгына өткөрүү жарлыгын президент Садыр Жапаров 13-мартта чыгарды.

Президенттин жарлыгында мындай чечим ипотекалык компаниянын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу, Кыргызстандагы ипотекалык насыялоо механизмин жакшыртуу үчүн кабыл алынганы жазылган. Мындан тышкары, социалдык тармактын жумушчуларын, аскер кызматкерлерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ипотекалык турак жай менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгы дагы белгиленген.

Президенттин аппаратынын жогорку даражалуу аткаминери 25-март күнү өткөргөн брифингде Иш башкармалыктын кадыры артып баратканы тууралуу суроого жооп берүүдөн карманарын билдирди. Ошол эле маалда аткаруу бийлигиндеги бардык иштерди президент өзү түз башкарып жаткандыгын кошумчалады:

“Мен бул суроону көңүл сыртында калтыргым келип турат. Өлкөбүз өтө чакан экенин билесиңер. Бул Иш башкармалык президенттин өзүнүн түз башкаруусунда турарынын белгиси. Ошондуктан айрым структуралар Иш башкармалыктын карамагына өтүп жатканы. Бардыгы президенттин башкаруусунда эмеспи. Өзүңүздөр билгендей, президент Министрлер кабинетин жетектейт. Бул маселени саясатташтыруунун кереги жок”.

Мамлекеттик ипотекалык компания өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай” программасын ишке ашыруучу мекеме болуп эсептелет. Буга чейин анын ишмердигин Министрлер кабинети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аркылуу көзөмөлдөп турган. Кардарларды ипотекалык насыялоодон түшкөн киреше, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча жана ички-тышкы инвесторлордон тартылган насыялар компаниянын ишмердигинин каржылоо булактары болуп саналат. Мындан тышкары турак жайларды куруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлер акысыз бөлүп берилет.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ишенбай Кадырбеков жаңы бийлик келип, өкмөт Министрлер кабинети болуп калгандан бери башкаруунун формасы өзгөргөнүн айтууда. Ал Министрлер кабинети президенттик аппараттын структуралык бир бөлүмү катары иштеп жатканын, анын бүт укугу жана жоопкерчилиги президенттин моюнунда турганын белгиледи. Ошондуктан логикалык жактан алганда анын карамагындагы мекемелерди Иш башкармалыгынын колуна топтоп жатышынын эрөөн-терөөнү жок деп эсептейт:

“Мурда Маммүлк мамлекеттин бүт үлүшүн кармачу да. Аларга азыр “жок, муну буга өткөрүп бер, эми сен өзүң жалгыз эле карабай, чарбалык ишти мамлекеттин атынан бул жасасын” деп айтып жатат. Азыр “бул башкарсын” деп Иш башкармалыкка да берип жатат. Мындайча айтканда, ортомчуну жоготуп туруп, түз иштетип жатат. Мына, ипотека саясатын Министрлер кабинети колуна алды, агенттик түздү, Шыкмаматов иштеп жатат. Эми, мындайча айтканда, ошолордун акчасын чогултканга агенттиктин өзүн колдонобу же башка структура иштейби деген маселе болуп калды да. Миллиарддаган чоң акча да. Ушуну алар Шыкмаматовго “сен ипотеканы бөлүштүргөн, долбоорлогон саясаты менен иштегин, акча жагына келгенде Иш башкармалык чечсин, ага башыңды оорутпагын, сен гана буюртмачы болуп турасың” деп атышат. Мунун канчалык жакшы же жаман болорун турмуш көрсөтөт”.

“Ипотекалык компания боюнча дүйнөлүк тажрыйбага туура келбеген иштер болууда”

Иш башкармалыктын алдындагы “Кыргызстройсервис” компаниясы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мурдагы 47-колониянын ордуна түшүп жаткан 5 миң батирлүү турак жай комплексин курууда.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алгачкы жетекчилеринин бири Бактыбек Шамкеев ипотекалык компанияны компетенциясы ылайык келбеген мекемелердин колунда кармоо туура эместигин айтат. Ал ипотекалык компаниянын курулуш иштерин моюнуна алып жатышы эл аралык тажрыйбага жат көрүнүш экенин белгиледи:

“Кайсы ой менен ушундай чечимге баратышканын мен айта албайм. Негизи Германияда ипотекалык компания (BauFin) Улуттук банктын көзөмөлүндө иштейт. Алар насыялык-финансылык операцияларды жасап жатпайбы. Өкмөт насыялык-банктык жумуштарды жасабашы керек. Аны Улуттук банк жасайт, ошол көзөмөлдөйт, ошонун негизинде тийиштүү жоболор менен иштеши керек. Казакстанда ушундай болгон, алар биринчи Улуттук банктын астында түзүлгөн. Ишти жакшы эле баштады эле, андан кийин Мамкурулуштун астына кетти. Үч жылдан кийин жетекчилигинин бүт баары (4-5 киши) камалды. Мен болгону азыр эмне себептен азыр ушундай тенденциялар жүрүп жатканын түшүнбөй жатам. Дүйнө жүзүндө ушул багыттар классикалык болуп калды. Мына, Баушпаркас (Bausparkasse – Германиядагы курулуш ассоциациясы) 57 өлкөдө иштеп жатат. Эми немистер чыгарган нерсе жаман болбойт да, туурабы? Ушул механизм менен Орусияда, Казакстанда, Кытайда иштеп жатышат. Андыктан бул маселеде дүйнө жүзүндөгү тажрыйбага таянып иш алып баруу керек. Ипотекалык компания курулуш маселелерин дагы өз моюнуна алып жатат. Менин оюмча, бул дүйнөлүк тажрыйбага туура келбеген жумуштар болуп жатат”.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылдын аяк ченинде түзүлгөн. Андан бери сегиз жыл ичинде компания мамлекеттик казынадан 13,8 млрд сом каражат алган. Ошол эле маалда 5,3 млрд сом салык жана башка төлөмдөрдү төккөн. Анткени компания мамлекеттик ипотека боюнча саясатын алып барган жалгыз мекеме катары бюджеттик кызматкерлерди жеткиликтүү баадагы социалдык турак жай менен камсыздап жаткандыктан, коомдо анын ишмердигине суроо-талап тынымсыз өсүп келет.

2022-жылдан тарта социалдык турак жайларды Мамлекеттик ипотекалык компания өзү кура баштады. Учурда Бишкекте эле 9 миңден ашуун батир МИКтин линиясы боюнча курулуп жатат. Ага бюджеттен бөлүнгөн каражаттын да, чет элден тартылган насыялардын да көлөмү чоң.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакында Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн бюджеттен тышкары дагы бир нече эл аралык каржы булактардан 200 млн доллардан ашуун насыя алынып жатканын билдирген:

“Биз МИКти каржылоодо бюджеттен тышкары булактарды таап жатабыз. Алгачкы жыйынтыктарыбыз бар. Германия өнүктүрүү банкы менен 34,9 млн евролук макулдашуулар бүтүп, акча келе баштады. Сауд өнүктүрүү фонду менен 100 млн доллардык келишим быйыл иштей баштайт. Ислам өнүктүрүү банкы менен 79 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгып калдык. Өлкөдөн сырткары эмгектенген мигранттардын турак жай программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн үлүштүк курулуш боюнча жаңы механизм киргизүү жөнүндө президентибиздин 2024-жыл, 30-январдагы жарлыгы чыкты”.

Президенттин Иш башкармалыгы кагазда кандай?

2022-жылдын 18-майында бекитилген “Президенттин Иш башкармалыгы жөнүндө” жобого ылайык, башкармалык президенттин, Министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттик администрациянын ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук жана медициналык жактан камсыздап турат. Мындан тышкары мамлекеттик имараттарды тейлөө менен алектенет. Анын кол алдында адатта мамлекеттик резиденциялар, клиникалык оорукана, спорт комплекси, аңчылык чарбасы, мамлекеттик имараттар департаменти, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Манас” оркестри, типография, эки бала бакча, “Кыял” ишканасы жана “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы иштеп келген. Соңку үч жылдан бери тизме жаңы жана бараандуу ишканалар менен толукталып барат.

2022-жылдын май айынан бери президенттин Иш башкармасы болуп иштеп келаткан Каныбек Туманбаевдин мекеменин расмий сайтындагы кайрылуусунда Иш башкармалык “Кыргыз Республикасынын президентинин, жогорку кызмат адамдарынын, президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-турмуш-тиричилик жана медициналык ишмердигин камсыз кылган өз алдынча мамлекеттик орган” экени жазылган.

“Бүгүнкү күндө Иш башкармалык материалдык-техникалык базасы жана мыкты даярдалган персоналы, белгиленген компетенциясынын алкагында ага жүктөлгөн милдеттер менен функцияларды жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берген көп тармактуу уюм болуп саналат. Иш башкармалыктын схемасына ар түрдүү тармактардагы, кесипкөй адистер эмгектенген, борбордук аппараттын жана 17 мекемелик уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрү кирет. Көп жылдык иш тажрыйбасы, кызматкерлердин шыктануусу, жамааттын биримдиги Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиленген Каныбек Туманбаевдин кайрылуусунда.

Иш башкармалык кирешелүү ишканаларды башкарган корпорация болуп барат

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин Иш башкармалыгынын колуна өткөн алгачкы жана жалгыз ишкана эмес. Соңку эки-үч жылдан бери баш-аягы ондон ашуун жеке жана өкмөттүк мекемелер Иш башкармалыктын балансына алынды. Чечимдердин дээрлик баарында тең ишканалардын башкаруусун, финансылык натыйжалуулугун жакшыртуу жана көзөмөлдү күчөтүү мүдөөсү коюлган.

Азыр Иш башкармалыктын колуна 2023-жылы өткөн бир катар мамлекеттик ишканаларды эске салалы.

2023-жылы март айында “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция Министрлер кабинетинин башкаруусунан Иш башкармалыктын карамагына өткөрүп берилген. Өкмөт мындай чечимин “Ысык-Көл облусунун аймагында "Асман экологиялык таза шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу үчүн оперативдүү чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тездетүү аракети менен негиздеген.

“Асман” долбоорунун түзүлүү башатында турган кишилердин бири аны Иш башкармалыкка негизсиз эле алып коюшканын билдирди. Мындан улам башында сүйлөшүп жаткан франциялык, швейцариялык, жапондук жана кореялык инвесторлор оолактап кеткен.

2023-жылы Иш башкармалыкка сентябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдөгү “Алтын-Балалык” реабилитациялык борборун” өткөрүп берди. Министрлер кабинетинин чыгарган тескемесинде мекеменин “ишинин натыйжалуулугун дагы жогорулатуу, көзөмөл системасын күчөтүү” максаты коюлганы жазылган.

Ал эми жыл ортолорунда “Кыргыз деңизи” санаторийи мамлекеттик ишкана болуп кайра түзүлүп, Иш башкармалыктын колуна өттү. Мурда ал “Кыргызалтын” ишканасына таандык болчу. Мында да анын башкаруусун жана финансылык натыйжалуулугун жакшыртуу аракети белгиленген. 2023-жылдын этегинде “Манас” эл аралык аэропорту жаңы түзгөн “Эйр Кей Джи” туунду компаниясындагы 100% үлүшүн Иш башкармалыкка өткөрүп берди.

Бир катар эксперттер бийлик мындай чечимдери менен Иш башкармалыгынын табиятына таандык укуктук, функционалдык чегинен аша чаптырып жатканын баса көрсөтүп жатышат.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мындай иш-аракеттер менен аткаруу тармагы президенттин түздөн-түз кол астында, көзөмөлүндө деген саясат кылып жатканын айтат. Ал Иш башкармалыкты көп тармактуу корпорацияга айлантуу мыйзамга каршы келерин, аны өкмөттөй көзөмөлдөө мүмкүн эместигин белгилейт:

“Бул жерде чарбачылыкты өзүнчө бир транскорпорация кылып жатышпайбы. Бизнес жүргүзө турган, пайда көрө турган корпорация кылып атышат. Бул администрациянын кол астындагы башкармалык болгондон кийин, алардын ишин көзөмөлдөй да албайсың. Мисалы, өкмөттүн түзүмүндө болуп, фонд кылса – анын ачыктык, коом алдында отчеттуулугу жөнүндө принциптери мыйзамда жазылып турат. Ошондо коомчулук дагы “мына бул принциптерди аткаргыла, ишин ачыктап чыгаргыла, мамлекетке өткөн мүлктөрдү эмне кылып атышат, кандай пайда көрүп атат” деп талап кылмак. Бул жерде иш башкармалыкка антип айта албайсың, анткени ал башкармалык эле, администрациянын чарбачылык функцияны аткарган кичинекей бир бөлүгү да. Ошондуктан бул жерде аябай көп карама-каршылыктар бар. Мыйзам бузуулар да көп болуп жатат. Баарын эле президент кылып жатат деген логикага такап жатышабы же өзүнүн эң ишеничтүү кишилери ал жерде... Бул жердеги саясат дагы түшүнүксүз. Мындай суроо жаралбашы керек. Мамлекетке алып жатасыңарбы – азаматсыңар! Бирок ошол алган оокаттарды кандай кылып иштетип жатасыңар? Ошону коомго ачык көрсөтүп берип койгула деген эле кеп”.

Эми 2021 жана 2022-жылдары Иш башкармалыкка каратылган мамлекеттик ишканалар менен жеке компанияларга токтолобуз.

Алардын бири - “Гознак” мамлекеттик ишканасы 2021-жылы Иш башкармалыкка өткөрүп берилген. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгында “Иш башкармалыктын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн” өкмөттүн ишканадагы 65% үлүшүн мүлктөрү менен кошо өткөрүп берүү керектиги жазылган. 2023-жылы ноябрда кайра каттоодон өтүп, Иш башкармалык анын 100% үлүшүнө ээлик кылып калган. 2024-жылы январда жалпы суммасы 302 млн сомго бааланган имараттары жана мүлкү менен кошо “Учкун” акционердик коомуна өткөрүп берилген. “Учкун” өзү дагы соңку жылдары Иш башкармалыкка таандык болуп эсептелет. Анын качан өткөн так белгисиз.

“Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы Иш башкармалыктын карамагына 2022-жылдын 22-июлунда өткөн. Президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкта бул иштер “Кыргыз Республикасында дипломатиялык сервис системасынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу” үчүн жасалып жатканы белгиленген. “Кыргыздипсервис” ага чейин Тышкы иштер министрлигинин балансында иштеп келген.

Конституциялык укук боюнча адис Таттуубүбү Эргешбаева суперпрезиденттик башкарууда мындай иш-аракеттер көндүм болорун, ошол эле маалда өлкөдөгү таасирдүү топтордун майлуу-сүттүү жерлерди өз ара бөлүштүрүү жоруктары кабатырга салып жатканын айтты:

“Иш башкармалык президенттин администрациясынын түзүмдүк бирдиги болуп саналат. Президенттин администрациясы өзү - чоң бир мамлекеттик мекеме. Анын ичинде көптөгөн бөлүмдөр болот. Ошолордун бири – президенттин Иш башкармалыгы. Башкача айтканда, бул өзүнчө бир мекеме эмес, ошонун ичине кирген бир бөлүм. Иш башкармалык президент кайда отурушу керек, эмне кылышы керек, транспорту качан жылат, коопсуздугун кантип камсыздоо керек деген иштер менен алектенет. Бирок кээде анын жумуштары менен чечимдерине деле кийлигишип кете берет. Бул ыйгарым укуктарынын чегине карайт. Бул маселеде Иш башкармалыкты эле күнөөлөгүм келбейт. Түшүнүп турасыңар да, биз суперпрезиденттик өлкөдө жашап жатабыз. Алар (компаниялар – ред.) Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна катталганбы, Министрлер кабинетинеби же Иш башкармалыгынабы – мааниге деле ээ эмес. Ошол эле маалда катуу жана укуктук чектен тыш менчиктештирүү, менчикти бөлүштүрүү жана бизнести мыйзамсыз текшерүүлөр жүрүп жатканы да чоң маселе”.

Иш башкармалыкка өткөн коммерциялык жана мамлекеттик ишканалардын катарында Ысык-Көлдөгү “Аврора Ысык-Көл”, мурда Кесиптик кошуундар федерациясына карап турган “Жыргалаң”, “Жети-Өгүз” санаторийлери да бар. Мындан тышкары, атайын кызматтын колунан каза тапкан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин Blonder Pub рестораны жана Курманбек Темирбаевдин “Булат-М” эс алуу жайлары дагы анын карамагына берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG