Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Кыргыз-тажик чырынын экономикалык кесепети


Исфана базарына жашылча-жемиштер кышкысын негизинен Тажикстандан алынып келинет.
Исфана базарына жашылча-жемиштер кышкысын негизинен Тажикстандан алынып келинет.

Кыргыз-тажик чек арачыларынын 11-январдагы атышуусунан бери эки өлкөнүн чек арасы жабык турат. Экономикалык тыгыз мамиледеги коңшу райондордун элинин турмушунда чек аранын жабыктыгы заматта сезилди.

Кыргыз-тажик чек арасынын жабылышы Сүлүктү шахтасындагы өндүрүшкө терс таасирин тийгизди. “Азыр шахтадагы ишканалардын көпчүлүгү ишин токтоткон”, - деди “Азаттыкка” ысмын атабоону өтүнгөн ишкерлердин бири.

"Биз өзүбүздө өндүрүлгөн көмүрдүн 90% Тажикстанга экспортточубуз. Азыр чек ара жабылгандан бери аны алып бара албай калдык, иш токтоду, - деди ал. - Анча-мынча аткезчилик менен баргандары гана алып барбаса, өндүрүш мурдагыдай эмес".

Лейлектин Исфана шаарындагы айрым тургундар да “Азаттыкка” сүйлөп, базарда, дүкөндөрдө Хужанддан алынып келинчү товарлар түгөнүп, тамак-аш кымбаттаганын айтышты. Анткен менен Исфанадагы борбордук базардын башчысы Кадыр Орозбаев базарларда тамак-аш тартыштыгы жок экенин, товарлар Бишкектен ташылып жатканын айтты.

Чек арадагы базар
Чек арадагы базар
“Тажикстандан чыга турган нерселер гана, маселен, чөп-чар, помидор, бадыраң, бир аз кымбаттаган. Анткени аларды өстүрө турган теплицалар негизинен Хужандда, Пролетарскиде жайгашат. Жалпысынан эч кандай деле паника жок, керектүү азык-түлүк жетиштүү", - деди Орозбаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттердин баары Баткендеги Ворух тажик анклавына туташ Ак-Сай айылынын четинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда тутанган атышуудан кийин жабылган. Алар качан ачылаары белгисиз.

Кыргыз Чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева ушул тапта эки өлкөнүн жарандары расмий да, бейрасмий да өткөрмө пункттарынан өтө албай турганын ырастады.

- Кыргыз-тажик чек арасында расмий түрдө беш көзөмөл жайы иштейт. Алардын үчөө эл аралык, экөө эки тараптуу көзөмөл пункту. Азыр алардын баары эки өлкөнүн жарандары жана машинелери үчүн жабык. Соңку чырдан кийин жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн ушундай чара көрүлгөн, - деди Чоколоева.

Чек ара боюнча жергиликтүү жана эл аралык эксперттер азыр Кыргызстан менен Тажикстандын анклавдар маселесин чече албай жатышы аймактагы коопсуздукка эле эмес, элдин күнүмдүк турмушундагы экономикалык абалга да терс таасир этип жатканын айтышууда.

Тажикстандын Исфара шаарында жашаган эксперт Негматулло Мирсаидов эки жумурият бул жерде мамилени оңдоп, алыш-беришти күчөткөнгө милдеттүү экенин, башка аргасы жок экенин баса белгилейт.

"Эки өлкө тең экономикалык абалы жагынан бири-бирине окшош жана географиялык абалынын айынан экөө тең “экономикалык изоляцияда” турган мамлекеттер, - дейт эксперт. - Ошон үчүн алар бири-бирине керек. Кыргызстан биз үчүн, маселен, байланышка зарыл, автожолдордун ачыктыгы менен маанилүү. Ошол эле маалда, чек арага жакын жайгашкан кыргыз райондору Согди облусун өздөрүнүн товарларын сатыш үчүн эле эмес, айрым кымбат баалуу буюмдарды алыш үчүн да колдонушат. Эки тараптын тең электр энергиясын сатуу өңдүү ири эл аралык долбоорлору бар. Андыктан региондо стабилдүүлүк жана тынчтык болбосо, бул Кыргызстан үчүн да, Тажикстан үчүн да эң эле жаман кесепетин тийгизет".

Тажикстандын Ворух эксклавы Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Анклавга барчу жол чек арадагы кыргыз айылдарын аралап өтөт. Ворухтун калкынын саны 30 миңден ашуун, жер тартыш, эл жыш отурукташкан. Анын жанындагы Баткендин Ак-Сай айылынын калкы да облус борборуна баруу үчүн Тажикстандын Ворухка чейинки эки-үч айылын аралап өтөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG