Легендарлуу «Битлз» тобунун "Hey Jude" ырынын колго жазылган тексти америкалык аукциондо 910 миң долларга сатылды. Пандемияга байланыштуу аукцион онлайн өткөрүлдү. Аталган ырдын сөзүн Пол Маккартни жазган.
Быйыл «Битлз» тобунун расмий таркаганына 50 жыл болду.
Аукциондо ошондой эле топтун 1964-жылы өткөн биринчи дүйнөлүк турнесинде колдонулган музыкалык аспаптар жана башка буюм-тайымдар сатылды.
Британиянын Ливерпуль шаарынан чыккан «Битлз» тобу 1964-жылы негизделген. Легендарлуу топтун курамында Жонн Леннон, Пол Маккартни, Жорж Харрисон жана Ринго Стар ырдашкан.