Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Лукашенко Бакиевди орден менен сыйлады


Президенттер А. Лукашенко (солдо), Н.Назарбаев (ортодо) жана К.Бакиев (оңдо) Минск шаарында, 27-ноябрь, 2009-жыл.
Президенттер А. Лукашенко (солдо), Н.Назарбаев (ортодо) жана К.Бакиев (оңдо) Минск шаарында, 27-ноябрь, 2009-жыл.

Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчисинен Минскиде Курманбек Бакиевге орден берилиши тууралуу түшүндүрмө сурады.

Анын алдында айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын мурунку президентин беларус президенти Александр Лукашенко “Эл достугу” ордени менен сыйлаганын жазып чыгышкан эле. Бул маалымат кыргыз коомчулугунда талкуу жаратты жана кээ бирлери келекелөө катары кабыл алды. Өткөн айда апрель окуясы боюнча сот өкүм чыгарып, ага ылайык ага-ини Бакиевдер өмүр бою эркинен ажыратылган болчу.

Өз элиң сыйлабагандан кийин...

Кыргызстанда апрель окуясы боюнча ондогон адамга Апрель баатыры деген наам ыйгарылган. Алардын арасында Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов да бар. Алымкулов өз жеринен качып четте жүргөн, оор кылмыштар боюнча айыпталган Курманбек Бакиевдин Беларуста орден менен сыйланышын сынга алды:

- Бакиевге бааны эл, тарых берет. Бардыгына мезгил күбө. Башына алтын таажы кийгизсе деле тарых аны өз ордуна коюп коёт. Ким келекелеп, ким келекелебегенин убакыт көргөзөт. Ага орден берилгенине теригип, көңүл буруунун деле кажети жок. Бактылуу адам өз жеринен, өз элинен сыймык күтөт, сыйлык алат, элдин баасына ээ болот. Тентип жүрүп алган сыйлык сыйлык деле эмес. Анын ким экенин бүт дүйнө билет.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 5-августта Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкону чакырып, Бакиевге орден берилиши тууралуу түшүндүрмө сурады.

Аталган министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков маалымат расмий такталгандан кийин дипломатиялык чара көрүлөрүн “Азаттыкка” билдирди:

- Элчи Денисенко “Менде мындай маалымат жок. Мен маалыматты тактагандан кийин сизге расмий түрдө билдирем”, - деп жооп берди. Бул маалымат тастыкталса, албетте ТИМ тиешелүү нота жиберет.

Беларус президенти Александар Лукашенко Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.

Курманбек Бакиев өзүнө коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Жалал-Абаддагы өзүнүн туулуп өскөн айылы Тейитке качып барганда ошол кездеги оппозицияны күнөөлөгөн болчу:

- Каза болгон балдарды, кан төгүүлөрдүн баарын менин мойнума жүктөшүүдө. Маалыматтын баары бир жактуу кетип жатат. Башкалардын тиешеси бар экени тууралуу сөз жок.

"Бакиев кабагым-кашым дебей эле жашап жатат"

Беларуста Бакиевдин “Эл достугу” ордени менен сыйланышы боюнча “Азаттык” аталган өлкөдөгү Бириккен жарандык партиянын төрагасы Анатолий Лебедькодон комментарий алды: Лебедько Бакиевдин мамлекеттик сыйлык алышын акылга сыйбаган жагдай деп атады.

- Бул мамлекеттик сыйлык. Бардык мамлекеттик жол-жободон өтүп туруп бекитилген мамлекеттик сыйлык. Ал кимдир бирөөнүн атынан эмес, бүтүндөй мамлекеттин атынан берилет. Бирок ал кимге ыйгарыларын Александр Лукашенко чечет. Ал Курманбек Бакиевге бул орденди берип жатып, достуктун башатын кантип көрө калганын билбейм. Чагымда, бул орденди Лукашенко Бакиев менен жеке достук мамилесин эске алып, ошон үчүн берген го.

Лебедько Бакиевдин Беларустагы азыркы жашоосу тууралуу өзү билгендерин айтып берди. Ага ылайык, Бакиев жакында эле үй тоюн берди, же эми берем деп камынып жатат. Жаңы салган үйү беларус президентинин резиденциясынын жанында, жогорку бийликтеги аткаминерлер жашаган ак сөөктөр айылында жайгашкан экен.

- “Эл достугу” деген ордени бар, укмуштай заңгыраган үйү бар, коопсуздугу жакшы сакталган. Бакиев кабагым-кашым дебей эле жашап жатат. Ал Беларустагы саясатка, коомдук жашоого ачык аралашпайт. Тескерисинче жашыруун жашаганга аракет кылат. Аны бир канча ирет бул же тигил жайдан кокусунан көрүп калып сүрөткө тартып алгандар социалдык түйүндөргө жарыялаган. Талкууланып гана тим болгон. Беларус бийлигинин стратегиясы - өз өлкөсүндө көйгөй жараткан, колдоо таппаган учурдагы же мурунку өлкө башчыларына эшигин ачып, аларды калкалоо болуп калды. Беларуска чуулгандуу таржымалы бар, өз өлкөсүнө, өзүнүн элине, жерине батпаган адамдар топтолуп, өлкө өзүнчө эле саркынды жайга айланып калды. Менимче, Лукашенко Бакиевдин азыркысын ойлоо менен өзүнүн келечегине кам көрүп атса керек.

Өткөн айда, тактап айтканда 25-июлда дээрлик үч жарым жылга созулган апрель соту аяктады. Бишкек гарнизондук аскер соту Курманбек Бакиев менен анын бир тууганы Жаныш Бакиевди 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп айыптап, өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.

Апрель калабасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашык адам жаракат алган. Жалпысынан токсондон ашык адамдын өмүрү кыйылган жана бул окуя Курманбек Бакиевдин бийликтен кулатылышы менен аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG