Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Минск: жардырууга байланыштуу бир нече киши кармалды


Минскинин жашоочулары кайгылуу окуя болгон станцияга гүл алып келип жатышат, 12-апрел, 2011-жыл
Минскинин жашоочулары кайгылуу окуя болгон станцияга гүл алып келип жатышат, 12-апрел, 2011-жыл

Беларус бийлиги 11-апрелде Минск шаарында болгон жардырууга байланыштуу бир нече киши камакка алынганын билдирди. Прокуратура аны теракт деп расмий атады.

Кол салуудан бери дегенде 12 киши каза тапты, 200гө жакыны жараланды. Президент Александр Лукашенко аны өлкөнү бейстабилдештирүү аракети катары сыпаттады.

Кыргызстандын Минскидеги элчилигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Беларустун Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү таратып, 11-апрелдеги жардыруудан набыт болгондордун саны 12 кишиге жеткенин маалымдады. Жараат алган 149 кишинин 22си оор абалда экени айтылат. Өлгөндөрдүн ичинен 9 кишинин кимдиги аныкталды.

Башкы прокуратура жардырууну теракт деп расмий сыпаттады. Аны иликтөө үчүн Ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлдү. Башкы прокурордун орун басары кол салууга байланыштуу бир нече киши кармалганын маалымдады.

Ал эми президент Александр Лукашенко күнөлүүлөрдү табыш үчүн “бүт баарын аңтарып, тинтип чыгууга” тапшырма берип, жардыруунун артында чет өлкөлүк күчтөр турушу ыктымал деген божомолду да жокко чыгарган жок. Ал бул жолку терактты 2008-жылы Минскидеги концерт маалында болгон жардыруу менен да байланыштыра кетти. Анда 50 киши жараланган.

Коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Жардыруу "Октябрь" бекетинде жергиликтүү убакыт боюнча кечки алтыга 5 мүнөт калганда, эл, өзгөчө студенттер менен мектеп окуучулары көп каттаган учурда болгон. Тергөөчүлөрдүн болжолунда бомба станциядагы отургучтун алдына коюлган. Жардыруунун күчү тротилл эквивалентинде 5-7 килограммга жеткени кабарланууда.

Күбөлөр жардыруудан кийин метронун чыга беришинде кансырап жаткан адамдарды көрүшкөнүн айтышат. Тез жардам унаалары жарадар болгондорду шаардын дээрлик бардык ооруканаларына жеткирип турушту. "Октябрь" бекети президенттик администрация имаратынан алыс эмес жерде орун алган.

Борбор шаарда, бардык темир жол станциялары менен аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шаар тургундары коркуу сезими пайда болгонун айтышат. "Дагы эле эсибизге келе элекпиз. Минскиде ушундай болот деп эч ким ойлогон эмес", - дейт Наталья аттуу студент кыз.

Кыргызстандын Минскидеги элчилигинин кызматкерлери жарадар жана каза болгондор жеткирилген бейтапканаларга телефон чалып, жабыркагандар арасында кыргызстандыктар болбогонун такташты.

Консул Дмитрий Линин айтымында, консулдук каттоодо азыр 110 киши турат. “Бирок Беларус бийликтеринин жана башка бейрасмий маалыматтарга караганда, кыргызстандык жарандардын саны 300гө жетиши ыктымал. Алардын басымдуу бөлүгүн Беларустун жарандыгын алабыз деп келгендер түзөт. Жакындары жөнүндө маалымат алгылары келгендер болсо, биздин элчиликке телефон чалышсын”, - деп кошумчалады консул.

Шаардын жашоочулары кайгылуу окуя болгон жерге гүл, шам алып келип, курман болгондорго таазим этип жатышат. 13-апрел Беларуста аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG