Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Беларуста кытай жумушчулары митингге чыкты


Беларуста кытай жумушчулар көчөгө чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Кытайлардын митинги

Беларустагы кытай жумушчулары ушул айда нааразылык акциясына чыгып, милиция менен тирешти.

Буга алардын жумуш берүүчүлөр менен тил табыша албагандыгы, мурда берилген убадалардын аткарылбагандыгы жана айлык акынын кечиккендиги себеп болгон. Айрымдары Беларустагы жумуштун шартына чыдабай, мекенине кетишүүдө.

Беларуста нааразылык акциялары, митингдер өтө сейрек өтөт. Аны өткөрүүгө активисттерге бийликтер дайыма эле уруксат жана шарт түзүп бере бербейт. Бирок 200дөй кытай жумушчусу ушул ай башында күтүүсүз нааразылык жүрүшүнө чыгып, анда милициянын тосмосун да жарып өтүшкөн. Буга алардын иш берүүчүлөр менен тил табыша албагандыгы себеп болгон.

Кытай жумушчуларынын бири ошол нааразылык акциясынан кийин алардын айлыгын жарым-жартылай төлөп бергендигин “Азаттыктын” Беларус кызматына билдирди.

- Биз интервью бере албайбыз. Антсек кытай башчыбыз бизди кумурскадай “тебелеп” салат. Биздин уюлдук телефон үчүн сим картабыз да жок. Эгер бизде проблема болсо, телефон чала албайбыз. Менин бетимди экрандан көрсөтпөгүлө. Биз нааразылык акциясына чыккандан кийин мага эки айга акчамды төлөп берди, бирок дагы бир айлык эмгек акымды бере элек. Биз эми нааразылык акциясына чыкпайбыз.

Бул Кытай жумушчулары Беларустун Гомель облусуна караштуу Добруш шаарындагы “Сюань Юань” курулуш компаниясында иштешкен. 2-июлда алар Добруштан 27 чакырым алыс облустун борбору Гомель шаарына жөө барышып, андан ары Минскке чейин жол тартмакчы болушкан. Гомель шаарында аларды ишкананын жетекчилиги, Беларустагы Кытайдын элчиси тосуп алып, араң көндүрүп, жолдон кайтарган.

Беларуста кытай жумушчулар көчөгө чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Минсктеги Кытай элчилигинин пресс-атташеси Сун Хунчжы ишкана жумушчулардын нааразылыгы боюнча буларды айтты:

- Мен маселенин чоо-жайын терең билбейм. Жакында биздин өкүлдөр компаниянын чогулушуна катышып келген. Алар ушул айда баарына төлөп беребиз дешкен. Азыр каалагандары мекенине кетүү үчүн документтерин тууралап жатышат. Бул эми коммерциялык иш болгондуктан элчиликтин ыйгарым укугуна кирбейт. Биз аларга маселени өз ара чечишип алууну сунуштап жатабыз. Анткени бул коммерциялык, экономикалык маселе.

Нааразы болгон жумушчулардын айтымында, Кытайдан аларга жумуш шарты абдан жакшы деп айтышкан. Бирок, маселен, бир айда эки күн эс аласыңар деп убада кылынса, ал да аткарылган эмес. Начар тамактандырган, түшкү тамактанууга 15 мүнөт гана убакыт берилген жана күнүнө 14 саат иштөөгө мажбурлашкан. Кытай жумушчулары Беларус бийлигине дооматтары жоктугун, биринчи кезекте аларды алып келген жана иштеткен кытайлык компанияларга нааразы экендиктерин айтышууда. Айрым кытайлар айлыктары төлөнө баштаганына карабай, өз өлкөсүнө кетүүнү артык көрүшүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Беларуста кытайлар чет элдик жумушчулардын саны боюнча экинчи орунда. 2013-жылы 3020 кытай, 6928 украиналык эмгек мигранты болгон. Бул мамлекеттен жумушчу виза алып иштеген расмий мигранттардын гана саны.

Кыргызстанда да кытай жарандары менен укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү элдин ортосунда жаңжалдар катталган учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG