Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Беларус: Парламентте оппозиция болбойт


Шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө алдында. Минск, 23-сентябрь, 2012.
Шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө алдында. Минск, 23-сентябрь, 2012.

Беларуста жекшембидеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыкты. Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына оппозициядагы партиялардын бир да өкүлү шайланган жок. Оппозиция шайлоо жыйынтыгын тааныбасын жарыялады. Добуш берүүгө байкоо салган ЕККУ уюму шайлоо эркин жана адилет болбогонун белгиледи.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина жарыялагандай, жекшемби күнкү добуш берүүнүн натыйжасында парламенттин төмөнкү Эл өкүлдөр палатасынын 110 депутатынын 109у шайланды.

Экинчи айлампа болгону бир гана округда өтөт. Добуш берүүгө Беларус БШКсынын ырастоосунда, калктын 74% келди.

Жаңы парламентте Коммунисттик партиядан үч, Агрардык партиядан бир депутат болот.

Беларуста өзү башкаруучу партия жок. Бирок аталган эки партия шайлоого президент Александр Лукашенконун саясатын колдогон платформа менен чыккан.

"Суктанышсын"

Беларустагы саясий өнөктүктү батыштык баяндамачылар “кызыксыз жана тандоосуз” шайлоо деп аташкан эле. Мындай мүнөздөгү суроолорго жекшемби күнү президент Алексадр Лукашенкого да жооп берүүгө туура келди:

- Суктанышсын, эсиңизге тутуп алыңыз, суктанышсын! Шайлоо сиз мүнөздөгөндөй “кызыксыз жана тынч” өткөн мамлекеттерде, бул бийликти айтпаганда да, элдин бактысы. Бизге ыңкылаптар, толкундоолор, тирешүүлөр, жардыруулар, мурунду кан жалатуулардын кереги жок. Цивилизациялуу коом жашаган цивилизациялуу өлкөдө шайлоо ушундай өтүшү керек.

Президент Александр Лукашенко өз сөзүндө Беларус шайлоосунан кынтык издөөнүн кажети жоктугун белгилеп, шайлоону бойкоттогон оппозицияны “коркоктор” деп айыптады:

- Булар элге айтар сөзү жок коркок адамдар. Болгону ушул. Саясий күрөш белгилүү бир мыйзамдар боюнча жүрөт да, кайсыл саясий жараян болбосун ошол саясий өнөктүккө мүнөздүү мыйзам боюнча өнүгөт. Муну баары билишет. Мен да билем. Байкоочулар да, ошол саясий күрөшкө тартылгандар да билет.

Оппозиция тааныбайт

Жекшембидеги парламенттик шайлоонун алдында өлкө оппозициясынын башкы эки саясий күчү: Бириккен жарандык партия менен Беларус элдик майданы калкты добуш берүүнү бойкоттоп, ордуна "балык уулоого же козу карын” терүүгө чыгып кетүүгө үндөгөн.

Шайлоо жыйынтыгы баары бир бурмаланат, өнөктүк учурунда теңдик болгон жок деген оппозициячыл партиялар катталган тарапкерлерин жарыштан чыгарып алса, алардын айрым өкүлдөрү талапкер катары каттала алган эмес.

Бириккен жарандык партиянын төрага орун басары Ярослав Романчук алдыда беларус оппозициянан биригүү талап кылынат деп эсептейт.

- Маселе бизде шайлоо жоктугунда. Адамдар бул өнөктүктү шайлоо деп эсептешпейт. Мындай көз боёмочулукка каршы буга чейин бир да нааразылык болгон эмес, азыркысында деле болбойт. Андыктан оппозиция үчүн үй тапшырмасы али алдыда. Өзгөрүү эл менен болушу керек. Эгер өзгөрүү үчүн альтернативалуу программа менен элге чыксаңыз, былтыр мисалы Беларуста гиперинфляция болду, ушул маселеге кайрылсаңыз, эгер айлык акы, пенсия маселесине кайрылсаңыз, сиз анда элди моблизациялай аласыз. Оппозиция үчүн шайлоодон эртесиндеги көйгөй - албетте, биригүү. Бул ирет ал мындайды көргөзө алган жок.

Беларус оппозициясы добуш берүүгө калктын 74% келди деген расмий көрсөткүчкө ишенбей жатат. Алардын эсебинде, реалдуу көрсөткүч жогорудагы цифранын жарымын эле түзүшү мүмкүн.

Беларус оппозициясынын ири партиялары шайлоо жыйынтыгын таанышпай турганын жекшемби күнкү добуш берүү аяктай элек кезде эле билдиришкен. Алар мунун себеби катары мөөнөтүнөн мурда добуш берүү массалык түрдө бурмаланганын, шайлоо жараянда ачык-айкындуулук болбогонун аташты. Өзү мөөнөтүнөн мурда шайлоочулардын бир чейрегинен ашууну добуш берген.

Байкоочулардын баасы

Көз карандысыз байкоочулар, бул ирет беларус шайлоосунда бир эле адам бир нече жерде добуш берген “карусель” ыкмасы да катталганына, көптөгөн шайлоо бекеттеринде шайлоочулардын тизмеси күтүүсүздөн кыскартылганына көңүл бурушту.

Витебиск шаарынан адам укугун коргоочу Павел Левинов “Азаттыктын” орус кызматына буларды айтты:

- Бул катышуучулардын пайызын көтөрүү үчүн жасалган. Мисалы тизмедеги эки миң шайлоочунун миңи келсе, 50%, жетишпейт. Эгер алардын жүзүн “өлтүрүп коюшса”, 1900 шайлоочу калат, көрсөткүч 50%дан ашып, шайлоо өттү деп табылат.

КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясы беларус шайлоосун адаттагыдай эле оң баалады.

Миссиянын башчысы Сергей Лебедевдин айтымында, саясий өнөктүк “эркин, демократиялуу жана улуттук мыйзамдарга шайкеш “ өттү.

Ал эми 300дөй байкоочусун жайгаштырган ЕККУ уюму шайлоо эркин жана адилет болгон жок, “башынан эле атаандаштык чектелди”, “демократиялык укуктар сакталбады” деген тыянагын чыгарды. ЕККУнун пикиринде, Беларустагы өнөктүктөн эркин шайлоонун көрүнүштөрү: ой-пикирди эркин билдирүү, эркин жыйналуу, шайлоого эркин катышуу байкалган жок. Бул өз кезегинде “жараянга болгон коомдук ишенимге олуттуу доо кетирди”.

Беларуста 2010-жылы декабрда болгон президенттик шайлоо оппозицияны айоосуз жазалоо менен аяктаган.

Кыш ызгаарда добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылык билдирип, борбордук аянтка чыккандарды бийлик күч менен тараткан. 700 киши, анын ичинде президенттикке талапкерлер камакка алынган. Алардын айрымдары камакта алигиче олтурат. Бул өз кезегинде Беларустун эл аралык коомчулуктан обочодо калышын, Минск менен Батыштын мамилесиндеги чыңалууну күчөткөн.



Беларуста парламенттик шайлоо өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG