Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Лукашенко бешинчи мөөнөт президент болот


Александр Лукашенко добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Минск, 11-октябрь.
Александр Лукашенко добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Минск, 11-октябрь.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 11-октябрдагы жалпы элдик шайлоодо Александр Лукашенко үчүн 83,49% добуш берилген. Аны Минскиде эң аз (65,58%), Могилев облусунда эң көп (88,29%) колдошкон.

Эки атаандашы добуштар жөнүндө эч кандай маалымат чыкпай жатып, 61 жаштагы Лукашенкону жеңиши менен куттукташты. Ал өлкөнү 1995-жылдан бери башкарат. Беларустун Конституциясы Лукашенкого көзү өткөнчө президент болгонго мүмкүндүк берет.

БШКнын билдиришинче, калган талапкерлер: “Чындыкты сүйлө!” өнөктүгүнүн активисти Татьяна Короткевич 4,42%, Либералдык демократиялык партиянын лидери Сергей Гайдукевич 3,32%, “Беларус казактары” бирикмесинин башкы атаманы Николай Улахович 1,67% добуш топтогон. Төрт талапкерге каршы 6,5% добуш берилген. Добуш берүүгө шайлоочулардын 86,75% катышкан.

Александр Лукашенко шайлоо күнү 2010-жылкыдан аз эл колдосо, жаман жышаан болорун айтып, ошон үчүн беш жыл мурдагы 79.65 проценттен көп добуш алуу “абдан маанилүү” деген эле. Өткөн шайлоодо Лукашенко менен оппозициялык маанайдагы 9 талапкер чылбыр талашкан. Ошондогу талапкерлердин көбү абакка отургузулган. Өз кезегинде Евробиримдик беларустук 201 мартабалуу чиновникке жана 18 компанияга санкция жарыялаган.

Бул ирет оппозиционер деп Татьяна Короткевичти гана атоо мүмкүн. Андыктан өлкөнү 21 жылдан бери калчаган Лукашенко ишенимдүү жеңеринен эч ким деле күмөн санаган эмес.

Бул жолу беш жыл мурда Лукашенко кайра шайлангандан кийинкидей полиция нааразы адамдарды күч менен куубады. Жекшемби күнү кечке жуук "Батьканын” саясатына нааразы 200 чакты адам гана Минскиде митингге чыгышты.

БШКнын маалымдашынча, 7 миллион шайлоочунун 36% 11-октябрга чейин добуш беришкен. Оппозиция алар негизинен бийлик тескеген бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, ооруканада жаткандар жана студенттер экенин билдирген. “Өлкө бир нече күндөн бери добуш берип жатканы таң калычтуу” деген ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрүнүн башчысы Жеймс Уэлш "Ассошейтед пресс" агенттигине.

Талдоочулардын айтымында, “Европанын акыркы диктатору” атыккан Лукашенконун эл ичинде популярдуулугу өсүүсүнө коңшулаш Украинадагы кырдаалга жана өзүн өлкөдөгү экономикалык туруктуулуктун кепили катары көрсөтө алганына байланыштуу.

“Батька” жекшемби күнү сүйлөп, шайлоо алдында болгон мыйзамсыз митингдердин катышуучуларына эч ким тийбегенин, ага ЕККУнун байкоочулары да күбө болгонун айтып, эгер Батыш кааласа, өз ара мамилени жакшыртууга “макулбуз” деди.

- Бул шайлоо биздин Батыш менен алакабыздын жакшыруусундагы бурулуш учур боло алат. Шайлоо алдында Батыш эмне тилек айтса, эмнени көрүүнү кааласа, биз баарын жасадык. Муну мен сиздерге ачык айтам.

Эксперттер “Батьканын” Батыш менен кызматташууну жакшыртуу ниети Беларустун финансылык абалына байланыштуу болгонун айтышат. Ал эми Лукашенконун өткөн жылы Москванын Крымды аннексиялоосун сындаганы, Чыгыш Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүсүн уюштуруусу, оппозициянын алты лидерине мунапыс берүүсү, Орусиянын аэробазасын курууга каршы чыгуусу анын Батыш алдындагы имиджин өзгөртүү аракети деп түшүнүшөт.

Евробиримдик эгер шайлоо өнөктүгү кезде саясый куугунтуктоолор болбосо, 140 беларус чиновнигине, ошондой эле Лукашенкого каршы санкцияны алып саларын билдирген.

Беларустагы президенттик шайлоонун корутунду жыйынтыгы 16-октябрда маалым болот.

XS
SM
MD
LG