Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Беларус Батыштан "өч алды"


Президент Александр Лукашенко.
Президент Александр Лукашенко.

Беларус бийликтери Батыш өлкөлөрүндөгү адам укуктарын талдаган алгачкы баяндамасын жарыялап, абалды "тынчсызданарлык" деп мүнөздөдү. Расмий Минсктин пикиринде, адам укуктарынын бузулушу өнүгүп келаткан мамлекеттер менен чектелбейт.

Беларус Тышкы иштер министрлигинин “Адам укуктарынын 2012-жылы айрым мамлекеттерде бузулушу” деп аталган баяндамасы Европанын 23 өлкөсүн жана АКШ менен Канаданы камтыйт.

Баяндама Беларустун элчиликтеринен, массалык маалымат каражаттарынан жана башка “ишенимдүү булактардан” жыйналган маалыматтардын негизинде даярдалган.

Тышкы иштер министри Владимир Макей документтин кириш сөзүндө белгилегендей, алардын иликтөөсүнүн максаты – адатта өздөрүн “өнүккөн демократия” катары сыпаттаган мамлекеттердеги адам укугун бузууларга, алар да эл аралык милдеттемелерин аткара албай жатканына көңүл буруу, “адам укугунун негизги бузуучулары - өнүгүү жолундагы өлкөлөр” деген түшүнүктү төгүндөө.

"Күлкүну келтирген документ"

Беларус бийлигинин Батыштагы адам укуктарынын абалына баа берген бул алгачкы баяндамасы анын дарегине АКШ менен Европадан буга чейин айтылып келген катуу сындарга жооп чарасы катары бааланууда.

Минсктеги журналист, “Беларус жана рынок” гезитинин саясий баяндамачысы Павел Быковский “Азаттыкка” буларды айтты:

- Принцибинде бул ички саясий жана пропагандалык эффект үчүн кандайдыр бир деңгээлде пайдасын бере алат. Анткени массалык маалымат каражаттарында, биринчи кезекте телеканалдарда бул кадам кандайдыр бир колдоо табышы ыктымал. Ал эми жалпысынан күлкүнү гана келтирет. Мен жана журналист кесиптештерим бул маалыматты көргөндө күлдүк.

Павел Быковский ушул тушта беларус абактарында эл аралык коомчулук тарабынан таанылган он эки саясий айыпкер бар экенин, алардын бирөө президенттикке талапкер болгонун эске салды.

Минскте иштеген дагы бир журналист, “Наша нива” гезитинин редактору Андрей Дыньконун пикиринде, өлкө бийликтеринин өз башындагы төөнү эмес, бирөөнүн башындагы чөптү көрүшү четте деле күлкү жаратат:

- Саясий айыпкерлери бар, бир адамдын идеологиясы мамлекеттин идеологиясы деп саналган өлкөнүн Германиядагы, Швециядагы адам укуктарынын абалы жөнүндө баяндама жазууга убакыт тапканына жол болсун. Бул жөн эле пропагандалык чара. Чет өлкөлөрдүн маалымат каражаттары муну мыскыл менен кабыл алышат. Дагы бир ирет күлкү болгудай жагдай жаратышты.

Баяндаманын басымдуу бөлүгү президент Александр Лукашенкону “Европанын акыркы диктатору”, Беларусту “авторитардык өлкө” деп атап жүргөн АКШга арналган.

АКШ

Минск Вашингтонду бир катар тынч демонстрацияларды, анын ичинде былтыр январда “Уолл Стритти ээле” кыймылынын Окленддеги акциясын күч менен таратканы үчүн айыптаган.

Баяндама авторлорунун эсебинде, демонстранттарды таратуу учурунда 400дөй киши кармалып, бир нечеси, анын ичинде боюнда бар аял жараат алган.

Оппозициячыл активисттердин соту, Минск, 15-март, 2011-жыл
Оппозициячыл активисттердин соту, Минск, 15-март, 2011-жыл
Беларустун Тышкы иштер министрлиги АКШны адам аткезчилигине каршы күрөшө албай жатканы үчүн сындап, жылына жашы жете элек 100 миңдей адам сексуалдык эксплутациянын курмандыгы болот деп ырастайт.

Баяндамада Вашингтон бир нече штаттын коомчулук өкүлдөрүнүн АКШдан бөлүнүү талабы айтылган каттарын карабай койду деп белгиленген. Беларустун Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, муну адамдардын “өз тагдырын өзү чечүү укугун” бузгандык катары эсептөөгө жарайт.

Европа

Беларус бийлигинин сынына Европа өлкөлөрү да кабылган. Маселен Франциянын былтыр жайда жүздөгөн цыгандарды Румыния менен Болгарияга депортациялашы бөлүп көрсөтүлгөн.

Ал эми Евробиримдиктин башкы кеңселери жайгашкан Бельгия адам укугун бузуу фактылары, анын ичинде былтыр апрелде НАТО каршы 500дөй демонстрантты камакта кармаганы үчүн айыпталган.

Мындан сырткары беларус баяндамасы Балтика боюндагы өлкөлөрдү этникалык орустарды кодулап жатканы үчүн сындайт. Анда камтылган өлкөлөрдөн алгачкы реакцияны Литва жасады.

Литванын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, документ өзү БУУнун адам укуктары боюнча атайын докладчысы менен кызматташуудан баш тарткан өлкө тарабынан даярдалганы, анын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалын анализдөө эч байланышы жоктугу, тарыхый жана башка шарт-жагдайларды туура эмес чечмелөөгө аракеттенгени айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG