Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Беларус президенти Батышты айыптады


Февраль айынан бери өлкөнүн бир катар ири шаарларында “бекерпоздордун салыгы” деп мүнөздөлгөн декретке каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгып жатышат.
Февраль айынан бери өлкөнүн бир катар ири шаарларында “бекерпоздордун салыгы” деп мүнөздөлгөн декретке каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгып жатышат.

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдөгү нааразылык акцияларына шыкак берди деп Батыштын чалгын кызматтарын айыптады.

20-мартта президент Александр Лукашенко өлкөнүн куралдуу күч түзүмдөрү менен өткөн жыйында сүйлөп, Батыш Беларустагы “бешинчи колоннага” колдоо көрсөтүү менен туруктуулукка шек келтирип жатат деп айтты.

- Азыркы кагылыштардын, тирештердин ыкмалары менен Беларустагы абалга шыкак бергендер тынчсыздандырат. Биздеги “бешинчи колоннага” батыштын фонддору, чалгын кызматтары колдоо көрсөтүү менен туруктуулукка шек келтирип жатат. Биз бул маселени чечебиз.

Президент Лукашенко кырдаалды жөнгө саларын, өкмөт жооп кайтарарын белгиледи. Бул өлкөдө март айынын башынан бери кармалган демонстранттардын саны 150дөн ашты. Алардын көбү 15 күнгө эркинен ажыратылган.

Лукашенко Батышты айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:22 0:00

Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Евробиримдик демонстранттарга жасалган мамиле боюнча Лукашенконун бийлигин сынга алып, тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Беларус эксперти Александр Класковский Лукашенконун акыркы билдирүүсүн чыныгы кырдаалды бурмалоо менен нааразычылык акцияларын басууга болгон аракет катары баалады.

- Бийликтегилер дайыма өзүнүн кемчилигин жабуу үчүн сырттан душман издей беришет. Бул көнүмүш эле адат, ыкма десек да болот. Европа, Евросоюз да Беларустагы нааразычылык акцияларына кийлигишүүгө кызыкдар эмес. Бул жөн гана бийликтин элди коркутуу ыкмасы. Жакында пландалган нааразычылык акцияларына элди чыгарбоо аракетин көрүп жатышат.

Митингдерге себеп болгон “бекерпоздор салыгын” жыйноо 2018-жылга чейин токтойт деген Лукашенконун билдирүүсү нааразылык толкунун баса албады. Өлкө батышындагы Слоним шаарында жекшембиде өткөн акцияга чогулгандар бийликтин салык эрежелерин гана сындабастан, жашоо-шарттын начардыгына даттанып жатышты. Араларында “президент акылдан адашты” деп айткандар да болду.

Февраль айынан бери өлкөнүн бир катар ири шаарларында “бекерпоздордун салыгы” деп мүнөздөлгөн декретке каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгып жатышат. Бул Беларустагы соңку жылдары байкалган эң ири элдик толкундоо катары мүнөздөлүүдө.

Беларуста каршылык акциялар уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG