2000-жылдардын башы болсо керек эле, “Асаба” гезитинде иштечүмүн. Бир күнү ыраматылык кожоюнбуз Мелис Эшимканов “Балыкчыдан кат келиптир, барып, изилдеп келесиңби?” деп айтып калды. Тапшырманы угарым менен жолго чыгып, ошол эле күнү жетип бардым.
Кат ээлери кыргыздын карапайым бир үй-бүлөсү экен. Ошол жылы 9-класстагы кызы ооруп калат. Эси чыккан ата-эне айылдык молдокеге дем салдырганы алып барышат. Ал молдо “кыргызчылыгы бар экен, макул көрсөңөр күнүгө өзү келип турганга уруксат бергиле”, - дейт. Жыландын башы кылтыйып турганын алактаган ата-эне кайдан билсин, макул болушат. Ошентип бир күнү кызынын ичи чоңоюп кеткенин көрүшөт.
Алты айында билиниптир. Өтө чоңоюп калган мезгил болчу. Мурдун шуу тартып коюп бурчта ыйлап отурган көчөт кыз менен алтымыштан ашкан “молдону” элестетип көргүлө.
Молдонун аты-жөнүн айтып, атургай сүрөтүнөн бери илип, бүт ашкерелемек болуп Бишкекке чамынып келгем. Макала гезитке даяр болгондо баягы кыздын улуу эжеси жалдырап, редакциянын босогосун аттады. “Чыгара көрбөгүлө, тигил молдо Бишкектен үй алып берип, кызыбызды өзү төрөтүп алам деп жатат, шерменде кыла көрбөгүлө” деп көзүнүн жашын көлдөтүп, башкы редакторго кирип жатып чыгартпай койгон.
Кийин окуя эмне болуп аяктады билбейм. Ал эми кызык деле эмес дечи.
Тек гана кечээ жакында диний лагер тууралуу окуп жатып, ошол окуя эсиме түшүп кетти. Молдого ишенип, кызы кош бойлуу болуп калганда башын ташка урган ата-энедей болуп, ошол ата-энелер диний лагерге берерин берип алып кийин бармак тиштебесе экен деп тиледим.
Лагерди ишке киргизгендер өздөрү айткандай, балдар куранды кенедейден үйрөнүп, арак ичпей, тамеки чекпей, жаман жолго баспай иншаллах деп уктап, иншаллах деп туруп калаар.
Бирок Сириядан келген маалимдин аларга эмнени үйрөтүп атканын ким билет? Мындай мыйзамы иштебеген, алсыз өлкөгө боло берет деп эртең дагы бирөө келип арабдаштырса, дагы бирөө келип талибдештирсе, дагы бирөө келип түрктөштүрсө келечегибиз кандай болот?
Бир убакта Осмон дөөлөтүн курабыз, жер жүзүн исламий мамлекетке айландырабыз деген түрктөр болгар баласын кантип тарбиялаганы, жыйынтыгында ал фанат исламчылдыкты баалабай койгон өз атасына кол көтөргөнү тууралуу кино бар эле. Ошондой чекке жетсек деле мейлиби?
Акыркы жылдары ансыз деле динге берилгендердин көргөзмөсү менен кыргыздын кан-жанына сиңген салтын жокко чыгарып, маркумду жаш чыгарбай, кошок кошпой, өкүрбөй узатууга өттүк. Кыргызга төбөсү көрүнгөн белгилүү адамдар да ата-бабадан калган комуз күүсүн, жакындарынын кошок аркылуу чыкчу коштошуусун укпай жерге берилген учурлар бар.
Дегеле жети-сегиз жаштагы балага диний түшүнүктү мээсине куюп, дүйнөдө андан башка билим, идеология жоктой тарбия берүүгө ким укук берди?
Ошол эле кээ бирөөлөрдүн куйкасын куюштурган Европа өлкөлөрүнүн бала тарбиялоодогу үлгү алчу жактары көп. Балалык бир жолу келет. Бала деген ойнош керек, окуш керек, дүйнө тааныш керек. Анан каалаган кесибин, багытын, идеологиясын бой жеткен кезде өзү тандап алмак.
Албетте, айрымдардын ата-энелери алыстадыр. Алардын жогунан пайдаланып, баланы ошол лагерге жөнөткөндөр - бери эле болгондо наристенин укугуна, баёо дүйнөсүнө бүлүк салып, бөтөн зордук жасап жаткандар.
Кийин ал балдар Индия Европада жайгашкан деп, Англиянын борбору кайсы экенин билбей туруп мага келип даават окуган бир таанышыма окшоп калбасын дейм.
Социалдык түйүндө отуруп алып кыргыздын байбичелери кийчү элечекти хиджабга теңеп, “ар ким өз деңгээлинде калчайт” деген белгилүү актрисага тийишейин же кийген хиджабына асылайын деген да оюм жок.
Тек гана, кырктан ашык түргө бөлүнгөн исламийлердин ошончо адамы келип диний лагер ачса, түбөлүк согуштан башы чыкпаган Ооган мамлекетине айланабызбы деп корком.
Эртеңки күнү менин кыздарым аба майдандан түшпөй жатып хиджаб жамынган өлкөгө айланууну каалабас элем.