Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

"Эртеңинен корккондор президент болбосун"


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Кыргызстанда экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору баштагыдан кыйла өзгөртүлүп, парламент аны экинчи окууда жактырды.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев кол тийбестик качан, кантип алынышы керек экенин «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.

«Азаттык»: - «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору экинчи окууга келгенде олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгонун айтып, авторлор өздөрү ага каршы добуш беришти. Кол тийбестикти алып салуу тууралуу демилге болгон менен экинчи окууда бул татаалдашып кеткен. Бул эмнеден кабар берет?

Бекбосун Бөрүбашев: - Исхак Масалиев «концепция өзгөрүп кеткен» деп айтып жатат. Мен да ошого кошулам. Ошондуктан ал каршы чыгып жатат.

Эгерде терең карай турган болсок, мыйзамдуулук жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргызстанда мыйзамдуулук барбы, аны ким бузат, мыйзамдар кандай деген маселе турат. Мында экс-президенттен кол тийбестикти алмак тургай кайра күчөтүп жатат.

Бул жерде катаны биринчи кезекте Конституциялык палата кетирип жатат. Анткени ал Баш мыйзамдын 97-беренеси боюнча үч гана убакта мыйзамга өзүнүн сунушун бере алат. Баш мыйзамга мыйзам туура келеби-жокпу, ошону гана айтыш керек болчу. Бул жерде Конституциялык палата ыйгарым укугунан ашып кетип «ушундай кабыл алгыла» деп жатат. Ошол эле учурда «кээ бир депутаттар Баш мыйзамды билбейт же билгиси келбейт» деп жатат.

Экинчиден, кол тийбестик деген эмне, ал кимге, качан берилет? Бизде абсолюттук кол тийбестик деген болбош керек. Анткени биз демократиялык мамлекетпиз, бизде республикалык түзүлүш. Ошол эле учурда кол тийбестик деген укук кызмат аткарган адамга берилет.

Баш мыйзамдын 60-беренесин карасак «президент - кыргыз мамлекетинин башчысы» деп турат. Ал эми 67-беренеде президенттин кол тийбестиги кантип алынары жазылып турат. Бул өзгөчө укуктук абал, мамлекеттик кызмат абалындагы кишинин ишин алып баруу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп коёт. Президент деген кызмат, ал ыйгарым укугун аткарыш үчүн кол тийбестик менен камсыз болот. Ал эми экс-президент деген кызмат эмес. Жөнөкөй тил менен айтканда ал пенсионер. Ошондуктан ага кол тийбестик берилбеши керек. Илимдин теориясы боюнча да карама-каршы келип жатат.

«Азаттык»: - Муну менен азыркы президент кийинкисин ойлоп, парламент да тапшырманы аткарып, «кол бала» болуп берди десек болобу?

Бекбосун Бөрүбашев: - Мен азыр укуктук жагын айтып жатам. Укуктук жактан экс-президенттер эч кандай кол тийбестик албашы керек. Анткени ал кызмат эмес. Ал эми саясий жагына келгенде, мамлекет башчысы президент болгондон кийин ал бүгүн иштейт, эртең кетет. Ар ким өзүнүн келечегин карайт. Кыргызстанда саясий система ушундай түзүлүп калган: ал кайсы бир адамдардын же бир топ адамдардын кызыкчылыгына жооп берип калган. Ошондуктан 2003-жылы Баш мыйзамга кирип кетип, экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам кабыл алынып калганы да ошондон. Бул жагынан алганда эң биринчи президентте саясий эрк болушу керек. «Эртең мен да кетем, туура эмес кылсам мыйзам чегинде жооп беришим керек» деп айтып коюшу керек эле. Аны депутаттар колдоп бериши керек болчу.

«Азаттык»: - Айрым депутаттар кол тийбестикти алып салууга каршы болуп, «муну менен президенттерди чектеп жатабыз» деп айтып жатышат. Ушул пикир туурабы?

Бекбосун Бөрүбашев: - Туура эмес. «Президент болом» деген киши өзү акыл-эси менен билип, жумуштун оордугун көрүп, сезип келет. Барып алып анан «эртең-бүрсүгүнү жооп берип калам» деген киши президенттик кызматка келбеши керек. Ата-бабабыз айткандай, «мамлекетти башкарам» деген киши башын канжыгага байлап коюп, «элим-жерим үчүн кызмат кылам» деп келсе эл кайсы гана убакыт болсо да ал кишини коргоп калат.

Азыр «президент коррупция менен күрөшө баштады, анын душмандары көп болот, бул киши кеткенден кийин ар кандай кысымга туш келет, ошон үчүн кол тийбестикти калтыралы» деп айтып жатышат. Кыргызстанда төрт адамды президент кылып шайладык. Экөө коррупцияга малынганынан качып жүрөт, бирөө үйдөн чыга албай отурат. Эгер ушулардын жүзү жарык болсо, мыйзамды бузбаса эл дайыма коргойт. Турдакун Усубалиев 25 жыл башкарды. Өмүрүнүн аягына чейин эл аралап эле жүрдү го, жүзү жарык...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG