Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Рохрабахер: Радикалдуу ислам - чекеге чыккан чыйкан


Республикачыл конгрессмен Дана Рохрабахер Москвадагы АКШ элчилигиндеги маалымат жыйынында сүйлөп жатат. 2-июнь 2013
Республикачыл конгрессмен Дана Рохрабахер Москвадагы АКШ элчилигиндеги маалымат жыйынында сүйлөп жатат. 2-июнь 2013

АКШнын чалгындоо кызматтарын Бостон марафону кездеги бомба чабуулунун алдын алуу үчүн жетишсиз аракеттенген деп күнөөлөгөнгө негиз жок.

Мындай тыянакка АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Орусияда болуп, тийиштүү материалдар менен таанышкандан соң келишкен.

15-апрелде Кошмо Штаттардын Бостон шаарында марафон кезде болгон жардыруудан үч адам апаат кетип, 260тан ашуун адам жараат алган. Америкалык тергөөчүлөрдүн билдиришинче, бомбаны теги орусиялык, улуту чечен ага-ини Царнаевдер жардырган.

Кандуу окуядан кийин Орусиянын коопсуздук кызматтары 2011-жылы Кошмо штаттагы кесиптештерине эки бир туугандын улуусу - Тамерлан Царнаевдин ислам радикалдары менен байланышта болушу мүмкүн экенин эскерткени жөнүндө маалыматтар чыккан. Ошондой эле АКШнын Федералдык чалгындоо бюросу 2012-жылы Дагестанга барган Тамерланды суракка алып, ошо боюнча аны көз жаздымынан чыгарып койгону айтылган.

Ушундан улам кээ бир америкалык саясатчылар АКШнын чалгындоо кызматтарын - Царнаевдердин коркунучун туура баалаган эмес, Орусиянын тийиштүү кызматтары менен жакшылап кызматташкан эмес деп сындап жатышкан. Бул кеп-сөз канчалык жөндүү экенин парламенттик деңгээлде даректөө үчүн Москвага АКШ Конгрессинин алты мүчөсү келген.

Алардын бири - Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Дана Рохрабахер жекшемби күнү, Москвадагы АКШ элчилигинде кабарчылар менен кездешүүдө өлкөнүн чалгындоо кызматтары орусиялык коллегалары менен кызматташтыктын абалына жараша байланышканына токтолуп, алар берген маалымат чабуулду токтотуу үчүн жетишсиз экенине ишара кылды.

Мына бул нерсе жасалыптыр, бөлөкчө жасалыптыр, алдын алса болмок экен деп, бетке туткандай өзгөчө эч нерсе жок, - деп билдирди Дана Рохрабахер. - Бирок эгер эки арадагы кызматташуу жогорку деңгээлде болсо, жалпы жагдай башкача болмок. Биз болтурбай койчу иштердин бири болмок деп ишенем”.

Москвадагы АКШ элчилигинде болгон маалымат жыйынына голивуддук кино жылдыз Стивен Сигал да катышты. Алты конгрессмендин Орусияда болгон кездешүүлөрүн, анын ичинде Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчилери менен сүйлөшүүсүн ал уюштурду. Таанымал кино актёр быйыл мартта президент Путин менен жолугуп кеткен жана жакында Грозныйга барып, Чечен президенти Рамзан Кадыров менен кездешкен.

Дана Рохрабахер АКШ-Орусия ортосундагы кызматташуунун абалы “ынангыс” начар экенин белгилеп, эгер эки мамлекеттин коопсуздук кызматтары тыкыс кызматташкан болсо, Бостон марафону кездеги бомба чабуулунун алдын алып, болтурбай коюу мүмкүн эле деди.

Калифорниялык республикачы өз сөзүндө радикалдуу ислам Америка жана Орусияны “кекиртектен муунткан” проблемага айланганын да баса айтты:

- Радикалдуу ислам Кошмо Штаттардын чекесине чыккан чыйкан болду жана Орусия элинин чекесине чыккан чыйкан болууда. Биздин коопсуздугубузга жана байгерчилигибизге Кытайдын коркунучу өсүүдө. Ал сыягы дүйнөдөгү бардык балакеттүү режимдер менен союздаш болууда жана өзүн Орусия менен Америка Кошмо Штаттарына каршы коюуда. Биздин жыргалчылыгыбызга чоң коркунуч жаралууда жана биз мурдакыдан да эриш-аркак иштешүүбүз абзел.

19 жаштагы Жохар Царнаев азыр камакта. Эгер айыбы ырасталса, өлүм жазасына тартылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG