Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Британ басылмалары: Блэр туура чечим кабыл алганына ишенет


Мурдагы британ өкмөт башчысы Тони Блэрдин көрсөтмө берген учуру сыналгы каналдардан көрсөтүлдү. Лондон, 29-январь, 2010-жыл.
Мурдагы британ өкмөт башчысы Тони Блэрдин көрсөтмө берген учуру сыналгы каналдардан көрсөтүлдү. Лондон, 29-январь, 2010-жыл.

Британияда мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин Ирак согушун териштирүү үчүн түзүлгөн комиссияга берген көрсөтмөлөрү байма-бай комментарияланып жатат.

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Ирак согушунун себеп-жөнү жөнүндө суроолорго буга чейин да жооп бергени менен, жума күнү (29-январда) ал 6 саат бою комиссиянын алдында түшүндүрмө берип, анын жооптору коомчулуктун кызыгуусун жаратты.

Британиянын маалымат каражаттары негизинен Блэр 2003-жылы Иракка аскерлерди жиберүү чечимин мүдүрүлбөй, такалбай, жакшы коргоду, ал туура чечим кабыл алганына ишенээрин көргөздү деп жазып чыгышты.

Көпчүлүк гезиттердин пикиринде, Блэр өлкө тургундары терс көрүнүш катары баалашкан жана ал үчүн жоопкерчиликти экс-премьерге жүктөшкөн чечимге байланыштуу эч өкүнбөгөндөй көрүнөт.

Ирак урушунда курман болгон британиялык жоокерлердин жакындары Блэрдин комиссия алдында сүйлөгөнүн чогуу отуруп көрүштү. 24 жаштагы баласын жоготкон Тереза Эванс Блэрдин жоопторуна ачууланганын жашырган жок:

- Бир жеринен ал күлүп жиберди. Жылмайып, күлдү. Эне катары бул мага катуу тийди, бул жерде канчалаган аталар, апалар, эжелер, агалар отурушат. Бүгүнкүдөй сүйлөйм деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок айтчу сөздү айтуу зарыл. Эмки муунга, кийинки муундарга айтып калыш керек. Себеби бизге азыркыдай мамиле кылган премьер-министр өлкөбүздө болбош керек.

Блэр согуш британ коомунда ушундай карама-каршы пикирлерди жаратканына өкүнөөрүн билдирди. Өз кезинде Иракка аскер жиберүү чечимине байланыштуу өлкөдө ири нааразылык чаралары өткөн.

Бирок калган негизги суроолорго "ал күтүлгөндөй эле жоопторун кайтарды", деп жазышат британ гезиттери.

Блэр АКШнын ал кездеги президенти Жорж Уокер Буш менен эч кандай жашыруун келишим түзүлбөгөнүн, Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралы бар деп өзү деле чындап ишенгенин айтты.

The Independent басылмасынын көз карашында, комиссия мүчөлөрү экс-өкмөт башчыга өтө жумшак мамиле кылышты.

"Мүчөлөрдүн бири да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө карабай, аны жарга такоого батына албады", деп жазат гезит.

Гезиттердин көбү Блэр комиссиянын маңдайына отуруп алып, акыл үйрөткөндөй таасир калтырды дешет.

The Guardian болсо Блэр мырза неоконсерватизм боюнча дарс окугансып отурду деп жазат.

Парламенттин чечими менен түзүлгөн комиссия алдында буга чейин өлкөнүн мурдагы тышкы иштер, коргоо министрлери, премьердин коопсуздук боюнча кеңешчиси, башкы прокурор жана башкалар көрсөтмө беришкен.

Комиссияга азыркы өкмөт башчы, ал кезде каржы (финансы) министри болуп турган Гордон Браун да чакырылышы ыктымал.

Бирок комиссия төрагасы Жон Чилкот "бул – сот эмес" деп, эң башынан эле эскертип келатат.

XS
SM
MD
LG