Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Тереза Эне ким эле? 8-март азилдери


Эл аралык аялдар күнү да азилсиз өтөбү!  “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили.

* * * * *

–– Жогорку Кеңеш 8-мартка карата айымдар үчүн жакшы белек дайындады.

–– Кандай белек экен?

–– Эми жаңы мыйзамга ылайык айымдар ар дайым “жашым 18де” деп айта алат.

* * * * *

–– Мен сырдуу СМС алдым: “Ирина, 8-мартка сага эмне алып берейин: автоунаабы же кундуз тонбу?”

–– А сен эмне дедиң?

–– Эмне демекмин? Мен –– Светамын да!

* * * * *

–– Дүйнөдөгү эң бечара, байкуш, эч нерсени билбей турганын аңдаган, өзүнүн барып турган мажүрөөлүгүн сезген пенде ким?

–– Ал –– 8-мартка белек кылуу үчүн атыр тандай албай жаткан эркек.

* * * * *

7-мартта керээли кечке гүл сатып отурган апасына уулу келип сурап калды:

–– Апа, бизге дүйнөдөгү таанымал аялдар жөнүндө үй тапшырма беришти. Бир суроосу “Тереза Эне деген ким?” деген суроо экен. Билесизби?

–– Билем, уулум. Ал –– Клара Цеткин.

* * * * *

Мурдагы Советтер Биримдигинде 8-март күнүнө карата чыгарылган орусча ураан. 1932-жыл.
Мурдагы Советтер Биримдигинде 8-март күнүнө карата чыгарылган орусча ураан. 1932-жыл.

–– Жаным, кардым ачты! Чарчадым! Тамагың барбы?

–– Бүгүн эмне олуттуу иш кылдың, жаным? Келчи, калпагыңды илип коёюн...

–– Жанагы 8-мартка демонстрацияга чыккандарды кубалап жүрүп суй жыгылчудай болдум...

–– Апе-ей, сен да алиги “чоролордун” арасында барсыңбы? Анда бүгүн сага тамак жок!..

* * * * *

–– Чоң эне, 8-мартың менен куттуктайм! –– деп небереси чоң энесине келип, ата-энеси жаттаткан сөздү айтты.

–– Тентегим, рахмат! Анан мага эмнени каалайсың!

–– Мага сонун элесепет алып беришиңди каалайм!

* * * * *

–– Жаным, мага 8-мартка алтын сөйкө албай эле койчу?

–– Эмне, автоунааны дагы бирдемке кылып салдыңбы?

* * * * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG