Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Мандем эмес - тандем!


Кимбайке тарткан азил сүрөт. 2010.
Кимбайке тарткан азил сүрөт. 2010.

“Күлкү кербени” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы үй-бүлөдөгү кайчы пикир жөнүндө юмордук аңгемени камтыйт.

Жубайым дайыма эле кан какшап айта берет: “Сен мага оппозиция болоюн деп төрөлгөн жансың го дейм. Сөзсүз тетирисинен айтасың да, турасың!” деп. Албетте, мындай фактысы жок жалааларга мен моюн сунбайм.

Бир жолу жаңы керебет алуунун чечтик.

- Терезеден алыс коёлу ээ, жаным! –– аялым суроолуу карады.

- Жок, керебетти терезенин түбүнө жакын коёлу! –– дедим.

Дагы бир жолу аялым:

- Мына, өлбөгөн жанга жаз келээр дегендей, көктөм да келди. Төркүндөрүмдүкүнө барып учурашып келели! –– деди.

- Туура айтасың. Бирок оболу төркүндөрүңдүн куда-сөөгүнө башпаксак жакшы болмок...

Деги, өзүм деле “аялыма атайын каршы сүйлөйүн” деп деле ойлобойм. Жагдай өзүнөн өзү жаралат да, калат!

Бир жолу унаабызды кимдир-бирөө артыбыздан келе жатып сүзүп алды. Мен автоунаадан чыгып, тигил айдоочуга жолугуп, кайра кайттым.

- Камсыздандырылгандарданбы? –– деп аялым сурап калды.

- Камсыздандырылбагандардан тура! –– деп жооп узаттым.

Аялым эл катары Ханты-Мантийск шаарындагылар кышкы ызгаар суукта кийчү кооз кундуз тон сатып алгысы келип калды. Мен тундрадан эки миңден ашуун чакырымдай түштүгүрөөктө жашаган Бишкектин эли катары “жылуу пальто менен чыгуу деле ылайык ко, анын үстүнө кыш мурдагыдай суук болбой калды; планетанын ысышы менен климаттык жана экологиялык жагдайыбыз начар жагына өзгөрүп, континенталдык климатыбыз тропикалыктардыкына окшоп баратпайбы, болбосо тон деле алат элек да! Анын үстүнө кундуздар да аянычтуу!” деген олуттуу экологиячыл жүйөнү ортого салдым.

Бир күнү жарым ар бир балабызга өзүнчө сапаттуу уюкфон алып берели деп чыкты. Мен орток колдонулган компүтер эскиргенин айтып, андан көрө Интернетке вай-фай менен байланчу телевизор алалык деген сунушту жылдырдым. “Анын үстүнө мындай телевизор аркылуу эл аралык футбол мелдештерин үйдө эле чогуу көрө алабыз”, деп чыктым.

Ушундай учурлар көбөйө берди да, бир күнү аялым чечкиндүү айтты:

- Ушу сен башка бирөөнү сүйөт окшойсуң. Кел, ажырашабыз! –– деди.

- Ушу мен эле сенден башка бирөөнү сүйгөнгө жарамак белем? Ажырашпайбыз!

- Бир сөз айтсам, дароо эле тетирисин айтып чыга каласың да! Биздин никебизде мандем бар! –– деди жубайым.

- Оозумду ачсам эле ушундай сөз чыгып кетип жатпайбы! Биздин никебизде тандем бар! - деп жооп узаттым да, башты жаш театр өнөрпозу алгачкы жолу маанилүү ролду аткарып жаткандай шылкыйттым.

Жарым болсо “бырс” эте күлүп, кайра мени кучактап калды...

Бул акыбалыбызга биз эмес, жан дүйнөбүздүн алиги кытайлыктар жазып жүргөндөгү “ин” менен “ян” сыяктуу бир алкак ичинде күзгүдөн өзүн көргөндөй тетириленишип, бирок бир бүтүндүктү түзүп калган кош бөлүгү күнөөлүү го деп ичимден ойлодум.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG