Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Аалым Алмазбек Акматалиевдин азилдери


Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

“Күлкү кербен” кыргыз айдыңдары айтып жүрчү тамашалуу кептер тууралуу түрмөгүн улантат. Бул жолу Кыргызстандагы белгилүү агартуу ишмери, философ, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айткан азил кептерден бир шиңгил сунуштайбыз.

* * * * * * *

Карапайым атуулдар мурдагы бир президенттин сыналгы каналына курган соңку маегин кызуу талкуулап жатып калышыптыр.

Бул маекте мындайча сүйлөм бар экен: “Кудай мага айтып атат: “Эй, пендем, мынабуну көрдүңбү?” деп...”

Бул жаатта бир кесиптешим бүгүн минтип айтып калса болобу: эгерде сен кудайга кайрылып сүйлөшсөң, анда бул – дин болот. А непадам кудай сага кайрылып сүйлөшүп калчу болсо, анда бул – оорунун нагыз белгиси!

Ойлонуп көрсөм, өтө кылдат айтылыптыр!

* * * * * * *

Бүгүн бир таанышым күлдүрдү.

“Өткөн доордо эски телевизорлордун каналдарды которчу тетиги сынып калып, далай ирет аттиштин көмөгү менен улам жаңы каналга которчу элек” деген сөз болуп калды.

Анда, ал айтат:

– Атаңгөрү, азыркы аттиштин наркы 600 доллар туруп, ошол телевизорлордун өзүнөн үч эсе кымбат болуп калбадыбы! – деп...

* * * * * * *

Нарындык бир Төлөнчө деген киши болгон экен. Бою – араң 150 см, салмагы – 55 килограмм.

Согуштун убагында аскердик комиссариатка чакырылып, “согушка кетесиң” деп жолдомо алып, күч-кубат арттырчу “беркиден” жутуп алып, үйүнө барат.

– Эй, байбиче, азык-түлүк, кийим-кече даярда, мен согушка кетмей болдум! – дейт.

Байбичеси толук, бою узун, олбурлуу аял экен.

Күйөөсүнүн бакылдап атканын көрүп, колун бөйрөгүнө таяп алып, байбичеси айтат дейт:

– А-а, өлүгүңдү көрөйүн, ушу сага күнү түшүп калса, анда Кызыл аскердин деле шайы кетип калган го?

* * * * * * *

Жакырчылык жөнүндө

Мындан бир топ жыл мурун Дүйнөлүк Банктын бир адиси менен маектештип калдым. Өзү банктын жакырчылыкты иликтөө боюнча адиси экен.

– Эң жакыр деген райондун эң жакыр үй-бүлөсүн көрөйүн деп бардым. Эски үй экен, телевизор, муздаткычы бар. Менчик огороду – бир 80 сотых болот. Андан тышкары 8 гектар жери – суу баскан жайыкта, 10 гектар жери кайракы талаада экен. Эски "Жигулиси" турат короосунда, анан тышкары трактордун прицеби, 10 кой, бир уй, бир жылкысы бар экен. Тамагы: сары май, боорсок, куурулган картөшкө, айран, сүт... Эки баласы мектепке барат экен, эки баласы Бишкекте университетте окушат экен..., – деп кобурап отурду.

– Эмне ойлондуң? – дедим.

Ал айтат:

– Биздин Дүйнөлүк Банктын методикасы боюнча мындай үй-бүлөнү “жакыр” деп айта албайбыз. Жакыр деген мына Индияда, Пакистанда, Египетте, Ооганстанда, Африкада: үйү жок, жумушу жок, эч билими жок, эч менчиги жок, ачка, суу жок, биттеген... Силердики жөнүндө эмне деген баяндама жазам деп башым маң!..

Коштошуп жатып тамашалап койдум:

– Дэвид, сен барган үй-бүлө сенден бир сырын жашырып коюптур! Жанагы сен көргөн жакыр үй-бүлөнүн .... Бишкекте бир-эки бөлмөлүү үйү бар, – десем:

– Оо кокуй десе! – деп кол шилтеп алып узады.

* * * * * * *

Атеисттик доор

КПССтин бир райондук комитетинен чиркөөгө шашылыш телефон чалып калышыптыр.

– Абакебай, жардам бергиле, бизге отургучтарыңардан бере тургулачы! Эртең райондук партиялык жыйналыш өткөрөт элек!..

– Өткөндө эле силерге отургучтарды бергенбиз. Анан ал отургучтардын артына уят сөз жазып салыпсыңар. Бербейбиз!

– Эгерде отургуч бербесеңер, анда чиркөөдөгү хорго пионерлерди жибербей койобуз!

– Эгерде пионерлерди чиркөө хоруна жолотпой койсоңор, анда кечилдерибиз коммунисттик ишембиликке чыкпай коюшат!

– Андай болсо, чокунгандардын жүрүшүнө комсомол мүчөлөрүн катыштырбай салабыз!

– Ошондойбу! Зыяратка комсомолдорду катыштырбай салчу болсоңор, анда кечил айымдарды саунага жиберүүдөн баш тартабыз!

– Абаке, мындай коркутуп-үркүтүүңүз үчүн партиялык белетиңизди үстөлгө таштап калып жүрбөңүз!..

* * * * * * *

(TT)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG