Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:21

Футбол жана азилдер


Дарбаза. 27.3.2018
Дарбаза. 27.3.2018

“Күлкү кербендин” бул жолку чыгарылышы футбол жаатындагы азилдерге арналмакчы.

* * * * * * *

— Астрологдор менен көзү ачыктардын ишпалдасы чыкты да калды!

— Эмнеге антип ойлойсуң?

— Алар акыр заман качан келээрин күнү, сааты менен “так айтышчу” эле, эми дүйнөлүк футбол чемпиондугунда эч бир жоромолдору ордунан чыкпай, кесипкөйлүк кризиске батып жатышат.

— А-а... Бирок мен так айта алам. Жакындатып...

— Кана, айтып көрчү.

— Бүгүн же хорваттар жеңет, же франсуздардын курамасы жеңет!.

— Баракелде!..

* * * * * * *

— Ким жеңсе деп ойлойсуң?

— Албетте, Орусиянын курамасы Хорватияны жеңсе деп турам?

— Эмнеге?

— Орустар – славяндар да.

— Хорваттар деле славяндар.

— Г-мм, бирок орустар христиандар да.

— Хорваттар деле католик славяндар. Алар деле христиандар.

— Мага православдар жагат.

— А сен өзүң бишкектик мусулмансың да!..

— Албетте. Жөн турчу, футболду саясатташтырбай эле көрөлүкчү.

* * * * * * *

Орусиянын курамасы – кудум эле тентек студенттей.

Ал сынакка (дүйнөлүк чемпиондукка) конок ээси катары катышып, бирок сабакты экиге билээрин көрсөттү (текшерүү матчтары), анан эптеп “3” деген баага жеткиси келди (өз тобунан алдыга чыгуу далаалаты), андан соң капысынан “4” алып калды (Испаниянын курамасын жеңгендиги), бирок эмнеге “5” деген бааны койбой коюшканына (жарым финалга чыгууга жолдомо албаганына) бул студент өзгөчө капа болуп турат.

* * * * * * *

11-июлда бир франсуз менен бир англис күйөрманы Маскөөдө ресторанда кезигип калышат.

— Бүгүн биз Хорватиянын курамасы менен ойногон жатабыз, — дейт англис.

Ага франсуз таң кала карап:

—Опе-ей, чын элеби? Ал эми 15-июлда биздин курама хорваттар менен таймашканы жатпайбы!..

* * * * * * *

— Сиз Италиядансызбы?

— Ооба.

— Курамаңардын дайны чыкпай калды го. Бүгүнкү финалдык оюнду көрүүгө эмне үчүн келдиңиз, деги?

— Бүгүн байыркы Рим мамлекетинин эки оторлук жайынын калктарынын курамалары беттешкен жатат, ошого келдим!

* * * * * * *

— Хорватиянын курамасынын коргоочусу Вида “Жаша, Украина!” дей салды эле, дароо эле хорваттардын күйөрмандарына дүйнө жүзүндөгү 45 миллиондой украин кошулду.

— Ошондо ал “Жаша, Кытай!” деп кыйкырса эмне болмок?

Орусиялык карикатурадагы текстте: "Петрович, деги топту көргөн жоксуңбу?" деп жазылган. Булак: erudit-menu.ru. 2018.
Орусиялык карикатурадагы текстте: "Петрович, деги топту көргөн жоксуңбу?" деп жазылган. Булак: erudit-menu.ru. 2018.

* * * * * * *

Бир футболчу о дүйнөгө жол тартыптыр.

Анын жаны кыл көпүрөнүн жанындагы кайсы-бир дарбазанын алдына келет да, алдынан Жебирейил чыгат экен.

— Жарык дүйнөдө ким болдуң эле? — дейт Жебирейил.

— Футболдо чабуулчу болчумун, - дейт суракка жаңы келген жан. — Деги, өзүң кимсиң?

— Чабуулчу болгон болсоң, мен — азыр деле дарбазачымын, — дептир Жебирейил.

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG