Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Тажик аалымдары "Виаграга" уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Аалымдар кеңеши эркек кишинин бел күчүн ашыра турган дары-дармектерди пайдаланууга уруксат берген фатва чыгарды.

Бирок имамдар аны үй-бүлөлүү эркектер гана дарыгердин сунуштамасы менен колдонушу керек экенин эскертти. Молдолордун айтымында, шарият бойдок жигиттерге же жөн эле кызык көргөндөргө “Виагра” сыяктуу дарыларды колдонууга тыюу салат.

Тажикстандын Ислам борборунун фатва башкармалыгынын адиси Абдулвохид Хомидовдун айтымында, жашоочулар аалымдар кеңешине эркек кишинин бел кубатын көтөрө турган дарыларды колдонуу боюнча кайрылып, "Шариятка дал келеби же жокпу?" деп суроо салышкан.

- Адистерибиз диний адабиятты окуп, эгер эркек киши жыныстык жактан алсырап баратса, күч-кубат берген дарыларды иче берсе болот деген тыянакка келишти. Үй-бүлөнү бекемдөө зарылчылыгынан улам керек болуп калса, шарияттын, өзгөчө биздин ханафи мазхабынын көз карашында бул сыяктуу дарыларды колдонууга уруксат берилет. Бирок үй-бүлөнү бекемдөө максатында дегенде, албетте, бул жерде аны колдонууну дарыгер сунуш кылса жана ал ден соолукка зыяны тийбесе гана уруксат. Ал эми жөндөн-жөн эле кызыккандарга же бойдокторго бул дарыларды колдонууга болбойт. Диндин көз карашынан алганда, аларга колдонууга тыюу салынат.

Эркектик алсыздык жана импотенция консервативдүү тажик коомунда уят көрүнүштөрдүн бири катары кабыл алынат. Аял кишилердин же коомдун алдында басынып калбашы үчүн эркектер анысын билдирбегенге аракеттенишет.

Дин аалымдарынын жыныстык кубатты күчтөндүрчү дары-дармектерди колдонууга уруксат берүү чечимине тажик мырзаларынын пикирлери ар башка:

- Ар бир эркек өзүнүн табигый күч-кубатына таянышы керек. Ал эми бел күчү азайганда ага эч кандай дары жардам бербейт деп ойлойм.

- Дарынын баары - химия. Алар эртеби-кечпи ден соолукка зыян. Ал эми зарылчылык болуп калса, анда элдик медицинанын жолдорун карап көргөн оң. Мисалы, дары чөптөр, бал, жаңгак, бадам, мисте эркектин күчүн арттырат.

- Молдолордун уруксатынан тышкары, дарыгерлердин да сунушу керек го. Алар да уруксат берсе, анда менимче колдоно берсе болот. Мен мындан эч кандай проблема көргөн жокмун.

Тажик эркектери элдин менталитетинен жана калыптанган көз караштан улам жыныстык саламаттыгы алсыраган учурда дарыгерге барышпайт. Алар көбүнчө дары-дармекти тааныштарынын сунушу менен сатып алып, өз алдынча дарыланышат.

Тажикстандык уролог Парвиз Икромдун буга чейин билдиргенине караганда, өлкөдө импотенциядан адатта 50 жаштан өткөн эркектер жапа чеге баштайт. Бирок дарыгер акыркы кезде жаштар да эркектик шабатты козгоочу дары-дармектерди колдонуп, ден соолугуна зыян келтирип жатышканына токтолду:

- Эркектик чабалдыктан такыр жабыр тартпаган эле кээ бир жаштар бизге ушул маселе менен кайрылышат. Бул көбүнчө психологиялык мүшкүл, бирок алар дароо эле эмне кылыш керек экенин сурашат. Албетте, биз аларды текшерип, себебин билип, эгер дарты болсо карайбыз. Бирок айрымдарына "сенде эч кандай маселе жок, баары жайында" деп айтсаң да ишенбейт.

Тажикстандык дарыгерлердин айтымында, жаштар акыркы кезде бел күчүн арттыра турган дарыларды көп алып жатат. Адистер дарыларды ашыкча же туура эмес колдонуу ден соолукка зыян экенин эскертишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG