Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Борбор Азия коопсуздугу коркунучта


Чек арада тынчтык жоголду
Чек арада тынчтык жоголду

Майдан бери Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда куралчан топтор менен байланышкан окуялар Борбор Азиядагы коопсуздукту коркунучка кептеди. “Сакалчандардын” бул жолку чабуулдарына эмне себеп болду?

Акыркы айларда Борбор Азияда коопсуздук күчтөр менен куралчан топтордун урушу тууралуу жаңылыктар биринин артынан экинчиси айтылып жатты. Майдын аягында өзбек-кыргыз чек-арасында атышуу болду, Ханабад шаарындагы милициянын бөлүмүнө чабуул жасалды, анын артынан 2005-жылдагы массалык кыргындын кесепетин дале унута элек Анжиянда жанкечтинин жардыруусу болду.

Чек араны бойлой кыргыз коопсуздук кызматынын аскерлери операция өткөрүп, анда 11 адам өлгөнү кабарланды.

Ал аралыкта Тажикстан майда баңгиге каршы масштабдуу операциясын өткөрдү. Жумурияттын чыгыш тарабында куралчандар менен милиция эки башка жерде атышты. Өзгөчө Тавилдара аймагындагы уруш жөнүндө көп айтылды, анткени ага Тажикстандын мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзо Зиеев да катышкан эле.

Экс-министр-жикчи...

Зиеев 90-жылдардагы граждандык согуш учурунда Бириккен Тажик Оппозициясынын талаа командирлеринин бири болчу. 1997-жылы курал таштоо боюнча жетишилген келишимдин негизинде министр болуп калган. Министрлик 2006-жылы жоюлуп кетти. Маалыматтарга караганда, Зиеев Тавилдарада белгилүү молдо Абдулла менен болгон экен. Абдулла өзү - өтө радикал исламчыл жикчилерден. Ал 2000 жылы Ооганстандагы талиптерге кошулуп кеткени айтылат. Кийин ал камалган дешти эле, тавилдаралык тургундардын айтымында, антпей эле ал Ооганстандан кошумча 100 куралчан жикчи менен кайра Тажикстанга келген имиш.

Мирзо Зиеев
Өткөн аптанын ишембисинде Тажикстандын ички иштер министрлиги өкмөткө каршы аракет көрөм деген Зиеев кармалды деген болчу, бир күн өтпөй аны өзүнүн эле жикчилеринин арасындагы санаалаштары атып кетти дешти. Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинин өкүлү Мухаммаджон Назриев: “Сурхоб өрөөнүнүн Агба айылында операция болуп жаткан кезде мыйзамсыз куралчан топ чабуул жасап, Мирзо Зиеевди өлтүрүп кетти. Андан сырткары, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин бир топ офицерлери жаракат алышты”, - деди Назриев.

Тажик бийликтери ал куралчан топтор Өзбекстан Ислам Кыймылынын адамдары экенин, Абдулло Ооганстандан кайра Тажикстанга кайтып келишине да ушу кыймыл жардам бергенин айтып чыкты. Абдулло граждандык согуш учурунда Тажикстандын Бириккен Оппозициясында, кийин 1999-2000-жылдары Кыргызстандын Баткен облусуна чабуулду уюштурган Өзбекстан Ислам Кыймылынада да болгону айтылат.

“Сакалчандардын” жаңы толкуну

Өткөн аптанын шаршембисинде тажик милициясы белгисиз куралчан топ менен атышканы кабарланды. Биздин Тавилдарадагы кабарчыларыбыз акыркы күндөрү шаарда сакалчан куралчандар көбөйүп калганын айтып жатышат.

23-июнда болсо Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү Өзгөндө азыр эле аты аталган Өзбекстан Ислам Кыймылынын кеминде тогуз мүчөсүн жок кылганын кабарлашты. Ал жөнүндө Жалал-Абад облустук бийлигинин расмий өкүлү Орозали Карасартов журналисттерге: “22-синен 23-нө караган түнү Өзбекстандын Ислам Кыймылынын мүчөлөрүн аныктап, аларды кармоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Алар каршылык көрсөтүп, ок атышуу болду. Анын натыйжасында укук коргоо органдарынан бир адам каза болгон, бир адам оор жараат алган”, - деген эле окуя болгондун эртеси Карасартов.

Бул окуя Ханабадда милициянын бөлүмүндө, кийин Анжиянда жардыруу болгондон бир ай өткөндөн кийин орун алды. Өзбек бийликтери ага байланыштуу 10 адам камакка алынганын кабарлашты.

Каяктан, эмнеге?

Дегинкиси, Борбор Азия региону 2001-жылы аймакка америкалыктар келип, аскерлерин жайгаштыргандан бери тынч эле болуп келген эле. Бирок ошол учурда Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймактарына качып кеткен Өзбекстан Ислам Кыймылынын согушкерлери бир күн болбосо, бир күн регионго кайра келиши мүмкүн деген кооптонуу бар болчу.

Азыр эми ушу күндөрү Ооганстандын түштүгүндө америкалык жана британ аскерлери талиптерге каршы алкактуу операциясын өткөрүп жатканда, берки жикчилер кайра Борбор Азияга кайтып келе башташкан өңдүү.

Өзгөндөгү атышуудан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG