Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:11

Бүгүнкү Борбор Азияда алгачкы 1897-жылкы падышалык Орусия кезиндеги жалпы эл каттоодон кийин жергиликтүү калктын саны 1926-жылы эсепке алынган. Чөлкөмдөгү демографиялык жана этностук каттоо тарыхына арналган экинчи берүү.

Совет өкмөтү тарабынан 1926-жылы жүргүзүлгөн өнөктүктө Орус империясы кезиндегидей эле элдин этносун (улутун) аныктоо саясий кызыкчылыкка ылайык жүргүзүлгөн.

1897-жылы падышалык Орусия империясы тарабынан жүргүзүлгөн бирден-бир эл каттоо боюнча Түркстандын же бүгүнкү Борбор Азиянын түпкүлүктүү элдеринин курамы мындай эле:

Кыргыз-кайсактар – 1,9 миллион, сарттар – 970 миң, өзбектер 730 миң, түрктөр 400 миң, тажиктер 350 миң, түркмөндөр 250 миң, кыргыздар- 200 миң.

1926-жылы болсо совет өкмөтү өткөргөн эл каттоодо Борбор Азиянын түпкүлүктүү элдеринин курамы өтө олуттуу өзгөрүп, жаңы улуттар пайда болот.

Биринчиден, 968 655 сарт эл санактан дайынсыз жоголот.

Экинчиден, өзбектер жана тажиктер мурдагыдай эле аталса, кыргыз-кайсактар “казак” деп, кара-кыргыздар “кыргыз” деп жаңыча аталат.

Үчүнчүдөн, кыпчактар, кашкарлыктар, таранчылар, уйгурлар, курамалар, ногойлор, перстер, ойроттор, Фергана жана Самарканд түрктөрү жана осмон түрктөрү өз алдынча улут деп көрсөтүлөт.

Белгилей кетчү жагдай - кашкарлык же кашкары, таранчы, уйгур - бул аталыштын баары кийинчерээк жалпы уйгурларга карата колдонулуп калды.

Эмне үчүн "сарттар" деген этностук аталыш расмий жоюлган?

1 миллионго чукул бул эл кайда житип кетти?

Лондондо жашаган тарыхчы жана жазуучу Арслан Койчиев "сарт" деген этнонимдин тирүүлөй туруп жок кылынышын мурдагы Өзбек ССРинин түзүлүүсү менен байланыштырат:

- 1924-жылкы улуттук мамлекеттик бөлүнүүдө азыркы Өзбек Республикасынын жериндеги негизги этносторго жалпылап "өзбек" деген ат тандап алынган. (Анын өзүнчө тарыхы бар). Жагдай ошондой болгон. Натыйжада, өзбек деген улутка курамалар, сарттар, түрктөр жана башка этностук топтор баш ийип, ошону кабыл алышкан.

Ошол себептен (Борбор Азиядагы) биринчи эл каттоодон 20-30 жыл өтпөй эле "сарттар" деген аталыш жоголгон. Анын үстүнө жогору жактан "сарттар" деген аталышты кабыл албоо жөнүндө көрсөтмө берилген.

Сарттардын тарыхый этностук аталышынан ажыратылышына бухаралык жана хивалык жадиддердин улуттук-демократиялык кыймылы, ошондой эле ташкенттик зыялылар (айдыңдар) да салым кошконун тарыхчы Арслан Койчиев кошумчалай кетти:

- Өзбек ССРин түптөгөн интеллигент-зыялылар катмары, ошонун ичинде ташкенттиктер, жаш бухаралыктар (младобухарцы), Хивадан чыккан жаш хорезмчилер (младохорезмцы) “этностордун баарын жалпылап бир улут деп коёлучу” дешип, мамлекет түзүү боюнча мунасага келип, "өзбек" деген атты кабыл алды жана ошол атты кабыл алуунун зарылдыгына борборду - Москваны да ынандырды деп эсептеймин.

Тарыхчы, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.
Тарыхчы, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев. 31.10.2015.

​Ал эми тажик публицисти, жазуучу Салим Аюбзаде (тажикче Аюбзода) сарттардын этностук-демографиялык картадан "кайып болушун" бир жагынан Сталин башында турган большевиктер бийлигинин “бөл жана башкар” деген саясаты, экинчи жактан, ошо кездеги Борбор Азиянын панктүркчүл лидерлеринин Орусияга тең ата болчу республика түзүү максаты менен түшүндүрөт:

- Менин оюмча, балээнин баары Кремлге, улуу көсөм Сталинге барып такалат. Түркстандын саясый картасын топудай карала кылып бычууну Сталин атайылап сунуш кылган. (Анын сунушуна бир жан жок дей албаган). Себеби чөлкөмдүн эли бейкасам шайыдай ала болуп бөлүнсө, алар колдон чыкпайт жана ашыкча көп нерсени талап кыла албайт деп ойлошкон.

Экинчи жактан, өзүбүздүн эле Борбор Азиянын саясий кыймылдарынын да чөлкөмдүн картасын бычууга тиешеси бар экенин унутпасак. Алар бир кылка эл жашаган аймак канчалык чоң болсо, ошончолук жакшы деп боолгошкон.

Ошон үчүн элдин көбүн “өзбек” деп жаздырып, заңкайган Өзбек Республикасын түзсөк, анда майда республикалар акырында Өзбекстандын тегерегине топтолот да, Москвадан төбөлсүз болуп кетебиз деп үмүт кылышкан. Ал эми Борбордун өз планы бар эле.

Молдо Карим жана Молдо Рахим базарга баратышат. В.В. Верещагин,1873
Молдо Карим жана Молдо Рахим базарга баратышат. В.В. Верещагин,1873

Анан да жадид кыймылынын кээ бир руху пантүркчүл лидерлери башта панисламчы болушканын да унутпасак. Бирок панисламизм өздөрүн большевиктер менен кырды бычак кыларын түшүнгөн соң, пантүркчүл жолго түшкөн. Алардын өзөгүн шаардык элдин көч башында жүргөн тажиктер түзгөн.

Кийинчерээк, мисалы, Абдыкадыр Мухиддинов жана Абдулло Рахимбаев жазуучулардын Сталинабаддагы (бүгүнкү Хожент шаары) курултайында сүйлөп, аларда курамына Бухара эмирлигинин, Кокон жана Хива хандыктарынын чоң бөлүгү кирген, келечекте керек болсо Орусиянын таасирине каршы тургандай ири мамлекетти куруу максаты болгонун айткан. Алар түрдүү топтордон турганын, кээ бирөөлөр бийликке жетиш үчүн бир өңүр жерди эли менен кошо бөлүп алууну көздөгөнү калетсиз.

Ушинтип, москвалык илимпоз Сергей Абашин жазгандай, “большевиктердин жергиликтүү улутчул-реформаторлор ортосундагы өз ара мунасанын негизинде жетишилген саясий ынтымагы (альянсы) Борбор Азия элдерин жаңыча классификациялоого алып барды. Бул конструкцияда “сарт” деген терминге орун калбады жана ал кыска мөөнөттүк саясий жагдайдын курмандыгына айланды”.

Эл каттоо өнөктүгү аркылуу сарттар расмий эсептен жоготулгандан кийинки Борбор Азиянын улуттук түзүмү мындайча болуп өзгөрдү:

Казактар - 3,968,289, өзбектер - 3,904,622, тажиктер - 978,680, түркмөндөр - 763,940, кыргыздар - 762,736, каракалпактар - 146,317, таранчылар - 28,181, курамалар - 27,067, уйгурлар - 23,092, кыпчактар - 17,644, осмон түрктөрү - 5,640, фергана жана самарканд түрктөрү - 276.

Башкача айтканда, 1926-жылы 1897-жылга салыштырмалуу тажиктердин саны 111%, өзбек, кыпчак, курамалар 143,3%, таранчы, кашкар, уйгурлар 151,5 %, каракалпактар 120,8 %, казактар менен кыргыздар 106,5 көбөйгөн.

Казактардын азыраак көбөйүшүн 1916-жылкы падышалык бийликке каршы көтөрүлүш менен, кыргыздардын аз көбөйүшүн 1916-жылкы ак падышага каршы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана Үркүн маалындагы чоң жоготуулар менен түшүндүрсө болот.

Бирок да 1897-жылы Түндүк кыргыздары “кыргыз-кайсак” деп туура эмес катталганын эске алсак, анда эл каттоонун маалыматы канчалык реалдуу деген суроо жаралат.

Элдин курамы. 1926
Элдин курамы. 1926

Эске тутчу дагы бир жагдай - 1926-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан - советтик Орусия Федерациясынын курамында болчу.

А сарттар өзү кимдер?

Бул жөнүндө Салим Аюбзадонун кебин тыңдайлы:

-... сарттар жалаң перс тилдүү тажиктер эмес. "Сарт" деп өзбектер, тагыраак айтканда, отуруктушкан эки же үч тилдүү түрк уруусундагы адамдар да аталган. Большевиктер берегидей моменттен пайдаланып, “сен өзүңдү тажик деп жазсаң, сен шиит, демек перс болосуң, сени Иранга айдап жиберет” деп алдашкан. Ал эми чакан Тажик Автономдуу Республикасы түзүлгөндө, “сени Тажикстанга жиберет” деп коркушуткан. Анткени Тажикстанда басмачылык кыймылы күчтүү эле жана жарандык согуш жүрүп, күн сайын кан төгүлүп жаткан. Бул - биринчиден.

Экинчиден, большевиктер ала темгил улуттук картаны жана чек араны чийүүдө элдин төмөнкү аң-сезимин пайдаланган. Топунун гүлүндөй чачылган эл өз уюткусунан ажырап, СССРдин курамынан чыгууну ойлобойт деген большевиктер. Ошентип, Орусиянын таасирине каршы турчу олбурлуу өлкөнү курууну көздөгөн пантүркчүл жадиддер менен жадиддердин ой багытын аңдап байкаган большевиктердин эрөөлүндө большевиктер жеңди. Ошон үчүн бүгүнкү Борбор Азиянын чек арасы чиеленишип отурбайбы!

Анан да, Салим Аюбзаденин оюнча, большевиктер али улуттук аң-сезими калыптана элек караңгы элдин улутун өзү каалагандай жаздырыш үчүн суннийлер менен шийилердин ортосундагы диний келишпестикти да пайдалангандай :

- Перс тилдүү элдин бир бөлүгү шийилер болгондору үчүн аларды “шийи жана чоочун” деп аташкан. Суннийлер-шийилер кастыгы эзелтен келаткан дарт эмеспи. Ошондуктан Бухарада, Самаркандда, Парганада “сен өзүңдү тажик деп жазсаң, сени шийилерден деп билишет” деп айтышкан жана бир да сунний муну каалаган эмес. Бул көптөгөн мыйзамсыздыктарга жол ачкан.

Ал кезде тажиктердин улуттук аң-сезиминин деңгээли аябай пас болчу. Түрк элдеринде уруулук сезим, ал эми тажиктерде диний сезим күчтүү күчтүү болгон. Тажик жазуучусу Жалол Икрамбиев өз эскерүүлөрүндө ал бала кезде Бухарада алардын үйүнө өкмөттөн эл каттоочулар келип:”Улутуңар ким?” - деп сурашканда, “Биз мусулманбыз”, - деп жооп беришет. Тигилер: “Силердин мусулман экениңерди билебиз, бирок улутуңар ким?” - деп кайра сураса, мурдагыдай эле: “Биз мусулманбыз?” - дешет.

Деги эле тарыхый жагдайлар эл тагдырын гана эмес, этнонимин да өзгөртүп жиберерине чех илимпозу Пётр Кокайсл да өз ата-бабаларынын мисалында айтып берди:

- Мындай жараяндар Европада да болгон. Мисалы, мен Германия менен чек арага жакын жердеги кыштакта туулгам. Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин кыштактын калкынын теңи өзүн чех, теңи немис деп билишкен. Чоң атам жана чоң энем өздөрүн дайыма чехпиз дешкен. Чоң атамдын Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында аялына чех тилинде жазган каттарын окусам, оркойгон каталары бар экен. Эч ким бул каттарды чех жазган деп ойломок эмес. Чоң атам бир тууганына катты немис тилинде жазган.

Биздин кыштакта жашаган эл 50 жыл арасында өз улутун төрт мертебе алмашкан. 1918-жылга чейин баарынын улуту немис болсо, андан кийин баары улутун чех деп жазган. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда баарың немис болгула деп, катуу кысым болгон. Согуштан соң кыштактагы элдин баары кайра чех болушкан.

Чех окумуштуусу, доктор Петр Кокайсл
Чех окумуштуусу, доктор Петр Кокайсл

Ошондой эле аз сандуу элдерде көпчүлүктү түзгөн улутка ыктап кеткен учурлар бар, дейт доцент Кокайсл:

- Улуттук кайра жаралуу Словакияда жашаган русиндерде да болгон. Русиндер аз сандагы славян тилдүү калк жана бир нече өлкөдө жашайт. Польшада жашагандары эл каттоодо өздөрүн русин дешкен; Словакиядагы русиндердин кээ бирөөлөрү өздөрүн словактарга, башкалары орустарга, үчүнчүлөрү украиндерге жакынбыз дешет. Алар алиге дейре өз улутун так айта алышпайт.

Чех окумуштуусунун бул айткандары эзелтен Борбор Азияны байырлаган бир катар элдерге да тиешелүү.

Адистердин айтымында, падышалык Орусия империясы кезде чөлкөмгө келген саякатчылардын эскерүүлөрү, ошондой эле падышалык жана большевиктик бийлик учурдагы эл каттоонун материалдары, архивдик маалыматтар жана фолкордук мурастар менен таанышуу жана аларды салыштырма изилдөө - сарттарга ж.б. байланыштуу жана ушул сыяктуу этностук жана демографиялык кырдаалдарды калыс иликтөө үчүн зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG