Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:09

Орусия Казакстандын латын арибине өтүшү боюнча үн катты, Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайга товар ташуунун жаңы жолун ачты, Тажикстанда чет жакта билим алган имам-хатибдер кызматтан алынат. Орусиялык басылмаларга сереп.

EurAsia Daily басылмасы "Орусия Казакстандын латын арибине өтүшү боюнча үн катты" деп жазат.

Астананын кириллицадан латын арибине өтүү чечими Казакстандын өз иши экенин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Григорий Карасин жасаган.

Мурдатан Орусиянын Казакстандагы элчиси Михаил Бочарников орус тили Казакстанда Конституция боюнча расмий тил боюнча каларын, орто мектептерде орус тилин окутуу улана берерин белгилеп өткөн.

«Орусия суверендүү Казакстанда мамлекеттик тилдин латын арибине өтүшүн түшүнүү жана сыйлоо менен кабыл алат» деп билдирген Бочарников.

Стратегиялык изилдөөлөр институтунун серепчиси Максим Лихачев Астана өлкөдө «казакстандык улутту түптөө» үчүн латын арибин кабыл алганын айткан. Ошол эле маалда коңшу Кыргызстан орус тилинен ажырабайт деген. Өткөн жумада Нурсултан Назарбаев казак тилин латын арибине өткөрүү ишинин башталышы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ушул тапта автордук укуктарды каттоо жана техникалык котормо боюнча баштапкы иштерге 167 миң доллар каражат сарпталары баяндалат.

Бишкек менен Ташкенттин жаңы жолу

"Независимая газета" Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайга товар ташуунун жаңы жолун ачты деп баяндайт. Макалада Ташкент - Ош- Кашгар багытында эки өлкөнүн жүк ташуучу унаалары жөнөтүлгөнү айтылат.

Борбор Азия боюнча серепчи Владимир Парамонов Ташкент–Анжиян–Ош–Эркечтам–Кашкар маршруту Улуу Жибек жолундагы илгертеден колдонулуп келген ыңгайлуу транспорттук коридор экенин белгилеген.

Бул жолду оңдоп, жаңылоого 40 миллион доллар талап кылынат. Кытайдын каражаттык жардамы менен жол оңдолсо, үч өлкөнүн мамилеси чыңдалып, Евразиялык экономикалык биримдиктин ордуна жаңы альтернатива пайда болору баяндалат.

Ал эми кыргызстандык экономист Кубат Рахимов «Кыргызстан Кытай үчүн реэкспорттун аймагы, ал эми кыргыз-өзбек экономика структуралары окшош» деп мындай биримдиктен күмөн санаган.

Макалада ошондой эле кыргыз-өзбек өкмөтүнүн ортосунда Кытайга темир жолу куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылат. Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Орусияны жана Евразиялык биримдиктин башка өлкөлөрүн дагы кызыктырышы мүмкүн деген ой айтылат макалада.

Тажикстан: четтен окуган имамдарды четтетүү

"Фергана ньюс" басылмасы Тажикстанда чет жактан билим алган имам-хатибдер кызматтан алынарын маалымдайт. Алардын ордуна Тажикстандын диний мекемелеринде билим алган имамдар мечиттердин башчылыгына ишке алынмакчы.

Өлкөнүн Дин комитети акыркы жылдары чет өлкөдөн окуп келген 20дан ашуун имам-хатибдин «Мусулман агайындар» сыяктуу тыюу салынган уюмда мүчө болгону, салафизмге жакындыгы аныкталганын билдирген.Тажикстанда төрт миңдей мечит катталган.

Бардык имам-хатибдер жылына атайын аттестациядан өтөт. Дин комитети алардын үгүттөрүнө жана эл алдында сүйлөгөн сөздөрүнө көзөмөл салат. Дүйшөмбү жана башка ири шаарлардагы мечиттерге видеокамералар коюлган.

АКШ Өзбекстанды "кара тизмеге" киргизеби?

ТАСС агенттиги АКШ Өзбекстанды «кара тизмеге» киргизиши мүмкүн деп жазат. 31-октябрда Нью-Йоркто жасалган теракттан кийин Өзбекстандын жарандарына АКШга кирүүгө чек коюу президент Дональд Трамптын администрациясында айтыла баштаган.

Трамп сентябрдын аягында улуттук коопсуздук чараларын күчөтүү максатында деп Иран, Ливия, Кытай, Сирия, Венесуэла, Сомали жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына чектөө киргизген болчу. Андан тышкары президенттик администрация АКШда туруктуу жашоого уруксат берген грин-карт программасын токтотууну көздөп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG