Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Тажикстан: хижаб улуттук кийим эмес


Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын топ жүздөгөн хижаб, сатр кийиген аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аялдар комитети өлкөдө тажик маданиятына, каада-салтына туура келбеген кийим-кечеге каршы жараян башталганын маалымдады. Айрым укук коргоочулар бул өнөктүктү жеке жашоого кийлигишүү, адам укугун бузуу катары сыпаттап жатат.

Буга чейин президент Эмомали Рахмон айрыкча аялдар арасында улуттук маданиятка жат кийинүү көрүнүшү кеңири тарап жатканын сынга алган.

Ички иштер министрлигинин, аялдар, дин иштери боюнча комитеттин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Дүйшөмбү шаарында 3-13-август күндөрү хижаб, сатр кийген сегиз миңдей аял менен баарлашып, оронуп-чулгануу тажик маданиятына туура келбейт деп түшүндүрүп жүрүштү.

Аялдар комитетинин жетекчи орун басары Мархабо Олиминин айтымында, мындай аялдардын 90 пайызы күйөөсү же эрезеге жеткен балдары кыстап кийгизерин билдиришкен. Ошондой эле алар эгер күйөөсү, үйүндөгүлөр макул болсо хижаб, сатрларын чечүүгө макул:

- Биз жалпы элге, анын ичинде эркектерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Аларга аялыңарды, кыздарыңарды жоолукчан жүрбөгүлө деп кыстабагыла деп эч ким үйрөтпөйт да. Күйөөсү Орусияда жүрүп, ошол жактан аялына телефон чалып "хижаб кий, болбосо ажырашам" деп коркуткан учурлар болгонун билдик. Болбосо кайненелери келиндерин "хижаб, сатр кийбесең балама чалып ажыраш деп айтам" деп опузалашат экен.

Дүйшөмбү шаарынын тургуну, 18 жаштагы Адалат бала чагынан бери эле сатр киет жана аны эч ким мажбурлаган эмес экен:

- Сатр кийүүнү мен өзүм чечкем. Мен тиги дүйнөгө барганда ушунун баары эсепке алынат деген ой менен кийгем. Сатр кийип жүргөн аялдар чоочун көздөн оолак болот. Мындай аялдар менен саламдашат, сый-урмат билдиришет. Эгер сатр кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынса анда өтө эле өкүнүчтүү болот. Мен муну бала чагымдан бери эле кием.

Өкмөткө караштуу Аялдар комитетинин өкүлдөрү Дүйшөмбүдөгү айрым базарларды да кыдырып, хижабчан соодагерлер менен баарлашкан. Шаардагы "Шахмансур" базарындагы соодагерлердин бири рейд учурунда хижаб кийигендерге, жоолукту алдына салынгандарга айып пул салынат деген эскертүү берилгенин айтып берди:

- Айрымдары унчукпай эле жоолуктарын артына байлап алышты. Талашып-тартышкысы келгендер да болду, бирок аларды чоң айып пул төлөйсүнөр деп коркутушту. Бир апта мурун бизге хижаб кийсеңер 100 сомони төлөйсүңөр деп айтышты эле. Азыр болсо миң сомони деп айтып жатышат.

Хижабдын ордуна атлас көйнөк

Хижабдын ордуна атлас көйнөк

Yahoo News порталы Тажикстан аялдары жаздын келиши менен түркүн-түстүү атлас көйнөктөрдү кийе баштаганын маалымдап, Борбор Азиядагы кийим саясатына сереп салган.

Ички иштер министрлиги буга чейин хижаб кийгендерге айып пул салынат деген маалыматты четке каккан. Министрликтин маалымат катчысы Умаржони Эмомали милиция кызматкерлери улуттук маданиятка жат кийингендерди административдик жазага тартат деген сөздөр негизсиз деген:

- Эч кимди жазалоо каралган эмес. Азыр жөн гана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бийлик хижаб, сатр жана тюрбан булардын баары тажик маданиятына туура келбесин түшүндүрүп жатат.

Айрым укук коргоочулар хижаб кийүүнү чектөөнү жеке жашоого кийлигишүү катары айыптап жатат.

Президент Эмомали Рахмон "Кудайды чалма салынбай, дамбал кийбей, сакал койбой деле тааныса болорун" деп бир канча жолу айткан.

Өткөн айда Дүйшөмбү шаарындагы жыйында соңку кездери интернеттеги айрым сайттардын таасиринен улам айрыкча аялдар арасында өлкөгө жат кийинүү маданияты кеңейип жатканын эскерткен. Кээ бир кыз-келиндер динчил экенин сырткы көрүнүшү менен көрсөтүп, карага оронуп-чулганып алганы улуттук маданиятка шек келтирип жатат деп да зекиген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG