Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:55

Өзбекстандын борборунда жана Ташкент облусунда күч органдары диний ишеними боюнча адамдарды массалык түрдө камакка алып жатканы айтылууда. Ташкенттеги укук коргоочу Сурат Икрамов камакка алынгандардын саны жүздөн ашканын «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирген.

Өзбекстанда диний ишеними боюнча соттолгондордун "кара тизмесиндеги" адамдардын туугандарын камакка алуу уланууда.

Ташкент облусунун Заңги-Ата районунда акыркы жумада 20 жаштан 60 жашка чейинки 80 киши кармалган. Икрамовдун айтымында, алардын арасында аялдар да бар.

- Биздеги маалымат боюнча массалык камакка алуу Чиназ жана Янгиюль райондорунда жүрүп жатат. Бирок бизде кармалгандардын жана сурактан кийин бошотулгандардын так саны жок. Туугандарынын айтымында, бул эки райондо 14 киши кармалган.

Өзбекстандын атайын кызматтары кандай себептерден улам адамдарды суракка алып, үйлөрүн тинтип жатканы дагы эле белгисиз. «Азаттыктын» өзбек кызматы Өзбекстандын ИИМнен бул тууралуу маалымат ала алган эмес.

Дин эркиндигин сабатсыздык тебелейт

Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.

Укук коргоочу Сурат Икрамов 16-ноябрдан бери күч органдары «Хизб ут-Тахрир» диний уюмунун мүчөсү катары шек жараткандарды жана алардын туугандарын кармап жатканын айткан.

- Алардын бардыгы «Хизб ут-Тахрир» диний уюмуна мүчө деп айыпталган, бирок бирөөнүн дагы айыбы аныкталган эмес. Азыр тергөө изоляторунда жети киши бар, алардын экөө 15 күнгө камакка алынган. Калгандарынын тагдыры белгисиз. Адамдарды эмне себептен суракка алып, камап жатканы белгисиз. Чиназ менен Янгиюлдо кармалгандар күч органдары алардан «Хизб ут-Тахрирге» мүчөлүккө ант бердиңер беле?» деп сурап жатышканын айтышты.

Өзбекстандагы укук коргоочулардын көз каранды эмес тобунун маалыматы боюнча, аларга 17-ноябрда аялдар кайрылып, 14-ноябрдан тарта милиция кызматкерлери үйлөргө кирип, тинтүү иштерин жүргүзүп, адамдарды кармап кетишкенин айтышкан.

Алардын маалыматы боюнча кармалган адамдар тууралуу түзүлгөн протоколдордун көчүрмөсү берилген эмес. Кызматкерлердин баары жарандык формада болушкан.

Ташкент облусундагы Зангиатин районунун жашоочусу Мушарраф Худойбердиева - Өзбекстандагы эркин укук коргоочулардын тобуна жардам сурап кайрылгандардын бири. Ал 35 жаштагы уулу Оятулло Усманов менен төрт бир тууганы камакка алынганын билдирген.

– Алар эмне себептен кармалганын, азыр кайда экенин билбейбиз. 16-ноябрда алып кетишкен. Мен президентке бизди актоо өтүнүчү менен кайрылам. Биздин жакындарыбызды бошотууга жардам берсин! Өлкө башчысы жакшы жакка өзгөрүү болуп жатканын айтууда, бирок ал жакшылыктар биздин үй-бүлөнү айланып өтүп жатат.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Мушарраф Худойбердиева мурдатан диний-экстремисттик уюмдарга мүчө болгон киши катары айыпталып, ондон ашык тууганы азыр абакта жатканын айткан. Анын күйөөсү Фарход Усманов «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөсү катары белгилүү, 1999-жылы түрмөдө кыйноодон каза тапкан. 2002-жылы Лондондо бул партиянын өкүлдөрү элчиликтин алдында Усмановдордун үй-бүлөсүн колдоо максатында акция өткөргөн.

Күч кызматкерлери тарабынан Дилдора Агзамованын 23 жаштагы уулу Насрулла менен чогуу кармалганы дагы айтылууда. Булардын атасы Файзулла Агзамов дин ишеними боюнча айыпталып, 2001-жылдан бери абакта. 2014-жылы анын мөөнөтү дагы 16,5 жылга узартылган. Булардын тууганы Шүкүрүлло Агзамов да дин ишеними боюнча камалып, 2006-жылы кыйноодон улам түрмөнүн ооруканасында каза тапкан.

Июнь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "кара тизмеден" күнөөсүз айыпталгандарды чыгарууну тапшырган. Август айында ал тизмеден 16 миң киши чыгарылганы кабарланган.

- Биз туура жолдон тайып, билбестиктен жана жашоодо тажрыйбанын жоктугунан адашып, деструктивдүү идеялар менен агымдардын таасирине кошулуп калгандарды туура жашоого кайтарууга чоң маани беребиз. Биз бул нерсени унутпашыбыз керек. Биз айкөлдүк кылып, мындай адамдарга кол сунбасак, алар эл безери болуп калышат, - деген эле ал кезде президент Мирзиёев.

Учурда «Азаттыктын» өзбек кызматы адамдарды камакка алуунун себептерин тактоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG