Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Чет элдиктерге көл жээгинен мүлк берүү сунушу сынга кабылды


Ысык-Көл. Архив.
Ысык-Көл. Архив.

Чет элдик жарандарга Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлккө ээлик кылууга уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин үч депутаты көтөрүп, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документтин авторлору долбоор кабыл алынса, Ысык-Көлгө инвесторлорду тартып экономикасын көтөргөнгө көмөк болот деп эсептешет. Бирок чет элдиктерге эс алуу жайларын менчикке берүү баалардын кымбатташына алып келип, экологияга жана коопсуздукка коркунуч жаратарын айткандар бар.

Үч депутаттын документи талкууга түштү

Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков Жер кодексине жана “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

27-февралда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган документ кайчы пикирлерди жаратты.

Мыйзам долбоорунда чет элдик жарандарга Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлккө –пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттерге ээлик кылууга уруксат берүү жазылган. Аларды чет өлкөлүктөргө берүүнүн тартибин кыргыз өкмөтү аныктайт. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Балбак Түлөбаев документ Ысык-Көл облусуна инвестиция тартууга жардам берерин айтып жатат.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Конституцияда “чет өлкөлүк жарандар жерге ээлик кыла албайт” деп жазылып турат. Конституция Ысык-Көлдө деле ушундай иштейт. Биз Ысык-Көлдө туризм үчүн ачылган жерлерге чет өлкөлүк инвесторлор келип пансионат, эс ала турган жайларды салып иштетсин. Кийин сатса сатып жиберсин же андан ары дагы өнүктүрсүн деп атабыз. Алар жерге ээлик кыла албайт. Ушуну айтып атсак деле “Балбак Ысык-Көлдүн жерин сатканы жатыптыр. Кокуй эле кокуй” деп атышат. Бул туура эмес”.

Авторлор мыйзам долбоору кабыл алынса, социалдык, экономикалык, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге, кошумча финансылык чыгымдарга алып келбей турганын билдиришти.

Документ коомчулукта талкуу жаратып социалдык тармактарда “Ысык-Көлдө жерди чет элдиктерге берүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталып жатканы боюнча” пикирлер жазылууда. Кыргызстандын Конституциясы боюнча, жер чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга жеке менчикке берилбейт.

“Эгерде жер менчикке чыкпай анын үстүнө салынган имаратты чет өлкөлүктөргө менчикке берүүдөн эч ким деле жапа чекпейт. Мисалы, Казакстанга деле төрт пансионатты бердик. Жери биздики. Бул жерде аябай кооптоно турган нерсе жок. Бирок инвесторлор менен иштегенде алар төлөгөн салык, жергиликтүү бийлик менен ачык иштеши керек. Мамлекет ишкердикке эркиндик берип аткандан кийин бизнесмен да пайда тапкандай болушу керек”, - деди Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” 2004-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, пансионаттарды, эс алуу үйлөрдү, коттеждик шаарчаларды жана туризмдин инфраструктураларын чет өлкөлүк адамдардын менчигине берүүгө тыюу салынган. Эгерде чет элдик жаран мындай объектке мураскор болсо бир жыл ичинде аны Кыргызстандын жаранына өткөрүүгө милдеттүү.

Ысык-Көлдөгү жарандык активист, ушул тапта туристтер менен иштеп жаткан Азамат Айтбаев чет элдиктерге эс алуу жайлары менчикке берилсе, атаандаштык менен тейлөө жакшыра турганын айтууда.

“32 жылда өкмөт же жергиликтүү ишкерлер чоң-чоң эс алуу жайларын салса буга чейин эле салып жиберишмек да. Мамлекеттин колунан келбей турганын түшүнүп атабыз. Ал эми жеке менчик кээ бир пансионат, курорттор жакшы эле иштеп жатат. Чет өлкөлүктөр келип колдонулбай жаткан жерлерге курулуш кылабыз десе каршы чыкпашыбыз керек. Кыргызстанга инвестиция келсин десек бизнесмендерге шарт түзөлү да”.

Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

“Коопсуздукка коркунуч келет”

Ысык-Көл облусундагы дагы бир жарандык активист Нурмухаммед Асанакунов Жогорку Кеңештин үч депутаты иштеп чыккан мыйзам долбооруна каршы. Ал “Ысык-Көл” биосфералык аймак экенине карабастан акыркы жылдары ар кандай курулуштар, конок үйлөрү экологияга зыян тийгизип жатат деп эсептейт.

“Ысык-Көлдө чет өлкөлүктөргө пансионат эмес бир тоголок ташын берүүгө тыюу салыш керек. Ысык-Көл Кыргызстанда уникалдуу жаратылышы бар саналуу эле жерлердин бири. Биз аларды сакташыбыз керек. Тескерисинче, көлдүн жээгиндеги курулуштарды тыялы. Каракол, Балыкчы шаарларына макул каалаганын сала беришсин. Бул мыйзам андан тышкары мыйзамсыз табылган кирешелерди мыйзамдаштырган да схема болуп калышы мүмкүн”.

Ал эми Элдик курултайдын төрагасынын орун басары​, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков коопсуздук маселесин көтөрдү.

“Инвестор тартып келип Ысык-Көлдү өнүктүрүп, элди жыргатабыз” деген убактылуу кызыкчылыктарга алданбашыбыз керек. Келечекти, өлкөдөгү туруктуулукту ойлойлу. Бул мыйзам менен кете берсек Бишкектин борборундагы, Ысык-Көлдүн аймагындагы имараттын баарын чет өлкөлүктөр сатып алып кыргыздар алардан ижарага алып калат. Кыргыздар Кыргызстандын өзүндө Ысык-Көлгө кире албай калат. Ансыз деле азыр биздин коңшуларга берилген пансионаттарга кыргыздар кире албайт. Бул деген мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу маселе”.

Ысык-Көлдүн бай табигый жана маданий мурастарын жана уникалдуу экологиялык системасын сактоо маселеси күн тартибинде ар дайым актуалдуу болуп келген. 1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG