Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Балага эсеп ачкандардын катары калыңдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балага капитал чогултуу маданияты акырындап түптөлө баштады. Жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбалар бул багытта эмне дейт?

Сегиз жаштагы Артыктын ата-энеси ал үчүн үй-бүлөлүк кирешеден белгилүү бир сумманы бөлүп, ай сайын депозиттик эсепке сала баштады. Бул энчи Артык 18ге чыкканда дарылануу же билим алуу үчүн жумшалат.

Учурда бир нече банкта балдар үчүн депозиттик акча чогулта турган кызматтар ачылган. Эл аралык камсыздандыруу компаниялары да Кыргызстандын атуулдарына ыңгайлуу шарттарды сунуштап келет.

Нургүл Кучарова алты баланын энеси. Сегиз жаштагы Артык аттуу уулу өзгөчө балдардын катарына кирет. Энеси 24 саат бою аны менен чогуу жүрүп, билим алуусун, дарылануусун тыкыр көзөмөлдөп турат.

Уулунун келечегин ойлогон эне жакында банктардын биринен акча чогултуучу депозиттик эсеп ачты:

- Эки жылдык келишим менен ачтык. Андан кийин келишимди узартам. Кийин чоңойгондо бир ишине жарайбы деген эле ой. Балким билим алууга жумшайт же дарыланганына кетет. Айына 3 миңден тарта 5 миңге чейин салыш керек. Киреше 12 пайыз деп айтышты. Эки жылга чейин салган акчаны алып чыга албайбыз. Тийгенге болбойт. Менин тааныштарым мамлекет бөлгөн жөлөк пулду, анан азыр жеке ассистент деп айлык төлөй баштабадыбы, ошону банкка баласынын атына эсеп ачып, чогултуп жатышат. Ошол социалдык төлөмдү ала турган банктагы эсебин эле депозиттик эсепке которуп коюшкан.

Банктар ийкемдүү жолдорду издешүүдө

Нургүл Кучарованын бул айткандарынан кийин балага депозиттик эсеп ачуунун жол-жоболорун териштирип көрдүк.

Кыргыз инвестициялык бизнес банкына кайрылганыбызда, өзүн Бегимай деп тааныштырган кызматкер депозиттик эсеп жарым саатта эле ачыларын, 10 жылдык мөөнөткө келишим түзүлүп, сом менен жылына 12 пайыздык киреше бере турганын түшүндүрдү.

- Биздин банкта балдардын депозити 10 жылга чейинки мөөнөт менен ачылат. Жылдык кирешеси 12 пайыз. Паспорт жана баланын туулганы тууралуу күбөлүк менен банктын бардык бөлүмүнө кайрылсаңыз ачып беришет. Ошондой эле биздин Интернет сайтыбыздан да депозиттер боюнча кеңири маалымат ала аласыз. Баса, банкка кайрылганда арыз жазасыз.

Азыркы тапта өлкөдө "KICB", "Оптима", "Айыл", РСК банкынын "Балдар үчүн депозит" карточкалары, "Кыргызстан" банкындагы балдардын акча чогултуучу кызматтары сыяктуу бир нече тандоо бар. Алардын баарына салынган 200 миң сомго чейинки акчаны Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттиги кепилдикке алган.

Башкача айтканда, 2008-жылы кабыл алынган депозиттерди коргоо мыйзамына ылайык, кокус банк банкрот болсо, депозиттеги 200 миң сомго чейинки акчаны аталган агенттиктен өндүрүп алууга болот.

Дыйкандарга да пайдасы тиет

Мурда "Айыл банкта" иштеген Данияр ал жактагы "Наристе" депозиттик программасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду:

- Менин билишимче, "Айыл банкта" "Наристе" аттуу депозиттик программа бар. Пайыздык өлчөмдөрүн так билбейм, бирок сайтында баары жазылган. Банк мамлекеттик болгону үчүн ишенимдүүрөөк. Буга кошумча сиз салган акчаны алар дыйкандарга насыя кылып бергендиктен, бир эле учурда элдин жашоосун жакшыртууга да салым кошо аласыз. Ушундан улам бул банкка көбүрөөк ишенем.


"Айыл банктын" веб-сайтында "Наристе" эсебин ачуу үчүн баланын туулганы тууралуу күбөлүк гана талап кылынары жазылган. Сомдун пайызы 9.38 болгону менен доллардыкы андан төмөн. Эсеп ачкан киши эң аз дегенде 1000 сом, АКШ валютасы менен 20 доллар сала алат. Бул эсеп ачылгандан кийин бир айда жок дегенде 500 сом салып турушу керек.

Кыргызстанда балдар үчүн акча чогултуучу эсеп ачкан банктардын дээрлик бардыгында сом жана доллар негизги валюта катары белгиленген.

Депозиттеги акчанын сакталуу мөөнөтүнө карай пайыздык кирешелери көбөйгөн банктар да бар. Маселен "РСК" банкындагы "Алай кард балдар плюс" эсебиндеги сомго карата пайыздык киреше 10дон 14 пайызга чейин өсөт.

Банктардын рейтинги жок

Балдарына депозиттик эсеп ачкандардын айтымында, алар жергиликтүү банктардын рейтингин карашпайт. Алардын Кыргызстанда канча жылдан бери иштеп жатканына, социалдык катмарларды тейлөө дараметине кызыгышат.

- Мен тандап алган "KICB" банкы Кыргызстандагы социалдык төлөмдөрдү электрондоштуруп алган. Ушундан улам ага ишеним арттым. Көбүнчө бул банк жумушсуздарды, пенсионерлерди, жөлөк пул алгандарды карайт. Жакында эле банктын бир кеңсесине кирип калсам, пенсия жашындагы аял акчасын кайра эле депозиттик эсебине салып, чогултуп жаткан экен.

2008-жылы Кыргызстанда банкка салынган депозиттик каражаттарды коргоо боюнча мыйзам чыккан. Ага ылайык үчүнчү киши үчүн салып жаткан каражаттар мамлекеттин кепилдигине алынып, 200 миң сомго чейинки каражат корголорун агенттиктин атын атагысы келбеген кызматкери белгиледи:

- Биз кепилдик төлөө кырдаалы түзүлүп калса, сот тарабынан банкрот деп табылган банкка депозит эсебин ачып, каражат салгандарга кенемте төлөп берген мамлекеттик органбыз. 2008-жылдан бери иштеп жатабыз. 11 жылга чукул өлкөнүн каржылык тармагында иштеп келет. Албетте, кенемте төлөй турган учурлар катталып турат. Маселен, "Манас" аттуу банк банкрот деп табылып, ага салынган депозиттердин кенемтесин төлөдүк, азыр да төлөп жатабыз.

Камсыздандыруу системасы бар

Эл аралык каржы компаниясынын биринде иштеген Чынара дүйнө азыр баланы 18 жашка чейинки жашоосун камсыздандырган ыкмага өтүп жатканын айтты:

- Өнүккөн өлкөлөрдө балага акча чогулта турган, анын жашоосун камсыздандыруучу система алдыга чыкты. Себеби, камсыздандыруучу ири компаниялар бар. Алардын өзүнө таандык банктар иштейт. Ушундан улам ата-эне бала төрөлгөндөн тарта эле анын 18 жашка чыккандагы келечегине кам көрө баштайт. Маселен, анын билим алуусу үчүнбү же балким дагы башка максатта старттык капитал чогултуу түшүнүгү кеңири жайылган. Дал ушул программа баланы каржылык камкордукка да алат.

Эл аралык каржылык камкордук төмөндөгүдөй тартипте ишке ашат. Жылына бир бала үчүн мындай эл аралык компаниялар кеминде 300 АКШ долларынан тарта камсыздоочу сумманы алып турат. Бул сумманы салган адамдын каалоосуна жараша көбөйтсө да болот.

Эгер бала 18ге толгуча ага каражат салган атасы, апасы, же аны баккан адам ооруп дүйнөдөн өтсө компания баланын 18ге чыккыча чогула турган бардык каражатын кайтарып берип, буга кошумча жөлөк пул төлөйт.

Кокус ата-эне же балага жооптуу адам кырсыктап каза тапса, анда камсыздандырган сумманын баары эки эсе баланын эсебине кайтарылат. Мындай кызматтан Кыргызстандын атуулдары да пайдалана алат.

Чынара элдин балдарга массалык түрдө кам көрүүсү каржылык билимди арттырмайынча ишке ашпай турганын белгиледи:

- Маселен, Жапониядагы системаны ала турган болсок, ал жакта бала төрөлүп, экиге чыккыча ага банктан эсеп ачып, келечегин камсыздоочу акча салбаса, мамлекет ата-энеге айып пул салат экен. Бул жерде мамлекет элди тарбиялоочунун милдетин аткарып жатпайбы. Бийлик үй-бүлөнү балага кам көрүүгө тарбиялаганы кандай жакшы. Себеби, биринчи кезекте баланын келечегине ата-энеси жоопкерчиликтүү.

Капиталдын бардык түрү пайдалуу

Каржылык аналитик Кубан Чороев Кыргызстандагы банктар сунуштап жаткан акча чогултуучу кызматтын бардык түрүн пайдалануу менен өлкөнүн экономикасына аз да болсо салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт.

Акыркы жылдары баласынын келечегине инвестиция жасагандар көбөйгөнү жакшы көрүнүш экенин кошумчалады:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

- Айрымдары бала-чакасына арнап мал алып коёт. Көбүнчө азыр кыймылсыз мүлккө акча салгандар көбөйдү. Себеби, мүлктүн бул формасынын баасы жыл сайын көтөрүлүп турат да. Ушул себептен жер же там-таш алып коюу келечекке жакшы капитал болуп бере аларын эл билет. Эми 25 жылдан бери Кыргызстан капиталисттик режимде жашагандан кийин элдин да каржылык сабаттуулугу улам артып, тажрыйба топтоп калды. Инвестиция өлкө экономикасы үчүн аябай эле пайдалуу. Акчалайбы, мүлк аркылуубу, айтор элдин капитал топтогону экономиканы кыймылдаткан күчтөрдүн башында турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG