Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:03

Жалгыз үмүтүбүз балдарда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыздын күнүмдүк турмушу - саясаттагы интрига, ушак, коррупция, уурулук, кылмыш, той. Бирок өлкөнүн келечегин аныктаган, жетишсиз бала бакча, мектептердин маселеси көз жаздымда калып кетчүдөй.

Өкмөттүн маалыматы боюнча 400 миңдей (3-6 жаш) жеткинчек бала бакчага барбайт. Ал үчүн 250 орундуу 1600 бала бакча курулушу керек. Курулушка 80 млрд. сом керек экен. Ал эми республикалык бюджеттен 2019-жылга социалдык мекемелердин (бала бакча, мектеп, оорукана ж.б.) курулушуна 3 млрд. сом гана каралган. Мындан тышкары мектеп курууга 80 млрд. сом керектелген, т.а. 600 мектеп курулушу керек. Жетишсиз бала бакчалар менен мектептердин курулушуна керектелчү 160 млрд. сом өлкөбүздүн бир жылдык бюджетине барабар. Өкмөт аракет кылса да бул маселени чече албай тургандыгы парламенттеги талкууда айкын болду. Абал оор.

Билим берүү мекемелеринин тартыштыгына ички миграция, имараттардын эскилиги, реалдуу статистиканын колдонулбагандыгы жана каттоо институтунун жараксыздыгы себеп болууда. Калктын саны да көбөйүп баратат. Келечекти ойлосок саясаттын күнүмдүк интригаларынан оолак болуп, бул маселени күн тартибинен түшүрбөй чечиш керек. Азыр аны чечпесек, эртең кейибешибиз керек. Билим берүү мекемелерин курбасак, эртең кылмыштуулук менен убара болобуз.

Биздин үмүтүбүз балдарда. Болгондо да мектепке бара элек балдарда. Мектепке чейинки курак мээнин өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ. Мектепке чейинки курактагы баланын интеллектин арттыруунун жолдорун изилдеген көп эмгектер бар. Ошол изилдөөлөрдүн баарынын мета-анализин Нью-Йорк университетиндеги окумуштуулар жасашкан. “Perspectives on Psychological Science” аттуу журналда чыккан бул мета-анализде балдардын интеллектин арттыруунун үч жолу белгиленген. Алар - мектепке чейинки куракта (бала бакчада) сапаттуу билим берүү, эрте куракта диалог аркылуу китеп окуу (мурдагы макалаларымдын биринде токтолгом) жана балык майы.

Мектепке чейинки куракта билим алуу эмне үчүн зарыл?

Өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын бакчаларга барышы алардын интеллектин арттырып, (адаттагы мектепке караганда) бала ээн-эркин, бир калыпка салынбастан өзүнө жаккан нерсесин жасай тургандыгы талашсыз. Экономикалык тил менен айтканда бул куракта балага салынган 1 долларлык инвестиция кайра 6-8 эсе кайтарым берээрин Нобел сыйлыгынын ээси, экономист Жеймс Хекман өз изилдөөсүндө далилдеген. Ошондуктан азыр билим берүү тармагын оңдойбуз, өнүктүрөбүз десек, негизги багыт катары мектепке чейинки билим алууну жөнгө салыш керек. Ар бир айылда жок дегенде бирден бала бакча болушу зарыл.

Кечээ бир депутат Аксы районундагы 30 миң калк жашаган төрт айыл өкмөттө бир да бала бакча жок экенин айтты. Өлкөдө бакчага бара турган балдардын саны (3-6 жаш) 608 миң болсо, анын 187 миңдейи гана барат. 400 миңден ашык бала бакчага барбайт.

Өзүңүздөргө деле маалым, көпчүлүк мамлекеттик бала бакчаларда бир орунда эки, жада калса үч бала жаткан учурлар бар. Өлкөдө азыр 1390 бала бакча иштесе, дагы 250 орундуу 1600 бала бакча салынышы керек экенин жана аны үчүн 80 млрд. сом акча керек экенин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдиргени бар.

Бала бакчада же мектепке чейин эле баланын кайсы бир таланты аныкталат. Аны өстүрүү - келечекке салынган эң баалуу инвестиция. 11 жыл мектепте окуп, беш жыл университетте окуп, 10 миң сомдук жумушта иштей албагандарга караганда 7-8 жашында өнөрү менен акча таап калган балдар жок эмес. Доор алмашып, маалымат алуу тездеп, “Университеттин кереги барбы?” деген суроо бекеринен келип чыкпагандыр.

Бала бакчаны кантип салабыз же мектепке чейинки билим алуу маселеси кантип чечилет?

Акыйкат үчүн айтыш керек. Мурдагы бийликти тушунда, 1990-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараты кайрадан мамлекетке кайтарып алуу боюнча иштер уланууда.

Мэрия жана айыл өкмөттөр бала бакча салып иштетем дегендерге бала бакча салынчу жерди бөлүп берип, бала бакча салдырып, анан балдардын акысынын кандайдыр бир бөлүгүн мамлекет төлөп берип, калганын ата-энелердин төлөөсүн камсыз кылган механизм - жакшы вариант.

Бала бакча маселесин чечүүнүн бир жолу - өлкөдөгү 1062 китепкананын алкагында мектепке чейинки билим алууну уюштуруу. Азыр тогуз китепканада күнүнө эки-үч сааттан мектепке чейинки курактагы балдарга ар кандай ийримдер уюштурулат. Бул практика 2019-жылы 40 китепканада ишке ашырылат экен.

Азыр жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу аркылуу кандайдыр бир жылыш байкалууда. Мисалы, Бишкектин Туңгуч кичи району жана Рухий Мурас конушунда 5-6 жыл мурда бир мамлекеттик жана бир-эки менчик бала бакча иштесе, азыр ага кошо алты жеке менчик бала бакча иштеп жатат. Шаар калкынын сатып алуу күчүн эсептесек, 6-7 миң сомдук акыны ата-энелер жеке менчик бала бакчага төлөсө жеткидей. Бишкекте Монтессори ыкмасы менен тарбиялаган эң кымбат бала бакчанын бир айлык акысы 18 миң сом. Ага деле муктаждык бар экен. Анткен менен шаардагы бала менен айылдагы баланын билим деңгээлинин ортосундагы ажырым күндөн күнгө күчөп баратат. Балдардын ортосундагы ажырым күчөй берсе акыр аягы Индиядагыдай социалдык касталар пайда болот. Муну алдын алуунун бирден-бир жолу - Финляндия сыяктуу айылдар менен шаарлардагы балдарга бирдей шарт түзүү.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду да чамасынын жетишинче тоолуу аймактарда “Жайлоолордо бала бакча” долбоорун ишке ашырууда. Республикалык масштабдан алганда ал бул чоң маселени чечип-чечпегени белгисиз. Бирок бул долбоор алкышка татыйт.

Мамлекеттик мүлктүн инвертарынын эсебин чыгарып, аны сатуу жана мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдөн түшкөн акчаны бала бакча салууга жумшоо керек. Бишкектеги мамлекеттик мекеме-ишканалардын кээ бир имараттары расмий маалыматта метри 100 сомго берилгени айтылып кетти. Аларды реалдуу баага ижарага берип, жалпысынан көмүскө экономиканы азайтуу аркылуу маселени чечсе болот.

Эсеп палатасынын иликтөөсү боюнча республикалык бюджеттен жыл сайын 2 млрд. сомго жакын каражат майнапсыз коротулат экен. Ушундайга бөгөт коюп, бала бакчага курууга багыттасак болот эле.

Ошол эле учурда өлкөдөгү 900 мектепте өз потенциалынан (ылайыкташтырылган сандан) аз окуучу окуганы айтылып жатат. Мисалы, Бишкек шаарына жакын Байтик айылындагы мектеп 800 балага ылайык курулганы менен чынында 300 гана бала окуйт. Ушул сыяктуу мектептердин бош класстарын бала бакча катары иштетсек туура болмок.

Кыскасы, келечекти ойлосок Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестиндеги балыкчылар Орган, Мылгун жана Эмрайын кичинекей Кирисктин жашап кетиши үчүн жасаган кадамындай кадам жасалышы керек.

Бакыт Абдуллаев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG