Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Какшаалдагы бүркүтчүнүн акын уулу


Кытайдагы бүркүтчү
Кытайдагы бүркүтчү
Жакында Ак-Чий ооданында болгон сапарымда кытайлык кыргыздардын белгилүү лирик акыны, «Эне койну» аттуу ырлар жыйнагынын аптору Ысмайыл Мамбетакундун үйүнө да кайрылып, акындын өзү, анын жары менен кыска маектешип кайттым. 55 жаштагы жазуучу Кытайдын Кызыл-Суу аптоном обуласынын Ак-Чий ооданында турат. Биздин маек акындын балалыгын эске алуу менен башталды:

- Менин бала күнүмдө бул Какшаал өрөөнүндө кыргыздан башка улут жок болчу. Биздин үйдүн маңдайында бийик бет бар эле. Боорунда арча, шилби, сары жыгач, ит мурун өсчү. Анан атам экөөбүз барып ошол жерден отун алчубуз. Атам экөөбүз өз чамабызга жараша отун таңып, далыбызга салып, үйгө кайтчубуз. Жолдо аңтарылган айдоодон өтчүбүз. Арыганда атам артында айдоону араң мантап келаткан мага кайрылып, зээни кейип, карап койчу кездери али көз алдымда.

Акындын мындан 20 жыл мурда басмадан жарык көргөн ырлар жыйнагынын аты «Эне койну» деп аталат. Анткен менен аталган жыйнагында ата жөнүндөгү ырлары салмактуу орунду ээлейт.
Ысмайыл Мамбетакун
Ысмайыл Мамбетакун

Ал бир ырында:
Бүркүт көрсөм көзгө сүртөм канатын,
Ээси мейли каалабасын- кааласын.
Ушул өзү кандай асыл кишидир,
Атакемдин уландырган санатын,

деп жазганы бар.

Көрсө атасы чоң бүркүтчү болгон экен. Бүркүт салам деп Үч-Турпан деген жерге кетип, кайра келгенде жейрендин чүкөлөрүн алып келип берчү экен. Жейрендин кичик, анан коноок чүкөсү келечек акынга ал кезде чоң белек болгон. Ысмайыл ата жолун кууп, бүркүт салган эмес, бирок бүркүттүн табиятын, мүнөз-кулкун жакшы билген. Бала күнүндө атка минип алып коён, түлкүнү сүйрөтүп чапкылап, бүркүткө чырга тартчу экен. Бүркүт кумар атасынын акыркы күндөрүн ал минтип эскерди:

- Атам бүркүт сала албай калган кезде да арыктын бойуна байлап койуп, өпкө-сөпкө сыяктуу эт таап келип берип, коё бергиси келбей жүрдү. Кийин каза болооруна эки-үч жыл калганда гана «Кой, эми коё берейин, бул жаныбар да тобуна кошулуп кетсин» деп коё берип жиберген, сыягы ошондо гана өзүнүн карылыгына мойун салган окшойт.

Акын атасынын азоодон коркпогон чыйрактыгын да өзгөчө баалап, тамшануу менен кеп салды:

- Атам аттан коркпогон адам эле. Бир карала азоо ат бар эле, ошону чийнеге кошчу. Тиштеп, чапчып, туйлаганына койбой, айласы кеткенде жыгып алып кошчу. Кээде ачуусу менен сабап, тишин сындырып, оозун канжалатып салчу. Анан минип алып жөнөп кетчү. Алтымыштан ашканда эле ушундай болчу. «Ат адамды өлтүрмөк беле!» деп азоодон түк коркуп койчу эмес. Өзү бою жапыс, төрт чарчы кадам эле. Чыңырган азоолорду кулактан толгоп, ээрдин чорболоп туруп тынчытчу!

Ал эми акындын ырын биринчи болуп окуп, анын ийгилигине биринчи болуп сүйүнүп, үйүн кармап, балдарын багып-өстүрүп келе жаткан жары Гүласыл айым акындын ыр жазган кездерине нааразы болгон күндөрүн да жашырган жок:

Гүласыл айым
Гүласыл айым
- Жаш кезибизде, балдар кичик убагында кээде жарым түндө туруп, чыракты жарык кылып алып ыр жазса, «Балдарды ойгото турган болдуң, жатсаңчы» деп кейиген кездерим болгон. Бирок негизи бу кишинин чыгармачылыгын колдоп эле келе жатам десем болот. Ушундай акын жарым болгону менен азыр сыймыктанам!

Акын жарым жыл мурда баласын үйлөп, эми келининин чайын ичип отурган маал экен.
Акындын үй-бүлөөсүнө бакубат жашоо тилеп, анын мындан жыйырма жыл мурда бүркүтчү атасына арнаган бул ырын төмөндө окуңуз:

Атаке, түшүмдөн чыкпай жүрөсүң

Атаке, түшүмдөн чыкбай жүрөсүң,
Дагы эле мен үчүн кылып камылга.
Дайыма моюбас бир кыл мүнөзүң,
Тагдырың, турмушуң толгон сабырга.

Эгерде олуя болсо дүйнөдө,
Мен үчүн олуя жалгыз бир өзүң.
Жер түгүл асманды жыгып жүйөгө,
Айтамын бул кептин кайта дал өзүн.

Көрбөгөм, чалкалап каткырганыңды,
Жукалык жарашбайт сенин тулкуңа.
Тереңден күлүүнү жактырганыңбы?
Мен муну билелек сыйкыр сыр тура.

Көрбөгөм кабагың бүркөп үлүйгөн,
Какаарлуу кара кыш сыйагыңдыда.
Көрбөгөм, түйшүккө жандан түңүлгөн,
Эселек жылкыдай кыйалыңдыда.

Көргөмүн бүркүтчөн аттанганыңды,
Тоо жылып баратчу үйдүн алдынан.
Көргөмүн адырда чапкандарыңды,
Эликтей тызылдап күндүн жанынан.

Көргөмүн азоону чалып ээгинен,
Чыңыртып сүрдөбөй жай мингениңди.
Алсырап, шай калбай азоо түрүнөн,
Турганда мыйыгыңдан күлгөнүңдү…

* * *
Күз кетип, күбүлгөн башы чийлердин,
Күрпүлдөк дайранын үнү басаңдап.
Көгүлтүр түтүнү жапыз үйлөрдүн,
Асылып асманда калган салаңдап.

Артыңдан келемин мантап айдоодо,
Сыйрылган беттерым сары жалбырак.
(Кудайым буйруса чыгам жайлоого),
Деген бир үмүт бар менде алдырап.

Кылчайып артыңа карап коёсуң,
Жең менен жай гана териң шыпырып,
Көздөрүң жазканып айап коёсуң,
Көтөргөн жүгүмө көөнүң кысынып.

Эгерде олуя болсо дүйнөдө,
Мен үчүн олуя саада-ал өзүң.
Жер түгүл асманды жыгып жүйөгө,
Айтамын бул кептин кайта-дал өзүн.

Бектур Илияс
Ак-Чий, Үрүмчү
2012-жыл


P.S. Авторлордун жазуу стилдери сакталды

XS
SM
MD
LG