Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Кытайдагы кан төгүүгө 30 жыл толду


Демонстранттар менен аскерлердин ортосунда калган аял, Бээжин, 3-май 1989-жыл.
Демонстранттар менен аскерлердин ортосунда калган аял, Бээжин, 3-май 1989-жыл.

Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында студенттердин нааразылык акциясынын аёосуз түрдө күч менен басылганына туура 30 жыл болду. Бул окуяда демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүздөгөн адамдар коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапкан.

Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында азыр коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң кейиштүү окуяны эске салган эч бир белги жок. Бүгүн таң эрте адаттагыдай эле желек көтөрүү салтанатын көрүүгө ондогон адамдар чогулду.

Болгону байкоочулар бүгүн Кытайдын баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, текшерүүлөр көбөйүп, айрым көчөлөр жабылганын айтышты. Чет өлкөлүк кабарчыларга да аянтка кирүүгө тыюу салынган экен.

Болбосо 30 жыл мурда бул күнү Кытайдын соңку тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы күч менен басылган. Өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдү, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылган демонстрациялар 1989-жылдын жазында башталган. Миңдеген студенттер менен жумушчулардын Тяньаньмэнь аянтындагы каршылык акциялары Кытайдын башка бир катар аймактарына да жайылган.

Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтындагы демонстрация, 1989-жыл.
Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтындагы демонстрация, 1989-жыл.

Бирок дээрлик жети жумага созулган демонстрациялардан кийин Кытай бийлиги 4-июнда аянтка танк жана аскердик күчтөрүн жөнөтүп, демонстранттарды күч менен тараткан. Бул окуядан канча киши каза тапканы алигиче так белгисиз. Жүздөгөн, балким миңдеген адамдар мерт болгону тууралуу гана жоромолдор бар.

Тяньаньмэнь окуясында аман калган ошол учурдагы студенттердин лидерлеринин бири, учурда Тайванда жашаган уйгур тектүү Уэр Кайси бул күндү "кыргын" деп мүнөздөйт:

"Жараат алган көптөгөн кишилер ооруканага жеткирилип жатты. Догдурлар менен медайымдар "мунусу тирүү экен", "бул киши өлүп калыптыр" деп эле кыйкырып жатышты. Жеке өзүм Бээжин ооруканасынан ондогон өлүктөрдү көргөм. Бул бир гана оорукана. Бээжин ал күнү курчоого алынган. Ал күнү кыргын болгон. Башкача сүрөттөй албайм".

Туура 30 жыл мурда колуна баштык алган бир кишинин демонстранттарга бараткан танкалардын жолун торогонго аракет кылганы дүйнө коомчулугу үчүн Тяньаньмэнь окуяларын эске салган уникалдуу кадрга айланды.

Тяньаньмэнь окуяларынын символуна айланган кадр, 1989-жыл.
Тяньаньмэнь окуяларынын символуна айланган кадр, 1989-жыл.

Бирок Кытайдын өзүндө бул тууралуу маалымат табуу кыйын. Расмий Бээжин башкы аянттагы кан төгүү менен коштолгон окуяларды белгилөөгө тыюу салган.

Тяньаньмэндеги кан төгүүнүн 30 жылдыгына карата АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирүү таратып, 1989-жылы "Кытай элинин баатырлары өз укуктары үчүн бекем турган" деп белгиледи. Ошондой эле Кытай бийлигин бул окуяда каза тапкандар менен дайынсыз жоголгондор тууралуу толук жана ачык маалымат берүүгө чакырды. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини да Бээжинди ачыктыкка үндөдү.

Кытайдын Вашингтондогу элчилиги Помпеонун билдирүүсүн "Бээжиндин ички ишине кийлигишүү" катары мүнөздөдү.

Деги эле расмий Бээжин 30 жыл мурда бийлик туура чечим кабыл алганын билдирип келет.

"30 жыл ичинде Кытайда Коммунисттик партиянын башкаруусу алдында көп өзгөрүүлөр болду. Өкмөт 4-июнь окуяларын жөнгө салганы туура эмес болгон деп ойлойсуңарбы? Бул окуя боюнча тыянак чыккан. Бул - өкмөт басышы керек болгон саясий башаламандык болчу. Өкмөт олку-солку абалды токтотуу үчүн чечкиндүүлүк көрсөткөн. Ал туура саясат болгон", - деп билдирген бир нече күн мурда Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ.

Күч менен басылган демонстрациянын курмандыктары, Бээжин, 4-июнь 1989-жыл.
Күч менен басылган демонстрациянын курмандыктары, Бээжин, 4-июнь 1989-жыл.

Бирок Тяньаньмэнь окуяларынан бери 30 жыл өтсө да, Кытайдагы адам укуктарынын абалы эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып келет.

Адистер 1989-жылдагы нааразылык акциялары күч менен басылбай, диалог же сүйлөшүү аркылуу чечилген болсо, Кытай азыр башка өлкө болмок дешет.

"Алар эл менен диалог түзбөгөн стратегияны тандашты. Натыйжада партия баарын билет, партия баарын чечет жана элдин үнү жок. Мындай шартты камсыз кылуу коомдо үнүн угузууну көздөгөн бардык күчтөргө каршы куугунтукту күчөтүүнү талап кылат", - деп билдирди АКШдагы Колумбия университетинин Кытай саясатына сереп салган профессору Эндрю Натан.

Кытай бул күндү белгилебесе да Гонконгдо жана расмий Бээжин менен араздашып келе жаткан Тайванда ондогон адамдар чогулуп, 30 жыл мурдагы Тяньаньмэнь окуяларын жана анын курмандыктарын эскеришти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG