Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

HRW америкалык чалгындын ишин сындады


Иллюстрациялык сүрөт. Кабул, 2018-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Кабул, 2018-жыл.

«Human Rights Watch» (HRW) уюму АКШнын Борбордук Чалгын кызматы (CIA) колдогон жана машыктырган оогандык куралдуу кошуундар карапайым адамдарды сотсуз өлтүрүү, медициналык жайларга кол салуу, адамдардын дайынсыз жоголушу өңдүү зордукчул аракеттерге барышканын билдирди.

31-октябрда жарык көргөн баяндамада «Human Rights Watch» 2017-жылдын аягынан быйылкы жылдын жарымына чейин оогандык «сокку уруучу» топтор түнкү рейддер маалында зомбулук кылган 14 учурду каттаганын жазат. Андай окуялардын бири Пактия чөлкөмүндө болгон. АКШнын Борбордук чалгын кызматы (CIA) колдогон куралдуу кошуун 11 кишини өлтүрүшкөн.

Айрым учурларда адамдарды кармап кетип, жакындарына дайынын айтышчу эмес.

HRW уюмунун өкүлү Патрисия Госсман. 13-февраль, 2017-жыл.
HRW уюмунун өкүлү Патрисия Госсман. 13-февраль, 2017-жыл.

- Ал рейддер АКШ аскерлеринин, ооган өкмөттүк армиясынын, албетте, «Талибандын» аскердик аракеттеринин күчөшүнүн бир бөлүгү. Акыркы 1,5 жылда операциялар көбөйдү. Себеби жаңжалды жөнгө салууда америкалык контингенттин чыгарылышы мүмкүн экендигине жараша кадамдар жасалып келатат. Жаатташкан тараптар бири-бирине мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян келтирүүгө аракеттенишүүдө. Бирок мунун бардыгынан эң көп карапайым эл азап чегип жатат, түнкү рейддерден, операциялардан, абадан урулган соккулардан карапайым адамдар өлүп жатат, - дейт «Human Rights Watch» уюмунун Азия боюнча директору Патрисия Госсман.

Америкалык чалгын кызматы укук коргоочулардын баяндамасында ооган атайын күчтөрүнө каршы айтылган дооматтардын көбү «калп же көбүртүп-жабыртылган» деп билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, жогоруда сөз болгон түнкү рейддер атайын күчтөр колдонгон ыкма менен жүргүзүлчү. Негизинен «Талибан» көзөмөлдөгөн аймактардагы операциялар айрым учурларда абадан урулган соккулар менен коштолуп, жайкын адамдардын ашыкча өлүмүнө алып келген.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын басма сөз катчысы Тимоти Барретт мекеменин чет өлкөлөрдөгү операциялары «мыйзам чегинде жана катуу көзөмөл астында» жүргүзүлөрүн билдирди.

Баретт талибдерди «жалган маалымат таратууда» деп айыптады жана согушкерлер эрежелердин алкагында иш алып барбай турганын белгиледи.

«Биз билип туруп мыйзамсыз аракеттерге катышпайбыз же андайга шыкактабайбыз. Чет элдик өнөктөштөрүбүз менен мыйзамдарды сактоонун үстүнөн иштеп келатабыз», - деп айтылат Борбордук чалгын кызматынын билдирүүсүндө.

Сөз болгон оогандык кошуундар советтик аскерлер Ооганстанда согушуп жүргөн кезде пайда болгон. Америкалык атайын кызматтын машыгуусунан өткөн ал бөлүктөр талибдерге жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы күрөштө маанилүү күч катары каралып келет. Алар расмий түрдө Ооганстандын Коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгына баш ийет. Бирок көп учурларда өз алдынча иш жүргүзүшөт.

АКШнын чалгын кызматынын машыгуусунан өткөн оогандык кошуундун рейди маалында өлгөндөрдүн сүрөтү. Жалалабад, 1-октябрь, 2019-жыл.
АКШнын чалгын кызматынын машыгуусунан өткөн оогандык кошуундун рейди маалында өлгөндөрдүн сүрөтү. Жалалабад, 1-октябрь, 2019-жыл.

Ооганстандын Коопсуздук боюнча Улуттук башкармалыгы укук коргоочу уюмдун баяндамасына азырынча комментарий берген жок.

HRW ооган бийлигин армиянын курамынан тышкары иш жүргүзгөн өкмөтчүл куралдуу кошуундарды куралсыздандырууга, ооган коопсуздук күчтөрүнүн дарегине айтылган дооматтарды иликтөөгө, «согуш кылмыштары жана олуттуу зомбулук үчүн жооптуу адамдарды жазага тартууга» чакырды.

Укук коргоочулар ошондой эле Вашингтон жана Кабул «согуш кылмыштары жана адам укуктарынын бузулушу тууралуу маалыматтарды иликтеген көз каранды эмес тергөөчүлөр менен кызматташууга тийиш» экенин белгилешет.

Бириккен Улуттар Уюму октябрдын башында жарыялаган статистикага ылайык, июлдан сентябрга чейин Ооганстанда куралдуу жаңжалдан карапайым 1 174 киши өлгөн, 3 139 киши жарадар болгон. Бул былтыркы ошол маалга салыштырганда 42 пайызга көп.

»Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG