Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Британияда радикал диниятчы Чоудари соттолот


Анжем Чоудари сот имараты алдында. Лондон, 11-январь, 2016-жыл.
Анжем Чоудари сот имараты алдында. Лондон, 11-январь, 2016-жыл.

Британияда радикал диниятчы тыюу салынган “Ислам мамлекети” тобун колдоого чакырганы үчүн соттолот. Анжем Чоудари мырзага коюлган айыптар тастыкталса, анда ал он жылга чейин кесилиши мүмкүн. Буга чейин Британияда туулуп-өскөн мусулмандардын ичинен жүздөгөн өкүлдөрү Ирак менен Сириядагы жихадчыларга кошулуп кетишкен.

49 жаштагы Анжем Чоудари Британияда таанымал, ошол эле учурда чуулгандуу диниятчы катары белгилүү.

Маселен, ал 2001-жылдын сентябрында АКШда ири террордук чабуул жасаган саудиялыктарды колдоп чыккан, бир ирет британ канышасынын ордосу – Букингем сарайын мечитке айлантууну көздөөрүн айткан жайы бар.

Ал ошондой эле 2005-жылы Лондондо радикал исламчылар жасаган бомба чабуулдарды айыптоодон да баш тарткан. Кезинде укук коргоочу жана жарандык укуктар боюнча адис катары иштеген диниятчы бир ирет Британияда “жумушсуздук үчүн эмес, жихад үчүн жөлөкпул алып жатам”, - деп да билдирген.

Карама-каршылыктуу жана талаштуу сөздөрдү дембе-дем айтып, жазганына карабай, диниятчы Чоудари согушчан аракеттерге аралашты деген ырастоолорду такай четке кагып келген жана ага буга чейин терроризмге байланыштуу эч айып коюлган эмес, мурда британ тергөөчүлөрүндө бул үчүн жетишүү далил да болбогон.

Бирок эми өткөн аптада Лондондогу Борбордук Кылмыш соту былтыртан бери жүрүп жаткан териштирүүлөрдүн жыйынтыгында диниятчы Анжем Чоударини жана анын 33 жаштагы жакын кызматташы Мизанур Рахманды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдоого чакырганы үчүн күнөлүү деп тапты:

- Аталган эки адамдын бул жердеги жамааттарга таасири абдан чоң. Бирок сиз алардын Улуу Британиядагы жана чет өлкөлөрдөгү ишмердигин карасаңыз, алар террористтик уюмду колдоп, кубаттап жатышканын унутпоо керек. Алардын ошондой эле "ал-Мухажирун" уюму менен алака-катышы бар. Улуу Британияда тыюу салынган бул уюмдун тарыхына көз чаптырсак, анын бир нече жылдан бери көптөгөн террордук чабуулдарга байланышы болгон. Андыктан биз олуттуу иликтөө жүргүздүк, соттолуп жаткан бул эки адам чындап эле коопсуздукка коркунуч жаратат, - дейт британ полициясынын терроризмге каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Дин Хейдон.

2014-жылы камалып, кийин кайра күрөө менен абактан бошотулган Анжем Чоудариге жана анын кызматташына карата сот өкүмү эми сентябрь айында жарыяланат деп күтүлүүдө. Алар он жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Анжем Чоудари. Лондон, 16-август, 2016-жыл.
Анжем Чоудари. Лондон, 16-август, 2016-жыл.

Британ тергөөчүлөрү бул ирет Чоудариге айып коюуда терроризм боюнча 2000-жылы кабыл алынган мыйзамдын жоболорун негиз кылып алышты жана далил катары радикал диниятчынын социалдык медиадагы жарыялары (посттору) менен чакырыктарын келтиришти.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, Чоудари социалдык медиадагы жарыяларында “Ислам мамлекети” террордук тобунун жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдади жарыялаган “халифатка” берилгенин жана ага колдоо көрсөтүү - мусулмандардын парызы экенин белгилеп, өз жактоочуларын мына ушундай кадам жасоого үндөгөн.

Британ бийликтеринин эсебинде, Ирак менен Сирияга “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушуу үчүн Британиянын кеминде 800дөн ашуун жараны кеткен. Бул британ армиясында кызмат кылган мусулмандардын санынан да көп дегенди билдирет.

Алардын жарымы кайра өлкөгө кайтып келген, бирок 200дөйү уруш талаасында мерт болгон.

Азыркы премьер-министр Тереза Мэй ички иштер министри кезинде “Ислам мамлекети” тобунун катарында жүргөн британиялыктарды жарандыктан ажыратууну да сунуш кылган болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG