Кыргызстанда анализинен коронавирус табылбаган, бирок клиникалык белгилери боюнча окшош дартка чалдыккандар үчүн кошумча орундар ачылууда.
26-июндан тартып Чүйдүн Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтунда 300дөн ашуун орун ачылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Соңку күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйүү жагында баратат. Өкмөт абал айрыкча Бишкекте оор экенин белгилөөдө. (толук маалымат бул жерде)
Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында коронавируска байланыштуу кайрадан өзгөчө абал жарыялоонун кажети жок деп эсептейт. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди:
“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен чогулуш өтүп, эч кандай өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деп, бирок бир канча тапшырма берилди. Биринчиден, мамлекеттик органдарда да көп учур катталганына байланыштуу кызматкерлерин болушунча үйүндө, башкача айтканда, аралыктан иштөөгө өткөрүүнү караштыруу. Экинчиден, жергиликтүү администрацияларга, айрыкча Бишкектин жана Оштун мэрияларына базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү”.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны азайбай жатат. Бишкек мэриясынын өкүлү эгер абал жакшырбаса кайрадан өзгөчө абал киргизилиши мүмкүн экенин айткан.
Бүгүн, 26-июнда БШКнын курамы коронавируска каршы ыкчам штабдын өкүлдөрү менен чогуу Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоо маселесин талкуулайт. Алдын-ала маалыматтарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнүн убактысын жылдыруу да талкууланаары айтылууда.
Өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө убактылуу жылдырылган.
Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтүшү керек. (Толук маалымат бул жерде)
26-июнда өлкө аймагында дагы 250 адамга коронавирус жукканы аныкталды.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери кайрадан эң көп учур - 250 жаңы бейтап катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин билдиришинче, алардын эң көбү Бишкек шаарында - 105 адам.
Чүй облусунда 61, Ош шаарында 47, Ош облусунда 19, Жалал-Абад облусунда 12, Ысык-Көл жана Баткен облустарында экиден, Нарын жана Талас облустарында бирден адам.
Акыркы суткада коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 50 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 4204 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 269
- Ош облусунда – 429
- Ош шаарында - 500
- Чүй облусунда – 587
- Бишкек шаарында – 1552
- Баткен облусунда – 48
- Нарын облусунда – 464
- Ысык-Көл облусунда – 76
- Талас облусунда - 39 киши.
- (чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар - 240)
Алардын 669у медкызматкерлер. 403ү айыкты.
Обсервацияда жаткандардын саны 1569 адам. 2162 адам айыкты. 633 адам ооруканада, 46 адамдын абалы оор, 12 адам реанимацияда жатат. Үй шартындагы изоляцияда 1366 адам бар. 43 адам каза болду.