Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:22 8.7.2020

Кыргыз өкмөтү эмгек өргүүсүндө жүргөн бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртып алмай болду. 8-июлда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатканын айтты.

Ал “Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш» деди.

Боронов азыр оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келгенин айтып, “Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат» деп кошумчалады. Толук маалыматты бул жерден окуңуз.

16:17 8.7.2020

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус аба аркылуу жукканына далилдер бар экенин, бирок акыркы тыянак чыга элек экенин билдирди. Уюм буга чейин COVID-19 көбүнесе бейтап дем алганда, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө чыккан майда тамчылар аркылуу жайыларын билдирип келген. Ошондой эле бул вирустун салмагы салыштырмалуу оорураак болгону үчүн абада көп кармалбай, кыска убакыттын ичинде эле жерге түшөрүн да маалымдалган.

ДССУнун өкүлдөрү коронавирус аба жана абада калкып жүргөн майда бөлүкчөлөр аркылуу мурда айтылгандан көбүрөөк жайылышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Ошондой эле вирус өзгөчө эл көп топтолгон жерлерде, жабык же жакшы желдетилбеген жайларда аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин ишарат кылды.

Өткөн дем алышта 32 өлкөдөн чыккан 239 илимпоз дүйнөлүк уюмду «коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин көрсөткөн далилдерди көз жаздымда калтырып жатат» деп айыптаган. Алардын ДССУга жазган ачык катында вирус имараттын ичинде 1,5 метрлик бийиктиктен жерге түшкөнгө чейин аба аркылуу ондогон метрлик аралыкка жетери белгиленген.

Эгер бул айтылгандар расмий ырасталса, анда ДССУ адамдар ортосундагы 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо сыяктуу бир катар эрежелерди жаңылашы мүмкүн. Ошондой эле адистер коомдук жайларда, транспортто беткап тагынууга мурдагыдан да катуу талап коюлушу керек экенин айтып жатышат.

(Макаланы толугу менен бул жерден окуй аласыз)

15:25 8.7.2020

Кыргыз бийлиги коронавирустун жана пневмониянын расмий статистикасын бириктирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Ал 20-июндан бери өпкөсүнөн кагынып ооругандар (пневмония) көбөйгөнүн, мурда коронавирус тастыкталган бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурулуп келгенин, эми мындай диагноз коюлганга чейин эле бардык муктаждарга жардам берилерин айтты:

«Ооба, COVID-19 катталган алгачкы күндөрдөн тартып республика аймагында пневмония болгондор бирин-серин гана катталып жаткан. Биздин адистер коронавирус деген диагнозду ПЧР анализдин жыйынтыгына карап гана коюшчу. Азыр пневмония болгондор көбөйгөндүктөн ПЧР анализди күтпөстөн тез жардам берүү зарылчылыгы пайда болуп жатат. 20-июндан бери пневмония болгондор көбөйдү. Ошондуктан азыр эки статистиканы бириктирүү жагы каралып жатат».

Бишкек шаарында соңку эки жумадан бери коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп турат. Баш калаанын мэри Азиз Суракматовдун айтымында, конуштарда да абал начар болуп турат, ал жакта коронавируска чалдыккандар 680 адам болду.

Суракматов сасык тумоо болуп же өпкөсүнөн кагынып ооругандар жаңы ачылып жаткан күндүзгү стационарларга кайрылышы керек экенин айтты. Мындай стационарлар бир нече күн мурда ар бир райондо бирден ачылган. Бүгүн дагы кошумча ачылып жатат.

Ал эми Ош облусунда обсервация үчүн 1910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда уюштурулган изоляторлордо учурда илдетти жугузуп алган адамдар дарыланып жатат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8486 адамдан табылып, алардын 112си кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3695 адамга коюлду, алардын ичинен 268 бейтап көз жумду.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын экинчи жарымында башталды. Ошондон бери бул илдеттен ооруканада жаткан 112, ал эми пневмониядан 268 бейтап кайтыш болду.

Пневмония деген диагноз март айынан бери 3695 адамга коюлду, алардын 1907си айыкты.

10:23 8.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 67 жаштагы эркек, №6 шаардык ооруканада 52 жаштагы эркек, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 69, 55 жана 70 жаштагы үч эркек, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы эркек, Жалал-Абад облустук ооруканасында 53 жаштагы эркек, Ат-Башы аймактык ооруканасында 64 жаштагы эркек жана 55 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 63 жаштагы эркек жана 59, 70 жаштагы эки аял, Москва аймактык ооруканасында 49 жаштагы аял бейтап.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 345 адамга коюлду, дарыланып жаткан 67 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 268 кишиге жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG