- автор Элеонора Бейшенбек кызы
Фаучи: АКШ коронавируска каршы күрөштүн эң оор учуруна жетти
АКШнын инфекциялык оорулар боюнча башкы дарыгери Кошмо Штаттары коронавируска каршы күрөштүн эң оор баскычына жеткенин билдирди.
Бул өлкөдө соңку бир күндө оору дагы 65 миңден ашык адамдан табылып, илдеттен миңге жакын бейтап көз жумду. Бул пандемия маалындагы кезектеги антирекорд болуп калды.
Ушу тапта АКШнын 50 штатынын 41инде оорунун жайылышы күчөп жатат. Калифорния, Техас жана Флорида өңдүү эл жыш жашаган штаттарда абал оор. Ооруканаларга бейтаптар батпай калды, губернаторлор карантинди жумшартуу пландарын токтотту.
Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун башчысы Энтони Фаучи айрым штаттар карантин чараларын эртелеп жумшартып жибергенин белгиледи. Ал оорунун жайылышын басаңдаткан эң жөнөкөй чаралар сакталышы керектигин эскертти:
"Беткап кийүү, аралыкты сактоо жана адамдардын топтолушуна жол бербөө өңдүү чаралар иштей турганын билебиз жана аларды жасоо колдон келет. Мен федералдык өкмөттүн авторитардык өкүлү болгум келбейт, бирок жергиликтүү деңгээлде губернаторлор жана башка бийлик өкүлдөрү оору жайылып баратканда беткап кийүүгө милдеттендирсе маанилүү болмок. Биз ошондой эле кафе-барлардын көбү имараттын ичинде экенин билебиз. Адамдар жык-жыйма толгон бул жайлар оорунун жайылышы үчүн ыңгайлуу. Эгер биз беткап кийүү, аралыкты сактоо, колду жууп туруу өңдүү жөнөкөй нерселерди сактасак, оорунун жайылышын басаңдата алабыз".
АКШда жалпысынан 3,1 миллиондон көп киши коронавирус жугузуп алды. Илдеттен 133 миңден ашуун бейтап көз жумду.
Президент Дональд Трамп COVID-19ду жугузуп алгандардын көптүгүн тест менен байланыштырып келет. Ал 9-июлда "Твиттердеги" баракчасына башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кошмо Штаттарда тест алуу абдан жакшы жолго коюлганын жазды.
Австралияда бийлик Мельбрун шаарынын жака белинде жашагандарды беткап кийүүгө милдеттендирди. Мунун алдында 5 миллион калк жашаган бул шаар карантинге жабылган.
Боливиянын убактылуу президенти Жанин Аньес оору жугузуп алган дагы бир мамлекет башчы болуп калды.
Ушул апта башында ооруну жөнөкөй сасык тумоого теңеп, тоготпой келген Бразилиянын президенти Жаир Болсонару COVID-19га кабылган. Коронавирус менен британ премьер-министри Борис Жонсон ооруп айыккан.
Аньес "Твиттердеги" баракчасына абалы дурус экенин, аралыктан иштей бере турганын жазды. Боливияда ооругандар 43 миңге чамалады. Өпкөнү сезгенткен оорудан 1,5 миңден көп бейтап көз жумду.
Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус аба жана абада калкып жүргөн майда бөлүкчөлөр аркылуу мурда айтылгандан көбүрөөк жайылышы мүмкүн экенин четке каккан эмес. Ошондой эле вирус өзгөчө эл көп топтолгон жерлерде, жабык же жакшы желдетилбеген жайларда аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин ишарат кылган.
Уюм ага чейин COVID-19 көбүнесе бейтап дем алганда, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө чыккан майда тамчылар аркылуу жайыларын билдирип келген. Ошондой эле бул вирустун салмагы салыштырмалуу оор болгону үчүн абада көп кармалбай, кыска убакыт ичинде эле жерге түшөрү да маалымдалган.
Бир аптадай мурда дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн жүздөгөн илимпоздору дүйнөлүк уюмду «коронавирус аба аркылуу жугушу мүмкүн экенин көрсөткөн далилдерди көз жаздымда калтырып жатат» деп айыптаган. Алардын ДССУга жазган ачык катында вирус имараттын ичинде 1,5 метрлик бийиктиктен жерге түшкөнгө чейин аба аркылуу ондогон метр аралыкка жетери белгиленген.
Кытайда өткөн жылдын аягында катталгандан бери коронавируска кабылгандар дүйнө жүзүндө 12 миллион адамдан ашты, өпкөнү сезгенткен оорудан 551 миңден көп бейтап жан берди.
10-июлда өлкө аймагында дагы 511 адамга коронавирус жукканы аныкталды.
Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан алты, пневмониядан 40 бейтап каза болду. Бул тууралуу 10-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 90 жаштагы эркек, Жайыл аймактык ооруканасында 70 жана 69 жаштагы эки аял, Жалал-Абад облустук ооруканасында 49 жана 53 жаштагы эки эркек жана Нарын облустук ооруканасында 61 жаштагы бир аял бейтап.
Пневмония болгон 40 адамдын 26сы Бишкекте, калгандары аймактарда.
Бир сутка ичинде коронавирус жуккан 81 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.
Коронавирус жалпысынан 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.
Үй шартындагы изоляцияда 5 459 адам бар. Стационарда 643 адам дарыланууда. 90 адамдын абалы оор, 24ү реанимацияда жатат.
Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылганы 9-июлда айтылган. Бул илдеттен каза болгондордун саны коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 350 адамга жетти.
Буга чейин Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери СOVID-19га чалдыккандардын саны 9358 адамга жетти.
- Бишкек шаарында – 4027
- Чүй облусунда – 1708
- Ош облусунда – 634
- Ош шаарында - 948
- Жалал-Абад облусунда – 555
- Нарын облусунда – 630
- Баткен облусунда – 229
- Ысык-Көл облусунда – 301
- Талас облусунда - 86 киши.
Алардын 1450ү медкызматкерлер, 536сы айыкты.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте ачылган күндүзгү стационарлар алты күн аралыгында 8086 кишини кабыл алды. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, ачылгандан тартып стационарларда жети киши каза болду.
9-июлда күндүзгү стационарларга кайрылгандардын алгачкы тобу айыгып чыкты. Алардын так саны айтылган жок.
Жалпысынан 6673 киши стационарларда дарыланып, 1349 адам кеңеш алган. 57 бейтап ооруканаларга жаткырылган.
Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна жана пневмонияга чалдыккандар акыркы убакта көп катталып жатат. Ооруканаларда орун жетпегендиктен, башка жактарда да убактылуу медициналык жайлар обсервация катары түзүлгөн. Абалы анча оор эмес, бирок дарыгерлердин жардамына муктаж бейтаптар үчүн 4-июлдан тарта күндүзгү стационарлар да ачыла баштаган. Азыр Бишкекте эле 9 күндүзгү стационар иштеп жатат.
Казакстанда соңку бир күндө 1962 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Жаңы катталган бейтаптардын 1209унда COVID-19дун симптомдору байкалбаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ушуну менен коңшу өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандардын жалпы саны 53 миңден ашты.
Вирусту жугузуп алгандардын үчтөн бир бөлүгү же 6814 адам өлкөнүн батышындагы Каспийди бойлой жайгашкан Атырау облусуна туура келет. Бир күн мурда аталган облус коронавируска чалдыккандардын саны боюнча баш калаа Нур-Султандан (6177 бейтап) өтсө, бүгүн Алматыны (6678) да артка калтырып, биринчи орунга чыкты.
Расмий маалымат боюнча, Казакстанда 260тан ашуун адам COVID-19дан каза тапты. Буга чейин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дагы 100дөн ашуун кишинин анализинен коронавирус табылса да, "башка оорудан каза болгонун" билдирген. Көз карандысыз эксперттер өлгөндөрдүн чыныгы саны расмий айтылгандан алда канча көп экенин билдирип жатышат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду COVID-19дан каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады.
9-июлга карата дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны 12 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, илдеттен көз жумгандардын саны 550 миңге чукулдады.
COVID-19га чалдыккандардын дээрлик төрттөн бири АКШга туура келет. Кошмо Штаттардын Флорида, Техас, Аризона жана Калифорния баштаган бир нече штатында вирус кайра күч алды.
Бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алган үч миллиондон ашуун адамдын 132 миңдейи каза болду.
Илдет эң көп жайылган мамлекеттердин тизмесинде АКШдан кийинки экинчи орунда турган Бразилияда вирус 1,7 миллион кишиге жукту. Үчүнчү орундагы Индияда 742 миң адамдын анализинен коронавирус табылды.
Мексикада акыркы бир сутка ичинде жети миңдей кишиден коронавирус табылып, алардын жалпы саны 275 миңден ашты. Бул өлкө илдетке кабылгандардын саны боюнча Испанияны артта калтырып, сегизинчи орунга чыкты. Мексикада 32 миңден ашуун адам коронавирустан көз жумду.
Австралиянын беш миллиондой калкы бар Мелбурн шаарында вирус жайыла баштагандыктан 9-июлдан тартып кайра карантин киргизилди.
Дүйнөдөгү мындай кырдаалга карабай АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканы турат. Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШ уюмдагы мүчөлүгүн туура бир жылдан кийин токтото турганын 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке расмий билдирген.
9-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эркин эксперттердин аталган мекеменин пандемияга каршы чараларын иликтеп чыгышына макулдук бергенин жарыялаган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 9-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан коронавируска чалдыккан биринчи бейтап тууралуу так маалымат ала албаганын, Бээжин эпидемия учурунда ички каттамдарды жапканы менен жарандарына чет өлкөгө чыгууга уруксат бергенин билдирди.
АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылаган мамлекеттердин башкы сабында турат. Уюмдун бюджетинин 15 пайызы Кошмо Штаттардан келет. Трамптын администрациясынын уюмдан чыгуу чечими АКШнын өзүндө да, Вашингтонго өнөктөш мамлекеттерде да сынга кабылган. 9-июлда Бээжиндин башкы дипломаты Ван И Кытай менен АКШнын алакасы соңку 40 жылдан ашык убакыттан берки эң олуттуу кыйынчылыкка туш болуп жатканын айткан.