Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:39 18.9.2020

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус «кооптуу деңгээлде жайылып жатканын» эскертип, бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдү карантин эрежелерин жумшартпоого чакырды. Уюмдун Европа боюнча чөлкөмдүк директору Ханс Клюге сентябрь айында статистика көбөйгөнүн, бул чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн чоң эскертүү болушу керек экенин 17-сентябрда айтты.

ДССУнун Европа боюнча бөлүмүнө мүчө болгон 55 мамлекетте эпидемия башталгандан бери беш миллиондой адамдан коронавирус табылды. 227 миңден ашуун адам COVID-19 илдетинен көз жумду.

Учурда Европада күнүнө 40-50 миңдей адамдан коронирус чыгып жатат. 11-сентябрда бир сутка ичинде 54 миң кишиден өпкөнү сезгенткен вирус табылды.

Дүйнөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 30 миллион кишиден ашса, 939 миңден ашуун адам көз жумду.

17:48 17.9.2020

16-сентябрда АКШ өкмөтү коронавируска каршы эффективдүү жана коопсуз вакцина табылары менен бардык америкалыктарды ал препарат менен камсыз кылуу планын жарыялады.

17-сентябрдагы маалыматтарга ылайык, жаңы коронавирусту дүйнөдө 30 миллионго жакын киши жугузуп алды, 20,3 миллион киши айыкты, 941 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Кошмо Штаттардын «Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун» жетекчиси Роберт Редфилд жана башка жооптуу адамдар Конгресске даярдаган отчетто эмдөө жараяны жыл этегинде же эмки январда башталып, бара-бара каалагандардын бардыгы ал кампанияга камтыларын 16-сентябрдагы угууда билдиришти.

«Вакцина адегенде ноябрь-декабрь айларында колубузга тиет деп ойлойм. Бирок чектелген гана санда болгондуктан, кимге артыкчылык берилерин чечип алууга тийишпиз. Америкалыктардын бардыгы качан камсыз болот, вакцинанын артыкчылыгынан пайдаланып, кадыресе турмушка качан кайта алабыз деп сурап атсаңыз, балким 2021-жылдын экинчи кварталынын этеги, үчүнчү квартал деп ойлойм», - деди Редфилд.

Адистин бул маалыматы президент Дональд Трамптын вакцинация программасын баштоо боюнча буга чейин айткан божомолдоруна караганда алда канча пессимисттик маанайда.

Доналд Трамп, архивдик сүрөт
Доналд Трамп, архивдик сүрөт

15-сентябрда Трамп вакцина үч-төрт жуманын ичинде даяр болорун айткан. Андай болсо, эмдөө 3-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин башталышы ыктымал дегенди билдирет.

Бирок Редфилд вакцина тиешелүү мекемелер тарабынан жактырылгандан кийин калың элге дагы 6-9 айдан кийин жетерин Конгрессте айтты.

Трамп Ак үйдөгү брифингде кабарчынын суроосуна жооп берип жатып Редфилддин билдирүүсүн «туура эмес маалымат» деп атады.

«Менимче, ал муну айтып жатканда чаташып калды. Бул туура эмес маалымат. Мен ага телефон чалганда муну айткан эмес. Балким жаңылыш маалымат беришкен, балким сүйлөп атканда ката кетирип койду. Жок, биз ишти дароо баштайбыз. Вакцина даяр деп октябрь, же бир аз өтүп жарыяланат».

Өз сөзүндө Редфилд вирустун жайылышын токтотууда беткаптын эффективдүүлүгүн баса белгиледи. Бир да вакцина азыр илдеттен 100 процент коргой албайт деген фактты эске алуу менен, «Мына бул беткап мени COVID-19дан вакцинага караганда жакшырак коргойт деген кепилдик көбүрөөк деп айтат элем», - деди Редфилд.

Анын бул сөздөрүнө да Трамп макул эместигин айтты. «Беткап вакцинадан пайдалуу боло албайт, мен муну ага айттым», - деп билдирди президент.

Демократтардын президенттикке талапкери, Трамптын оппоненти Жо Байден мамлекет башчыны вакцина чыгаруу маселесин саясатташтырып жаткандыгы үчүн айыптады.

Индия пандемия учурунда
Индия пандемия учурунда

Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш COVID-19 пандемиясы ооздуктала электигин билдирди.

Илдеттен көз жумгандардын саны дүйнөдө 1 миллион кишиге жакындап баратат. Бейшембидеги маалыматтарга ылайык, вирусту 30 миллионго жакын киши жугузуп алды, 20,3 миллион киши айыкты, 941 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Жакындан бери пандемиянын очогуна айланган Индияда шаршембиден бейшембиге чейин дээрлик 98 миң жаңы учур катталды. Инфекция жугузгандардын жалпы саны боюнча АКШ биринчи (6.6 миллион), Индия экинчи (5.12 миллион) орунда турат.

Европада болсо эпидемиянын экинчи толкуну уланып, вируска кабылгандар көбөйүп жатат. Бир топ өлкөлөрдө улам жаңы чектөөлөр, беткап тагынып жүрүү эрежелери киргизилүүдө.

15:08 17.9.2020

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга коронавирус пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды эскертти.

Штабдын 17-сентябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков карантин режими уланып жатканын билдирип, эл аралап үгүт жүргүзүп жаткан саясатчылар коомдук саламаттыгына кайдыгер болбошу керектигин айтты.

Талапка ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында бир жарым-эки метр аралык сакталууга тийиш.

Коронавирустун экинчи толкунунан коркосузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

14:38 17.9.2020
  • Кызыл-Кыяда милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган алты адам коронавирусту башка жактан жугузуп алган болушу ыктымал. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-сентябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, эпидемия башталгандан бери бул жайда санитардык эрежелер так сакталып келет, камоого алынуучу ар бир адам ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Мындан тышкары, тийиштүү мекемелер санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүп турушат.

Ушуну менен Казакстанда санитардык дарыгер экинчи жолу алмашты. Быйыл май айында бул кызматта иштеп келген Жандарбек Бекшин иштен кетүү тууралуу арыз жазып, анын ордуна Айжан Есмагамбетова дайындалган.

Ага ылайык, парламенттик комиссия алты айдын ичинде өз корутундусун чыгарышы керек. Комиссияны оппозициядагы депутат жетектегени менен мүчөлөрүнүн көбүн премьер-министр Никол Пашиняндын саясий блогунун өкүлдөрү түзмөкчү.

  • Ташкенттин Шайхантахур районундагы эки мектеп жабылганын Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы буга мектептеги мугалимдерде коронавирус аныкталганы себеп болгонун билдирди.

Пандемияда мектепке барган окуучулар.

Пандемия маалындагы мектептер

Косоводогу мектептердин биринде окуучу дезинфекция кыла турган өтмөктөн өтүп жаткан учуру. Косоводо пандемияга байланыштуу окуу эки жума кеч башталды. 
1/20 Косоводогу мектептердин биринде окуучу дезинфекция кыла турган өтмөктөн өтүп жаткан учуру. Косоводо пандемияга байланыштуу окуу эки жума кеч башталды. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Мугалим окуучулардын колуна дезинфекциялоочу каражат чачып жаткан учуру. Пакистан. 15-сентябрь, 2020-жыл.
2/20 Мугалим окуучулардын колуна дезинфекциялоочу каражат чачып жаткан учуру. Пакистан. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Айнектен кооздолуп жасалган коргонуучу беткап кийип сабакка келе жаткан окуучу кыз. Афина, Грекия. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
3/20 Айнектен кооздолуп жасалган коргонуучу беткап кийип сабакка келе жаткан окуучу кыз. Афина, Грекия. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Башталгыч класстын окуучулары аралыкты сактап жаткан учуру. Косово. 14-сентябрь, 2020-жыл.
4/20 Башталгыч класстын окуучулары аралыкты сактап жаткан учуру. Косово. 14-сентябрь, 2020-жыл.
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Медицина кызматкери окуучу кызга колду дезинфекцияоочу каражатты кантип колдонууну үйрөтүп жатат. Румыния. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
5/20 Медицина кызматкери окуучу кызга колду дезинфекцияоочу каражатты кантип колдонууну үйрөтүп жатат. Румыния. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Карачи шаарындагы жеке менчик мектептердин биринде классты дезинфекция кылып жаткан жумушчулар. Пакистан. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
6/20 Карачи шаарындагы жеке менчик мектептердин биринде классты дезинфекция кылып жаткан жумушчулар. Пакистан. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Медициналык текшерүүдөн өткөн балдар класска кирип бара жаткан учуру. Пандемияга байланыштуу Румынияда да мектептер эки жума кеч ачылды жана учурда окуучулардын жарымы мектепте окуса, калгандары аралыктан окуп жатат. 
7/20 Медициналык текшерүүдөн өткөн балдар класска кирип бара жаткан учуру. Пандемияга байланыштуу Румынияда да мектептер эки жума кеч ачылды жана учурда окуучулардын жарымы мектепте окуса, калгандары аралыктан окуп жатат. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Чоң класстын окуучулары социалдык аралыкты сактап турат. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучунан улам Грекияда мектептер 14-сентябрда ачылды. Окуучулар мектепте беткап тагынып жүрүүгө тийиш. 
8/20 Чоң класстын окуучулары социалдык аралыкты сактап турат. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучунан улам Грекияда мектептер 14-сентябрда ачылды. Окуучулар мектепте беткап тагынып жүрүүгө тийиш. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Герат шаарындагы мектептердин биринде сабак окуп жаткан кыздар. Ооганстан. 24-август, 2020-жыл. 
9/20 Герат шаарындагы мектептердин биринде сабак окуп жаткан кыздар. Ооганстан. 24-август, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Мектептеги алгачкы сабак. Бухарест, Румыния. 14-сентябрь, 2020-жыл.
10/20 Мектептеги алгачкы сабак. Бухарест, Румыния. 14-сентябрь, 2020-жыл.
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Исламабад шаарындагы кыздар коллежинин кызматкерлери окуу жайынын кире беришинде окуучулардын дене табын өлчөп жатат. Пакистанда мектептер алты айлык тыныгууудан кийин 14-сентябрда ачылды. 
11/20 Исламабад шаарындагы кыздар коллежинин кызматкерлери окуу жайынын кире беришинде окуучулардын дене табын өлчөп жатат. Пакистанда мектептер алты айлык тыныгууудан кийин 14-сентябрда ачылды. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Сабак башталар алдында электрондук аппараттан дене табын өлчөп жаткан мугалим. Рим. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
12/20 Сабак башталар алдында электрондук аппараттан дене табын өлчөп жаткан мугалим. Рим. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
1-класстын окуучулары сабак учурунда. Бишкек. 1-сентябрь, 2020-жыл. Кыргызстанда окуу 1-сентябрда башталганы менен мектептерде 1-класстын окуучулары гана окуп жатат. Ал эми калган класстар окууну аралыктан улантууда. 
13/20 1-класстын окуучулары сабак учурунда. Бишкек. 1-сентябрь, 2020-жыл. Кыргызстанда окуу 1-сентябрда башталганы менен мектептерде 1-класстын окуучулары гана окуп жатат. Ал эми калган класстар окууну аралыктан улантууда. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Италияда мектептер расмий 14-сентябрда ачылды. Бирок көпчүлүк мектептер 1-сентябрдан баштап пандемияга байланыштуу окуу программасынын арта калган окуучуларды окутту.  
14/20 Италияда мектептер расмий 14-сентябрда ачылды. Бирок көпчүлүк мектептер 1-сентябрдан баштап пандемияга байланыштуу окуу программасынын арта калган окуучуларды окутту.  
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Окуучулар жана мугалимдер социалдык аралыкты сакташ үчүн белгиленген сызыктардын ичинде отуруп сабак өтүшүүдө. Ооганстан. 24-август, 2020-жыл. 
15/20 Окуучулар жана мугалимдер социалдык аралыкты сакташ үчүн белгиленген сызыктардын ичинде отуруп сабак өтүшүүдө. Ооганстан. 24-август, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Карачи шаарындагы мектептердин биринде мугалим коронавирустан сактануунун эрежелери жазылган тактайды дубалга илип жаткан учуру. Пакистан. 15-сентябрь, 2020-жыл.
16/20 Карачи шаарындагы мектептердин биринде мугалим коронавирустан сактануунун эрежелери жазылган тактайды дубалга илип жаткан учуру. Пакистан. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Сабак учурунда беткап кийип отурган студенттер. Пешавар, Пакистан. 15-сентябрь, 2020-жыл. 
17/20 Сабак учурунда беткап кийип отурган студенттер. Пешавар, Пакистан. 15-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Тактада илинип турган сүрөт. Бухарест. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
18/20 Тактада илинип турган сүрөт. Бухарест. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Румыниядагы мектептердин биринде сабакта отурган окуучулар. 14-сентябрь, 2020-жыл.
19/20 Румыниядагы мектептердин биринде сабакта отурган окуучулар. 14-сентябрь, 2020-жыл.
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Окуучулар менен мугалимдер мектептин короосунда социалдык аралыкты сактап турган кези. Румыния. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
20/20 Окуучулар менен мугалимдер мектептин короосунда социалдык аралыкты сактап турган кези. Румыния. 14-сентябрь, 2020-жыл. 
Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.  
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG