Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

Арменияда өкмөттүн коронавируска каршы аракеттери иликтенет


Армян парламенти.
Армян парламенти.

Арменияда депутаттык комиссия өкмөттүн коронавирус эпидемиясына каршы чаралары канчалык натыйжалуу болгонун иликтей турган болду. 16-сентябрда армян парламентиндеги «Менин кадамым» башкаруучу блогу оппозициядагы «Гүлдөгөн Армения» жана «Жаркын Армения» фракцияларынын мындай сунушуна макулдук берди.

Ага ылайык, парламенттик комиссия алты айдын ичинде өз корутундусун чыгарышы керек. Комиссияны оппозициядагы депутат жетектегени менен мүчөлөрүнүн көбүн премьер-министр Никол Пашиняндын саясий блогунун өкүлдөрү түзмөкчү.

Армян парламентиндеги оппозиция өкмөттү «коронавирус эпидемиясын ооздуктай алган жок» деп айыптап келет. Үч миллиондой калкы бар Арменияда март айынан бери 46 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алды. Алардын 920дан ашууну көз жумду.

Арменияда май айында карантин чаралары жумшаргандан кийин илдетке чалдыккандар кескин көбөйүп кеткен. Вирус жуккандардын саны июль айында туу чокусуна жетип, андан бери илдеттин жаңы учурлары кеминде эки эсе азайды. Өлкөдө 15-сентябрдан тартып мектептер, жогорку окуу жайлары кайра ачылды.

XS
SM
MD
LG