Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кылмыш дүйнөсү ири банктан кол жууду


Федералдык прокурор Прит Бхарара Коста-Рикада катталган Liberty Reserve компаниясына каршы кылмыш иши ачылганын жарыялоодо. Нью-Йорк, 28-май 2013
Федералдык прокурор Прит Бхарара Коста-Рикада катталган Liberty Reserve компаниясына каршы кылмыш иши ачылганын жарыялоодо. Нью-Йорк, 28-май 2013

АКШ прокурору Liberty Reserve компаниясына кылмыш дүйнөсүнө 6 миллиард доллардан ашуун акчаны адалдаштырганга көмөктөшкөн деген айып такты.

Liberty Reserve Коста-Рикада катталганы менен интернет аркылуу же on-line акча төлөө системасында иштеген дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири болчу. Мыйзамсыз операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу жети адам айыпталды. Беш адам, анын ичинде компаниянын негиздөөчүсү, экс-советтик жаран Артур Будовски жана Владимир Кац камакка алынды.

Америкалык тергөөчүлөр Liberty Reserve компаниясына караштуу кеңселерди тинтип, банк эсептерин камакка алды жана аны менен байланыштагы интернет сайттарды жапты. Расмий маалымдалгандай, кардарларга ысымыңар купуя сакталат деп убада кылган “Либерти резервдин” кызматынан акыркы жети жылда 7 миллиондой адам пайдаланган. Алардын 200 миңдейи АКШ жарандары.

Associated Press агенттигинин маалымдашынча, Liberty Reserve 2006-жылы түзүлгөндөн бери кардарлардын ысмын көрсөтпөй же анонимдүү акча которуу боюнча дүйнөдөгү эң популярдуу системага айланган. Ошон үчүн кардарлар өзүнүн чыныгы ысмын жашырып, “Орус хакери”, “Хакердик эсеп” өңдүү жасалма ысымдарды колдонгон. Ошон үчүн алардын өздүгү кадимки банктардагыдай тактап-тастыкталган эмес.

Компания акча төлөмдөрүндө Улуттук банктарга эч кандай тиешеси жок санариптик же “электрондук акчаны” пайдаланган. "Либерти резервде" эсеп ачкан адам реалдуу акчаны виртуалдуу же жалгама фонддорго которуп, кийин кайра нак акчага айлантып алышкан. Мындай жол менен - башканы кой - маң жана адам аткезчилери арам акчаларын жеңил-желпи эле адалдаштырышкан.

Алтурсун "Либерти резерв" өзү кылмышкерлерди таап, аларга мыйзамга каршы операцияларды жүргүзгөнгө жардам бергенин Нью-Йорктун Түштүк округунун федералдык прокурору Прит Бхарара билдирди:

- Ырасталгандай эле, Liberty Reserve санариптик валюта боюнча мыйзамды бузуп, кредиттик карталар менен көз боёмочулук кылуу, адамдардын купуя маалыматын уурдоо, инвестициялык көз боёмочулук, компьютерлик программаларды “бузуп кирүү”, балдар порнографиясы сыяктуу оор кылмыштардан, атүгүл маң аткезчилигинен түшкөн кирешелерин адалдаштырууну каалаган кылмышкерлер менен атайын кызматташып, жардам көрсөткөн.

"Либерти резервдин" былыктарынын бетин ачуу операциясына АКШнын тийиштүү кызматтарынан башка дагы Британия, Орусия, Кытай, Кипр, Швейцария болуп, бардыгы 17 өлкөнүн тартип сактоо мекемелери катышкан. Бул, федералдык прокурордун мүнөздөшүнчө, “арам акчаларды эң чоң эл аралык масштабда адалдаштырууга каршы Кошмо Штаттарда өткөрүлгөн операция болду”.

Прит Бхараранын сөзүнө караганда, өз кардарларына көмөктөшүү үчүн Liberty Reserve 55 миллион жолу түрдүү финансылык операцияларды жасаган:

- Баары айтышты: Liberty Reserve 55 миллион жолу мыйзамсыз финансылык операция жүргүзүп, кылмыш жолу менен алынган - 6 миллиард долларды адалдаштырган.

Ушундай жолдор менен мыйзамсыз операциялар жүргүзүлчү платформа көмүскө компьютердик дүйнөдө түзүлгөн дүйнөлүк банк системасына айланган.

"Либерти резервдин" түптөөчүсү, теги украиналык Артур Будовски жума күнү орун басары Азеддин ал-Амине менен кошо Испанияда камакка алынганы расмий айтылды. Мурдагы АКШ жараны Будовски азыр Коста-Риканын жараны экен. Ошондой эле компаниянын банк эсебиндеги 25 млн. доллары камакка алынган.

Компаниянын сайтына техникалык жактан жооптуу 33 жаштагы Марк Мармилев Нью-Йоркто, 27 жаштагы Максим Чухарев Коста-Рикада кармалган.

"Либерти резервдин" Коста-Рикада иштеген дагы эки кызматкери азырынча эркиндикте жүрөт. Эми “кылмыш дүйнөсүнүн башкы банкын” түзүүчүлөрдүн ар бири жыйырма жылдан соттолуп, бардык мүлк-дүйнөсүнөн кол жууганы турат.

XS
SM
MD
LG