Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жаңы кримтөбөлдөр таажы кийеби?


"Мыйзамдагы уурулардын" бири Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013.
"Мыйзамдагы уурулардын" бири Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013.

Кыргызстандык эки кримавторитет “мыйзамдагы ууру” титулун алып, таажы кийе тургандыгы айтылууда.

Жазаны аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев оперативдүү маалыматтарга ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн үч төбөлүнө “мыйзамдагы уурунун” таажысын ыйгаруу иш-чарасы күтүлүп жатканын билдирди. Талдоочулар кылмыш дүйнөсүндөгү мындай өзгөрүүлөр уюшма кылмыш топторунун ортосундагы таасир талашты күчөтүп, кан төгүүлөргө алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

“Мыйзамдагы уурулар” саны көбөйөбү?

Маалымат агенттиктеринин бири жакында Орусияда Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн эки авторитети таажы кийип, “мыйзамдагы ууру” титулун алаарын жазып чыкты. Анда алардын бири Ош шаарынан Эртабылды деген адам болсо, экинчиси Ысык-Көлдүн Бостерисинен “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кримавторитет экени көрсөтүлгөн. Бул маалыматты ички иштер органдарындагы өздүк булагына шилтеме жасап тараткан агенттик жакында кезектеги “уурулардын” жыйынында аларга “таажы кийгизүү” аземи өтөөрүн белгилеген.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев эки эмес, үч авторитетке криминалдык титул ыйгарылышы мүмкүн экенин билдирди:

- Алар фамилияларына чейин атап алышыптыр. Бирок биздеги оперативдүү маалымат боюнча бир аз башкачараак. Бул жактан титул алган үчөө кетип баратат. Ысымдары бизге белгилүү. Бирок аны ачык айта албайм. Азыр биз мүмкүн болуучу бул өзгөрүүлөргө карата алдын алуу иштерин күчөтүп жатабыз. Мына ошол маалыматтарды алып, УКМК менен ИИМге жөнөтүп, алар менен биргеликте иш жүргүзүү менен алекпиз. Эми бул боюнча маселенин башы 10-15 күндөн кийин ачыкка чыгат.

Аты аталган Эртабылды Жунусов Оштогу Жапалак айыл аймагынын тургуну. Ал 2000-жылы уюшма топ түзүүгө жана маңзат ташууга катышы бар деген айып менен соттолгон. Жазасын мөөнөтүнөн мурун өтөп чыккан соң жай турмушка аралашкан деген сөздөр бар. 2010-жылы 7-апрелден кийин “Ачык саясат” гезитине маек куруп, криминалдык күчтөр Оштогу этностор аралык кырдаалды курчутуп жатканын айтып чыккан. Май айында бакиевчил реваншисттик күчтөр облустук акимчиликти басып алганда, аны бошотуу үчүн Убактылуу өкмөткө көмөк көрсөткөнү ошол кезде гезиттерге жарыяланган.

Такпы же тастыкалбаган маалыматпы?

Өз ысмын атагысы келбеген Эртабылды Жунусовго жакын адамдардын бири анын кылмыш дүйнөсү менен байланышын үзгөнүнүнө көп болуп калганын белгиледи:

- Ал азыр эч кайсы топко кошулбай койгон. Учурда айылда эле жүрөт. Криминал менен байланышын үзгөнүнө көп жыл болгон. Былтыр апасы менен ажылыкка барып, зыярат кылып келди. Ал тууралуу жанагыдай маалымат Орусия сайттарына да чыгып кетиптир. Бирок ал өзү муну ушак деп билдирди. Ал буга чейин беделдүү адам катары Өзбекстандагы Салимбай байбача менен мамилеси бар. Уулунун атын дагы Салимбай деп койгон. Бирок ал өзү жай турмуштагы жашоону тандап алган.

“Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү “мыйзамдагы ууру” титулун алууга көрсөтүлүп жаткан кримавторитет Ысык-Көлдүн Бостерисинен экени жазылган. Оперативдүү маалыматтарга караганда, ал Бостеридеги уюшма топтун анабашы катары көп жылдан бери ички иштер органдарынын атайын каттоосуна алынган. Ал “мыйзамдагы ууру” таажысын алуу үчүн Москвага жөнөп кеткени да айтылууда.

Ички иштер органдарынын атын атагысы келбеген өкүлү ал тууралуу жалпы маалыматы менен бөлүштү:

- “Карышкыр” деген мурдатан бери эле кримчөйрөдө жүргөн. Эми анын кылмыш дүйнөсүндөгү таасири өтө деле чоң эмес. Ал өзү мурун Рысбек Акматбаевдин тобунда болчу. Бирок анын Азиз Батукаев менен мамилеси бузулгандан кийин андан чыгып кеткен деген маалымат бар болчу. Негизи өзүнүн масштабынан чыкпаган жана башка топтор менен өтө эле катуу каршылашууга барбаган кримавторитет.

Кыргызстандык кримавторитеттердин “мыйзамдагы уурулукка” көрсөтүлүшү Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурун боштондукка чыккан мезгилге туура келди. Ошондуктан жаңыдан титул алуучуларга Батукаев маселесинин тиешеси бар дегендер да жок эмес.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Раззаков жаңы “мыйзамдагы уурулардын” пайда болушу кылмыш чөйрөсүндөгү чыр-чатактардын чыгышына алып келет деп кооптонот:

- Батукаевдин ордун бирөө толукташы керек да. Ал өзү бул жактан кетип жатканда эле бул маселе чечилген болуш керек. Анын тартиби өзү ошондой. Эми бул деген сөз кылмыш топторунун ортосундагы таасир талашуу үчүн болгон салгылаш күчөйт дегенди түшүндүрөт. “Мыйзамдагы уурулук” бирөөнө дагы эмес, бир нечесине ыйгарыла турган болсо чыр-чатактар ырбашы күтүлөт.

Буга чейин Кыргызстанда эки “мыйзамдагы ууру” – Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаев бар болчу. Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин анын ордуна коюла турган кримавторитеттер менен “мыйзамдагы ууру” Көлбаевдин ортосундагы мамиле кандай болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG