Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:21

Жүзүмдү тирүү жандай аздектеген карыя


Чехиялык таанымал шарапкер Любомир Глос жеке менчик жүзүмзарында. Моравия. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Любомир Глос (Lubomír Glos) - Чехиядагы көйкашка шарапкерлердин бири. Үй-бүлөсү менен 6 гектар жерде жүзүмдүн ар кыл сортторун өстүрүп, кымбат шарап жасайт. Ал кыйыштырып өстүргөн жүзүмгө жергиликтүү өкмөт тарабынан эстелик тургузулган.

Убадалашкан убакта Моравска Нове Вес1 (Moravské Nové Vеs) айылына келсем, шарапкер-багбан Любомир Глос Эски Дөңдөгү (Stará Hora) жүзүмзарында экен. Такымында бою ээрдей жапыс отургуч. Колунда кайчы. Тону карайып, өңү бузула баштаган жүзүмдөрдү шиңгилден ажыратып, кесип алып жатыптыр. Бул жүзүмзардын түшүмү кеч күздө суук түшкөндө жыйналып, андан сапаттуу, кымбат баа шарап жасалат.

86 жаштагы карыянын жарым өмүрү коммунисттик Чехословакияда өткөн. Ошон үчүн карыядан абал жүзүмчүлүктөгү өзгөрүүлөр тууралуу айтып берүүнү сурандым.

«Бизде 40 жыл социализм2 болду, - деп баштады сөздү пан Глос. - Ал кезде бардык чарбалар кооперативге бириктирилип, жеке ишкерликке тыюу салынган. Мурда биздин кыштактын калкы дыйканчылык жана шарапкерлик менен күн көрчү. Шарапты өздөрү үчүн жасашчу. Агам жогорку айыл чарба мектебинде окуп жүрүп, өз алдынча жүзүм тиге баштады. Көчөт отургузуп, аны чоңойтуп, мөмөсүн жыйнаган абдан кызыктуу жумуш. 14 жашымда жүзүмдүн сабагын жерге сайып, көчөт өстүрдүм. Ал эми 18 жашымда өзүм тиккен жүзүмдөн шарап жасадым».

Шарап жасоого кызыккан жигит Валтицедеги шарапкерлердин орто мектебин бүтүп, багбан-шарапкер болуп иштей баштайт. Ал кезде Чехословакияда мурдагы Советтер Союзунун көргөзмөсүнө ылайык, бардык чарбалар мамлекеттик башкарууга өткөрүлүп, жүзүм өстүрчү жана шарап жасачу жеке менчик чарбалар менен ишканалар жоюлат. Ал мындай шартта шарапкерликти таштап, алты жыл такта тилчү цехте эмгектенет. Бирок жүзүмзарлардын кейиштүү абалына жаны ачыган Любомир мырза 1963-жылы сүйгөн кесибине кайра келип, «Moravská Nová Ves» кооперативинде шарапкер болуп иштей баштайт.

«Себеби, жүзүмчүлүк боюнча кооперативдер түзүлдү. Бирок, көчөт көп тигилип, жүзүмзарларды чөп басып, каралбай калган эле», - деп түшүндүрдү карыя.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00

1989-жылы Чехословакияда коммунисттик бийлик кулап, эркин экономикага кеңири жол ачылат. Бреслав (Břeclav) кооперативинде шарапкер болуп иштеп жаткан Любомир Глос өз алдынча иштөөнү чечип, 1992-жылы шарапкерликке адистешкен «Vinařství Glosovi» ишканасын негиздейт. Бул үй-бүлөлүк ишкананы пан Глос өзү, жары Елена (Helena), уулу Любомир (Lubomír), кызы Ева (Eva) чогуу иштетишет.

Жүзүмзарлар жаз-жай айларында жашыл шибердей жайкалса, күздө жалбырактары саргайып турган өрүкзар сымал кулпурат. Мен жүзүмзарларды көргөн сайын «көчөттөр кышкы аязга кантип чыдайт экен» деп ойлой берем. Учурдан пайдаланып, мени түйшөлткөн суроону пан Глоско узатканымда, ал мындай деп түшүндүрдү:

«Биз суукка чыдамдуу Амур жүзүмүн (чех тилинде Réva amurská, латынча Vitis amurensis) өстүрөбүз. Бул жүзүм минус 40 градуска чейин чыдайт. Еvropská réva жүзүмүнүн чыдамы жок - 18 градус суукта сөңгөгү тоңуп калат. Réva americká - Америка менен Канаданын катаал шартына чыдаган жүзүм. Биз Европа жүзүмүн аязга чыдамкай кылыш үчүн Амур жана Америка жүзүмдөрү менен кыйыштырабыз. Европалык жүзүмдөр жакшы бышкан жылдары 20-22 градус суукка чыдайт. Алардын ичинен Рейндин рислинг жүзүмү (Ryzlink rýnský) 26 градуска чейин суукка туруштук берет. Эски жүзүмзарлар 20-25 градустук аязга чыдайт».

Любомир Глос «Moravská Nová Ves» кооперативинде шарапкер болуп иштеген кезден тартып, XX кылымдагы атактуу чех шарапкери жана жүзүмгери Вилем Краус (Vilém Kraus) менен жүзүмдүн жаңы түрлөрүн өстүрүүдө жигердүү кызматташат. Ошондой эле дагы бир белгилүү шарапкер, энолог3, доктор Милош Михлоский (Michlovský Miloš) менен да 30 жылга жуук кызматташып жүрөт.

Эски Дөңдөгү жүзүмзар күзүндө.
Эски Дөңдөгү жүзүмзар күзүндө.

Пан Глос жүзүмдүн чырпыгын көчөткө кыйыштырып, жаңы сортторду «чалгындоосуна» профессор Вилем Краус (1924-2008) себепчи болгонун жана экөө 40 жылдай эриш-аркак иштешкенине сыймыктанганын жашырбады:

«Проф. Краус менен жаншерик досум элек. Ал шарапкерлик боюнча Чехияда эле эмес, Европада да №1 адис болчу. Биз оболу таанышып, кийин достошуп кеттик. Вилем Прагадагы Айыл чарба университетине сабак берчү. Мага «бизге келип оку, көмөктөшөм» деди. «Андан көрө кызматташып турганым пайдалуу болот» дедим мен. Анткени университетте шарапкерлик илимине караганда марксизм-ленинизм идеологиясын окутуу маанилүүрөөк эле. Ошон үчүн агрардык университетти бүткөн адистерде шарапкерлик боюнча менчелик билими жок. Себеби, идеология менен алардын мээсин толтуруп койгон».

Ошентип Любомир Глос өз бүлөсүнө таандык Эски Дөң жана Жүзүмзар (Vinohrady) деп аталган эки жүзүмзарында Моравиянын Словакия аймагына ылайыктуу жүзүмдүн түрлөрүн өстүрүү менен алек.

Такай изденүүдөгү шарапкер-багбан 1973-жылы жергиликтүү жүзүмдүн эки сортун (Frankovka x Svatovařinecké) кыйыштырып, мурда жок Фратава (Fratava) жүзүмүн өстүрүп алат.

1975-жылы Цвайгельтребе (Zweigeltrebe) жана Кабарне Франк (Cabernet Franc) сортторун кыйыштырып, төрт жылдан кийин жаңы жүзүмдүн алгачкы түшүмүн алат. Бул Кабарне Моравия (Cabernet Moravia) жүзүмү кыска буталганда түшүмдү мол берет.

Кеч күздө жетилчү Кабарне Моравия жүзүмүнө Любомир карыянын киндик каны тамган Мораска Нова Вес кыштагында 2007-жылы жергиликтүү өкмөт жана шарапкерлер коомунун демилгеси боюнча эстелик тургузулган.

Любомир Глостун дагы бир табылгасы - Модрава шарабы Түштүк Чехияда (Моравия) белгилүү Франковка х Сватовавриницке х Кабарне Моравия жүзүмдөрүн кыйыштыруунун натыйжасында өстүрүлгөн жүзүмдөн жасалат.

Бүгүн дүйнөгө таанымал Кабарне Моравия кызыл жүзүмү 2001-жылы жана Модрава кызыл жүзүмү 2008-жылы Чехиянын сорттор боюнча мамлекеттик китебине катталган. Фратава сорту дагы эле мамлекеттик сынактан өтүүдө.

Пан Глостун үй-бүлөсүнө караштуу 6 гектар жүзүмзарда жүзүмдүн 10 ак жана 10 кызыл сорту өстүрүлөт. Башка чарбалардан айырмаланып, Любомир аксакалдын айтымында, алардын жүзүмзарында көчөттөр тыгыз отургузулган жана бир гектарда жүзүмдүн 9000 көчөтү бар.

«Биздин жүзүм чарбабыз чакан. Айрым чарбалар 100 гектардан 300 гектарга чейин жетет. Бирок 12, 15, 20 гектарга жүзүм тиккен чарбалар көп. Чакан чарба өзүн өзү багыш үчүн аз дегенде 5-6 гектар жери болуп, жогорку сапаттагы шарап жасашы керек. Арзан шарап чыгымын актабайт. Биз эң жогорку сапаттагы шараптарды чыгарабыз. Баасы да башка шараптарга караганда кыйла кымбат. Чарбанын башы, директору - аялым, кызым финансы маселесине жооптуу, балам трактор айдайт. Мен баарын көзөмөлдөйм».

Сапаттуу шарап француз эменинен жасалган баасы кымбат челекте 6 айдан 2 жылга чейин туруп жетилет.
Сапаттуу шарап француз эменинен жасалган баасы кымбат челекте 6 айдан 2 жылга чейин туруп жетилет.

Чехия 2004-жылы 1-майда Европа Биримдигине киргенден кийин дарбазасын уюмдун курамындагы өлкөлөргө кенен ачты. Бул чехиялык өндүрүшчүлөр жана фермерлер үчүн чоң сыноонун башталышы болду. Любомир карыя дыйкандар өкмөттөн жана Евробиримдиктен дотация алышканы менен, аларга техникалык жактан мыкты жабдылган Батыш өндүрүшчүлөрү менен ачык базарда атаандашуу жеңил эмес экенин айтты:

«Тилекке каршы, азыр атаандаштык аябай чоң. Атаандаштык - Евробиримдикке мүнөздүү көрүнүш. Шарап жогорку сапаттуу жана жөнөкөй деп эки категорияга бөлүнөт. Ага карабай, Евробиримдик «жөнөкөй категориядагы шараптар сортторго бөлүнсүн» деген эреже киргизди. Бул биз үчүн чоң түйшүккө айланды. Себеби, 2009-жылга чейин сатылбаган шарапка Евробиримдик дотация төлөчү. Аларды өкмөт сатып алып, күчтүү алкоголдук ичимдик жасалчу. Евробиримдик 2009-жылдан кийин сатылган гана шарапты колдоп, дотацияны токтотту. Азыр бизге Франция менен Испаниядан төмөнкү сапаттагы, баасы арзан, бирок сорту белгиленген шараптар алынып келет. Андай шараптын 1 литри 8-10 крон4 же өздүк наркынан төмөн. Кардарлар, албетте, 100-150 крондук шарапты эмес, 40-50 крондук шарапты алышат. Ушундай арзан жана сапатсыз шараптар сапаттуу шараптардан өтүмдүү болуп жатат».

Тракторду жеңип бараткан кенже Любомир.
Тракторду жеңип бараткан кенже Любомир.

Любомир Глостун бүлөсү чыгарган шараптын баасы Чехия үчүн кыйла кымбат: кыргыз сомуна эсептегенде шишеси 500 сомдон 1200 сомго чейин.

Пан Глостун бир тууган айылы Моравска Нова Вестин шарапкерлер бирикмеси жылына үч жолу шарап сакталчу жайларын кардарларга ачып, атайын майрам уюштурат. Бул күндөрү келген адамдар кыштактагы 170тен көп шарап сакталчу жайда болуп, 120 шарапкер жасаган шараптардын 30 чакты түрүнөн даам татышат.

Өмүрүнүн 70 жылын шарапкерликке арнаган карыянын айтымында, шарапка тирүү жандай мамиле жасалса гана кайтарым болот.

«Ар бир революциядан соң идеология алмашат, - деп улантты кепти пан Глос. - Андан пайда көргөн адамдар алдыга чыгышат. Шарапкерликте да жаңы мүмкүнчүлүктөн пайда тапкысы келгендер көп болду. Бирок шарапкерликти чындап сүйүп, жүзүмгө тирүү жандай мамиле кылгандар аябай аз. Жүзүмдү жакшы бакса, ал да ээсине жалбырактары, түшүмү аркылуу ыраазылыгын билдирет. Ал эми пайда издеген адамдарды талыбаган эмгектен мурда акча, киреше кызыктырат. Мисалы, Франция менен Италияда шарапкерлик - атадан балага берилип келаткан салт. Ошон үчүн ал барктуу иш. Бизде, тилекке каршы, андай эмес. Себеби, социализм кезинде бизде андай салт 40 жылга үзүлгөн».

Любомир Глостун бүлөсү сапаты мыкты шарапты эзелки салтка ылайык, эч кандай консерванттарды жана атайын ачыткыларды кошпой жасайт. Алар жасаган шараптын айрымдары улуттук жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

Пан Глос жасаган шараптан даам татып отурган коноктор.
Пан Глос жасаган шараптан даам татып отурган коноктор.

Карыя шарапкерден шарапты кандай өлчөмдө ичерин сурап, өзүм күтпөгөн жоопту уктум:

«Адам өзүн жакшылап карашы абзел. Шарапты ичкенди кой, ооз тийгендин да чени болушу керек. Күн сайын эмес, эки-үч күн аттатып ичкенде боор кыйналбайт, эс алат. Шараптык жүзүм да организм болгондуктан, жүзүмгө тирүү жандай мамиле кылуу зарыл. Азыр жүзүмдү тез эгип, тез өстүрүп, тез терип, тез шарап жасаган тенденция бар. Бул шараптын сапатын жакшыртпайт. Эгер жогорку сапаттагы шарапты кааласаңыз, шарапка тынчтык жана убакыт бериңиз. Эч бир процессти шаштырбаңыз! Ар нерсе өз убактысы жеткенде жасалсын! Мурда жүзүмдү беш жыл жөн калтырып, андан кийин иштетишчү».

Мындай жооптон кийин: «Өзүңүз өндүргөн шарапты ичесизби ?» деп суроону кырынан койдум. Суроомо карыя дасыккан мугалимдей кеңешин берди:

«Жок, мен биринчиден шарап ичпейм, бирок ооз тийем. Мен жакшы кондицияда болуш үчүн, артта калбаш үчүн, дүйнөлүк шарап өндүрүшүндө кандай тренддер жана жаңылыктар болуп жатканын билип туруш үчүн, өзүбүздүн өндүрүмдү ал талапка тууралап туруш үчүн эң жогорку сапаттагы шарап чыгарган жерлерге барып, ооз тием. Көп ичкен кесиптештерим азыр о дүйнөдө. Жана айтканымдай, футболисттердей жакшы кондицияда болуш үчүн, өзүң жасаган шарабың талаптан артта калбаш үчүн машыгып турушум керек».

Шарапкер-багбан Любомир Глостун ысымы жана ал өстүргөн жүзүмдөн жасалган шараптардын аттары Моравска Нове Вес кыштагынын тарыхына жана Чехия менен Моравиянын шараптар боюнча энциклопедиясына жазылган. Ушинтип, мээнеткеч дыйкан Моравияны кыдырган туристтер менен шарапкөй адамдарды кызыктырчу «брендге» айланган.

- - - - - - - - - - - - - - - - - -

1Моравска Нове Вес – Чехия Республикасынын чыгышындагы Моравия аймагындагы кыштак.

21948-жылы февралдагы коммунисттик төңкөрүштүн негизинде Чехословакия Коммунисттик партиясы саясый бийликти толук көзөмөлдөп калган.

3Энолог - жүзүмзарларды баалоо, кыртышты, сууну жана шарапты илимий жактан сынап көрүү боюнча адис. Энологдор демейде өздөрү да жүзүм өстүрүп, шарап жасашат.

4Крон - Чехиянын акча бирдиги (чех тилинде koruna česká). Чехиянын улуттук банкынын 31-майдагы курсу боюнча 1 АКШ доллары 23,153 кронго барабар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG