Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:44

Дин тарыхын окутуудагы усул жана сын пикир


Диний китептер.

Кыргызстандын мектептеринде “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окута турган мугалимдерди тандоо жүрүп жатат. Бул сабакты окутууну 2022-2023-окуу жылынан тарта киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы 8- июнда жарыяланган. Мектептерге бул сабакты киргизүүнүн муктаждыгы эмнеде?

Буга чейин мектептерге динге, ыйманга байланыштуу киргизилген сабактар кандай натыйжа берди? Дээрлик бир динди тутунган элге ошол диндин гана тарыхын, маданиятын окутуу керек деген көз караш канчалык жүйөлүү? Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” “арай көз чарай” талкуусунда жооп издейбиз.

Талкууга “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окутууну уюштуруу боюнча тармактык комиссиянын мүчөсү, Билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Муратбек Иманкулов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, тарых илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков жана Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулy катышты.

Муратбек Иманкулов: Биринчи баскычта президенттин жарлыгына ылайык быйылкы окуу жылына мурда даярдалып чыгарылган 9-класс үчүн “Дин маданиятынын тарыхы” китебин коомдук пикирлерди эске алып, оңдоп-түздөп жатабыз. Бул китеп жана методикалык колдонмолор 2017-жылы иштелип чыгып, үч жолу сынактан өткөн. Бирок 2018-жылда каражаттын жоктугуна байланыштуу окутууга кирбей калган. Андан кийин пандемия болуп калды. Экинчи баскычта 7-8-класстар үчүн окуу китебин даярдап, сынактан өткөрүп, окуу жараянына киргизишибиз керек.

Жаңы киргизилип жаткан сабакты кимдер окутат? Бизде 2000-жылдан баштап Кыргызстандын бир топ окуу жайларында теология, дин таануу боюнча миңден ашык адис даярдалган экен. Булар - мамлекеттик үлгүдөгү диплом алган адистер. Ошонун 300гө жакыны иштегенге макул. Бирок алардан педагогикалык сертификат талап кылынат.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Элмурат Кочкор уулу: Мен Ош мамлекеттик универститетинин теология факультетин бүткөм. Ал жерде диндердин тарыхы базалык негизде окутулат. Башка окуу жайлардын программалары деле ошондой болсо керек. Ушундай шартта бардык диндерди окутууда калыстык принциби сакталабы – бул талылуу суроо. “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын конфессионалдык деңгээлде окутуп калсак, көйгөй чечилбей калат го деген ойдомун. Калыстык кылып, бардык диндерге бирдей мамиле кылып, бирдей усул менен окутса, окуучу келечекте өзү тандап алгыдай деңгээлде болмок. Азыр эми жанагы макулдук берип жаткан 300дөй теологиялык адистер башка курстардан өтүшү керек экен. Балким ошол жерде кайсы бир принциптерге таянып, окутуудагы калыстык жөнгө салынып кетиши мүмкүн. Бирок азыр дароо ушул калыбында башталса, тарыхчы деле, теолог деле объективдүүлүктөн тайып кетиши мүмкүн. Дүйнөдө динге феномен катары гана мамиле жасаган мисалдар бар. Ошолорду эске алуу керек.

Муратбек Иманкулов: Биз бул сабакты киргизгенде чет өлкөлүк тажрыйбаны эске алдык. Европанын Германия, Норвегия сыяктуу өлкөлөрүндө адегенде өзүнүн эле христиан динин окутуп, андан кийин башка диндерди, анын ичинде исламды да окутууга өткөн система бар. АКШ, Франция өңдүү светтик мамлекеттерде диндердин тарыхы нейтралдуу окутулат. Түркияда болсо имам хатиб лицейлеринде дин таануу жана адеп-ахлак, ал эми светтик мектептерде "Дин маданиятынын тарыхы" деген сабак окутулат. Биз ошол үлгүнү эске алдык. Биздин окуу конфессиянын үстүндө турат.

Мисалы, Орусиянын тажрыйбасында “Православиянын негиздери”, “Исламдын негиздери” деген сабактар окутулат. Ал жерде ата-эненин каалоосуна жараша окуучу исламдык, же православиялык, же буддалык, же иудейлик класска барат. Биз муну кабыл алган жокпуз. Биз динге ишенгени да, ишенбегени да бирдей катыша турган, алардын бирине да тескери таасири тийбегидей нейтралдуу жолду тандадык.

Мисалы, убагында мектептерге киргизилип, кайра кыскартылган “Ыйман сабагы” диндин бир бөлүгү катары саналып, мектепке молдолор кирип кеткен. Мындан сабак алдык. Бул жолу молдолор кирбейт. Президенттин жарлыгына ылайык предметтик стандарттар иштелип чыкты. Анда мугалимдин ишинин стандарттарга шайкештигин, диний көз карашынын сабакка тийгизген оң же терс таасирин улуттук коопсуздук, ички иштер органдары, дин комиссиясы, билим берүү мекемелери, ата-энелер көзөмөлдөйт. Сабакты окутууда башка диндердин тарыхын билүү аркылуу “согушпа, өлтүрбө, кайрымдуу бол” деген өңдүү жалпы баалуулуктарды таанытуу, диндер ортосундагы диалогдордун болушун шарттоо да милдети бар.

Мисалы, байыркы анимизмден, фетишизмден баштап иудаизм, конфуцианство, буддизм, христианчылыкка, анан жалпы Исламдын пайда болушунан, таралышына чейин алдык. Албетте, Кыргызстандагы диний абалды, агымдардын, анын ичинде радикалдык агымдардын келип чыгышын, себептерин, тарыхый аспектилерин, динамикасын окутабыз. Анын максаты - көп конфессиялуу, көп улуттуу Кыргызстанда жаатташкан кырдаалды түзбөгүдөй деңгээлди калыптандыруу.

Жолборс Жоробеков
Жолборс Жоробеков

Жолборс Жоробеков: Дин - өтө аярлуу, кооптуу маселе. Айрыкча кийинки 10-15 жылда чындап кооптуулукту жараткан шартка баратат. Албетте, биз Өзбекстан, Түркмөнстан же Тажикстан эмеспиз. Бизде демократия. Ар ким каалагандай жашайт. Мисалы, бизде көптөгөн агымдар бар. Арасында экстремисттик, радикалдык көз караштагылары бар.

Союздун убагында бизде тилибизди, улут катары өзүбүздү сактап кала алабызбы деген коркунучтар бар эле. Эгемендик алган 30 жылдан бери биз кыргыз деген сапатыбызды, улутубузду, тилибизди, динибизди сактап кала алабызбы деген маселе туруп атат. Ошондуктан, жаштарга диндер тууралуу билим берүү аракетин, жарлыкты колдош керек. Стандарттарды түзүү, окуу куралдарды жазуу, адистерди даярдоо кыйынчылыкты туудурат. Мындайда диний радикализм, коопсуздук, дин таануучулук жагынан Токон Мамытов, Орозбек Молдалиев өңдүү тажрыйбалуу инсандардын кеп-кеңешин алуу керек. Биз муну жапатырмак колго албасак болбойт. Жакында эле Ысык-Көлдө, түштүк аймакта болдум. Кыздарыбыздын оронгон-чулганган көрүнүштөрү орто кылымга кайтып бараткандай ой калтырат.

Исламдын сунни багытынын Ханафи масхабы биздин ата-бабаларыбыздан келаткан салт-санааларыбызга каршы келбейт. Башка диндерде деле ошондой. Бирок айрым агымдардагы чектөөлөрдүн бардыгы билимсиздиктен, Ислам динин да билбегендиктен келип чыгып жатат. Мисалы, Меккеге баргандар Мекке шаары токсонунчу жылдары, андан кийинки жылдары жана азыр кандай экенин салыштырып жакшы билишет. Технологиялардын акыркы үлгүлөрү бар ал жерде. А биздикилер бул жерде телевизор көрбөш керек жана башка чектөөлөрдү киргизип, орто кылымга тартып жатпайбы. Ошондуктан, мамлекеттик органдар, акыл-эстүү интеллигенция, дин адамдары чогуу аракет кылып, иденттүүлүгүбүздү сактап калышыбыз керек.

Элмурат Кочкор уулу: Биз радикализмдин коркунучу өсүп жатат, ошон үчүн сабакты окуталы, чыңалууну алдын алалы деп атабыз. Албетте, радикализм чыңалуусун жогорулаткан башкы себеп - билимсиздик. Бирок ошол диндердин тарыхын окутуп эле абалдан чыгып кетебиз дегенге ишенбейм. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө бизге салыштырмалуу диний радикализмдин чыңалуусу төмөн, коркунуч жокко эсе болушу диндер тууралуу маалыматтын жетиштүү болушунан эмес. Демек, экономикага, маданиятка көңүл буруу керек. Экономика өнүксө, адамдарда иш, акча болот, стресстер азаят, карьералык өсүштү ойлойт. Бизде эмне болуп атат? Акча жок, иштейин десе иш жок, маданий өнүгүү да жокко эсе. Мисалы, маданий иденттүүлүктү калыптандырайын деген адамдар иши жок адамдардай кабылданат. Ушундай кырдаалда "бул дүйнөдө кыйналсаң акыретте жакшы жашайсың" дегендерге азгырылып кетип атышат да. Радикалдык маанайга биринчиден жан дүйнөсү бош адамдар кирип кетип атат. Ошон үчүн окутуп коюп эле чыгып кетебиз деген жетишсиздик кылат.

Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз:
“Диндердин өнүгүү тарыхы”: Билим, укук, муктаждык
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:16 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG