Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Кыргызстан мектепте дин тарыхын окутууну чечти


Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта диндердин тарыхы окутула баштайт. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Билим берүү министрлиги диний сабатсыздык жаштарды радикализмге жетелеп жатканын белгилеп, бул сабактын окутулушу маанилүү деп эсептейт.

Жалпы билим берүү мекемелеринде диндердин тарыхы тууралуу сабакты киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаровдун кол койгону мамлекет башчынын расмий сайтында 8-июнда жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, жаңы окуу жылынан баштап өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы базалык окуу планына киргизилет.

“Бул предметтен сабак берген мугалимдер диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок болуусу шарт. Ошондой эле жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек”, - деп жазылат документте.

"Программасы, китептин долбоору иштелип чыкты"

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Тойгонбай Абдыкаров жаңы предменттин программасы иштелип чыкканын билдирди.

Тойгонбай Абдыкаров
Тойгонбай Абдыкаров

“Ушул жылдын башында өкмөттүн тескемеси чыккан. Ошонун негизинде Билим берүү жана илим министрлигинде атайын топ түзүлүп, анын программасы, китептин долбоору иштелип чыкты. Эми ал бекитүү алдында турат. Бул сабак азырынча 9-класстарга гана окутулат. Ал эми 7-8-класстарга пилоттук негизде киргизсекпи деп ойлонуп жатабыз. Бирок ал толук чечиле элек. Биз 7-класстан 11-класска чейинки окуучуларга диндердин тарыхын толук окуталы деген максатты коюп, аракетти баштадык”.

Сабакта дүйнөлүк диндер, алардын негизги аныктамасы, диндердин бөлүнүштөрү, агымдар тууралуу кеңири маалыматтар берилет. Эки чейрекке ылайыкташкан программага бардык диндердин тарыхы камтылып, дин аралык ымаланы бекемдөө максатын көздөйт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандагы теологдордун саны такталып жатат. Ага жараша мектептерде кошумча иш орундары ачылары күтүлүүдө. Мугалим болууга макул болгон теологдорду Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттөгү окуудан өткөрөт.

Диндердин тарыхынан сабак берген кадрлар жетишпеген учурларда тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн тарых мугалимдери жана педагогдор окутса болот. Алар керектүү материалдык база менен камсыздалат.

Мугалимдерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги текшерүү ишин жүргүзгөн соң окутууга уруксат берилет.

"Радикал агымдардын таасиринен коргоп калабыз"

Кыргызстанда 5-класстан тартып эле тарых сабагы окутулат. Ушул мезгилден тартып эле диндер, алардын келип чыгышы, өнүгүшү жөнүндө маалыматтар берилет. Ал эми бул сабактын киргизилиши азыркы диний радикализм күчөп, жаштар ар кандай агымдарга азгырылып жаткан шартка жооп болот дешет адистер. Алардын айтымында, бул предмет 9-класска киргизилип жатканынын себеби - ушул куракта балдардын көз карашы, дүйнө таанымы калыптанып жаткан мезгил болот.

"Биздин жаш жеткинчектерге дин табияты жөнүндө, бардык диндердин тарыхы жөнүндө окутуу көздөрүн ачат эле. Тарых деген, дин деген миллион жылдар арыдан башталган да. Азыр дүйнөдө 30-40 миллион жыл мурдагы табылгалар изилденип жатат. Менин пикиримде, бардык диндердин тарыхын окутса - бул дин мындай, тиги дин тигиндей деп ажыратканга жакшы болмок", - деген эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия​нын мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков "Азаттыкка" курган мегинде.

Билим берүү тармагындагы адистердин баамында окуучулар өспүрүм куракта диний агымдарга берилип кетүү коркунучу күч экени айтылат.
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Самаргүл Умралиева бул сабакты окутуу менен өспүрүмдөрдү радикал диний агымдардын таасиринен коргоп калабыз деп ишенип турат.

“Өспүрүм балдарды түрдүү диний агымдар өздөрүнө имерип, көз караштарын таңуулашат. Өспүрүмдөр адашып калышы мүмкүн. Ошондуктан окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхын окутушубуз керек. Эгер эсиңерде болсо 2000-жылдары Сузак районунун бир мектебинде өспүрүм окуучулардын бардыгы сабактарын таштап жума намазга кетип калышкан. Ошол кезде биз балдар сабакты үзгүлтүк кылбасын деп көп иштерди жүргүзгөнбүз”.

Министрликтин маалыматына ылайык, диндердин тарыхын мектептерде окутуу аракети соңку он жылдан бери байма-бай көтөрүлүп келе жаткан маселелердин бири.

"Теология факультетин бүтүргөндөргө кайсы бир агымдын таасиринде калбаган, нейтралдуу адис деп тандап жатышат. Бирок алардын саны Кыргызстандагы окуучуларды окутканга жетпей калат го. Алар канчалык сапаттуу билим берет? Ушул жагын карайлы. Мугалимдер универсалдуу адептик принциптерин окутушу керек. Анткени бардык диндердин тамыры келип ошого такалат", - дейт Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулy.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте "Дин маданиятынын тарыхы" сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген. Кыргызстанда жалпы 2000ден ашык мектеп бар.

Ошол кезде "Дин маданиятынын тарыхы" китеп басылып чыгарылып, техникалык жана стилистикалык каталардан улам эки ирет бюджеттин эсебинен оңдолуп басылган. Теологдор жана педагогдор бир канча ирет текшеришкен.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

“Президенттин бул жарлыгы өз учурунда кабыл алынды деп эсептейм. Бул предмет 2020-жылдын 1-сентябрынан тарта орто мектептерге кире башташы керек эле. Буга байланыштуу окуу программасы, тиешелүү кадрлар даярдалган. Бул учурдун талабы. Анткени Кыргызстан көп диндүү өлкө катары калыптанып калган. Радикализмдин курчушу, ар түрдүү динге ишенгендердин ортосундагы сабырсыздыгы кыргыз коомунда орчундуу маселеге айланган. Ошондуктан өсүп келе жаткан жеткинчектерге турмуштук жолун туура тандап алышы үчүн дүйнөлүк диндердин маданиятын окутуу зарыл. Алар экстремисттик жана террористтик уюмдардын айырмачылыгын мектеп партасынан үйрөнүшү керек. Азыр коомдогу бөлүнүп-жарылуу, социалдык тармактардагы кайым айтышуу да ушул диний сабатсыздыктан улам келип чыгып жатат”, - дейт дин таануучу Канатбек Мурзахалилов.

Кыргызстанда эгемендик алган жылдардан бери ар кандай диний агымдар, секталар көбөйгөнү айтылып келет. Алардын арасында бири-бирин жектегендер да жок эмес. Коомдук көрүнүш коомду бөлүп-жарып, элге залакасын тийгизерин белгилеп келишет.

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун пикиринде, диний сабатсыздык - радикализмге себеп болгон негизги фактор эмес.

"Бир гана диний сабатсыздыктан, маалыматтын жоктугунан ушундай радикализмге барып жатабыз деген ойго кошулбайм. Радикализм дээрлик жок же аз деген бир мамлекеттин мисалын алалы. Алар диндердин тарыхын бизге караганда көп окуп алгандан улам болгон жок да. Радикализмге башка факторлордун таасири бар. Анын башкы себеби бул жумушсуздук. Адам иши жок калганда стресске кабылат. Мындайда кырдаалдан чыгуунун оңой жолун ким сунуштаса, ошого ооп кете берет. Ал эми диний сабатсыздыкка кайтып келсек, окутууга муктаждык бар. Бирок радикализмден жарандарыбызды окутуп эле сактап калабызбы же жокпу бул башка маселе".

Ошол эле маалда мектепте дин сабагын окутууга каршы чыккандар да болууда.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев бул көрүнүш байистүү Кыргызстандын Баш мыйзамына кайчы келет деген пикирде.

"Кыргызстандын Баш мыйзамында светтик өлкө деп так жазылып турат. Анын ичине динди киргизген туура эмес. Мектептерде динди окутуу - бул Конституцияга каршы келет. Эзелтен келе жаткан, калыптанган программа бар. Ошону окутсун. Балдарга дин эмес, билим берсин. Күчтүү сабак өтсүн. Азыркы мезгилге жараша методикаларды ойлоп табышсын. Биз жогорку окуу жайлардан дин таануу сабагын окуганбыз. Кайсы дин качан, кайсы жерден чыкканын акыл токтотуп калганда билдик. Эми азыр окуучу балдарга динди окутсак, алар кайда барат?”.

Кыргызстанда ушу тапта 2 минден ашык диний уюмдар бар. Булардын көпчүлүгү ислам динине таандык диний уюмдар жана мечит-медреселер. Ал эми православ, католик багытындагы элүүдөн ашык мекеме иш жүргүзөт. Христиан дининин протестанттык багытындагы уюмдардын саны 250нүн тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG