Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

"Фолксвагенди" кечирим сураткан чатак


Германиялык машина чыгаруучу ири компания – "Фолксвагенге" экологиялык коопсуздук тесттерин бурмалагандыгы үчүн АКШда кылмыш иши козголушу ыктымал.

Ал тапта Түштүк Корея компаниянын 3 моделин текшерерин билдирди. Концерндин 80 жылдык тарыхындагы эң ири чатактан улам Фолксвагендин акциялары төмөндөп кетти.

Бир нече күн мурун АКШ бийлиги "дизелдик моторлуу "Фолксваген" жана "Ауди" машиналарындагы атайын компьютердик программа уулуу заттардын абага жайылышын сыноо учурунда гана алдын алат. Ал эми калган маалда көзөмөл системасы иштебейт, айлана чөйрөгө бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү АКШда уруксат берилген чектен 40 эсе көп" деген кине таккан.

Ошондон кийин "Фолксваген" жарым миллионго жакын машинаны чакыртып алуу жана ошондой программа коюлган продукциясын сатууну токтото туруу чечимин кабыл алган.

Шейшембиде концерндин аткаруучу директору Мартин Винтеркорн ал өкүнүчтүү окуя үчүн кечирим сурады:

- "Фолксвагенде" мындан ары эч качан көз боемочулук болбошу керек деп так айтышым керек. Айымдар жана мырзалар, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон киши биздин маркага, машиналарга, технологиябызга ишенишет. Ошол ишенимди актабай, уят болгонубузга абдан өкүнөм. Кардарларыбыздан, бийликтерден жана жалпы коомчулуктан терең кечирим сураймын.

Бурмалоолор тууралуу кабар чыгаар замат жана Фолксваген дээрлик 18 миллиард доллар айып пул төлөшү мүмкүн деп айтылгандан кийин компаниянын акциялары дароо дээрлик 20 процентке арзандап кеткен.

Анын үстүнө концерндин жетекчилиги өз тарыхындагы эң ири чатакка байланышкан чыгымдарды жабууга 6,5 миллиард евро бөлөөрүн жарыялады.

Айрым эксперттердин айтымында, "Фолксваген" АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамын бузгандыгы үчүн гана эмес, көз боемочулук, экологиялык инспекцияга жалган маалымат берүү жана башка кылмыштар үчүн айыпталышы мүмкүн.

Юристтер ошондой эле компаниянын кээ бир жооптуу кызматкерлеринин иши текшерилип, кандайдыр бир мандем табылса, аларга да кылмыш иши ачылышы толук ыктымал дешет.

Бирок АКШнын Юстиция департаментинин расмий өкүлү азырынча бул маалыматтарды комментариялай элек. "Фолксвагендин" басма сөз катчысы болсо журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Прокурорлор экологиялык сыноонун жыйынтыктарын бурмалоо кардарларды, инспекцияны жана башка машина чыгаруучу компанияларды алдоо катары баалашы мүмкүн.

Бирок ага чейин Юстиция департаменти менен компаниянын юристтери ошондой программа эмне себептен орнотулганын талкуулашмакчы. Прокуратура айып тагыш үчүн мунун артында карасанатайлык турганын далилдөөгө, атап айтканда, электрондук кат алышуу, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн табууга тийиш.

Себеби, айлана-чөйрөнү коргоо иштерине адистешкен мурдагы прокурор Брюс Пасфилддин айтымында, жогоруда айтылган компьютердик программаны орнотуунун өзү ал атайылап терс ниет менен жасалган иш деп ырастоого негиз бербейт.

Акыркы бир нече жылдын ичинде эле АКШда эки ири машина чыгаруучу компанияга каршы кылмыш иши козголгон. Былтыр Toyota Motor Corp машиналардын туруп-туруп эле ылдам жүрүп кетишине алып келген мандем табылгандан кийин 1,2 миллиард доллар төлөп кутулган. Үстүбүздөгү айда General Motors Co компаниясы от алдыргычтагы бузуктук үчүн 900 миллион доллар айып пулга жыгылган.

XS
SM
MD
LG