Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

ФИФА Конгресс алдында кылтакка илинди


ФИФАнын Цюрихтеги кеңсеси.
ФИФАнын Цюрихтеги кеңсеси.

Швейцарияда полиция футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы - ФИФАнын жогорку даражалуу жети чиновнигин камакка алды. Окуя бул дүйнөлүк уюмдун президенти шайлануучу конгресси алдына туш келди. Ага катар ФИФАнын адамдарына каршы АКШда жана Швейцарияда кылмыш иштери ачылганы белгилүү болду.

Швейцариянын полицейлери камоолорду 27-майда эртең менен Цюрихте, Дүйнөлүк футбол федерациясынын чиновниктери токтогон мейманканада жүргүздү.

Камалган алты адамдын арасында ФИФАнын азыркы вице-президенти Жеффри Вебб (Jeffrey Webb) жана Эухенио Фигередо (Eugenio Figueredo) да бар.

Камалгандардын эң жогорку даражалуусу - Жеффри Вебб вице-президенттик менен катар ФИФАнын аткаруу комитетинин мүчөсү, Түндүк, Борбордук Америка жана Кариб боюндагы өлкөлөрдүн футбол конфедерациясы - КОНКАКАФтын президенти кызматын да ээлейт. Аларды эми АКШга экстрадициялоо маселеси каралат деп күтүлүүдө. Анткени Швейцариянын юстиция боюнча федералдык кеңсеси тараткан маалыматка караганда, футбол чиновниктери миллиондогон доллардык пара жана үлүш алган деп АКШнын тергөөчүлөрү тарабынан шектелип жатат.

Швейцария тараптын маалыматы боюнча, Нью-Йорктун Чыгыш райондук прокуратурасы камалгандарды 1990-жылдардын башынан тартып, азыркы күнгө чейин пара алган деп шек саноодо.

"Спорттук медианын, спортту рекламалаган фирмалардын өкүлдөрү футбол фукционерлерине, ФИФАнын делегаттарына, ФИФА менен байланышы бар уюмдардын функционерлерине 100 миллион доллардан ашуун каражат төлөө боюнча схемаларга тартылган",- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги билдиргендей, алар жалпысынан ФИФАга тиешеси бар он беш адамды коррупция жана кутум уюштурганы үчүн айыптап жатат. Бул тергөөнүн алкагында КОНКАКАФтын Майамидеги кеңселерин тинтүүгө уруксат берилди.

Конгресс алдындагы камоолор

Футболдун дүйнөлүк чиновниктери арасындагы камоолор футбол федерацияларынын делегаттары ФИФАнын президенти шайлануучу 65-конгрессине чогулуп жаткан учурга туш келди.

Уюмдун басма сөз катчысы Вальтер де Грегорио Цюрихтеги чукул пресс-конференцияда кылмыш иштерине жана камоолорго карбай президентти шайлоо мерчемделген күнү өтө берерин айтып, буларга токтолду:

- Мен канча адам камакка алынганын, канча адамдын үстүнөн тергөө жүрүп жатканын ырастай албайм. Бул ФИФА үчүн жакшы нерсе. Кадыр-барк жана репутация жагынан алганда жакшы эмес, бирок тазалануу жагынан жакшы.

ФИФА өкүлү президент Зепп Блаттер камоолорду укканда “кубанган жана бийлеген жок”, - белгиледи.

Ушул жума күнкү шайлоодо ФИФАнын президенттигине кайра эле Зепп Блаттер өзү жана Иорданиянын ханзаадасы Али бин ал-Хуссеин ат салышууда.

Али бин ал-Хуссеин жана Зепп Блаттер.
Али бин ал-Хуссеин жана Зепп Блаттер.

Ушуну менен швейцариялык Блаттер ФИФА президенттигине бешинчи жолу шайланууга аракеттенүүдө.

Конгресске катышуу үчүн Цюрихке Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчилиги да барган. Биринчи вице-президент Аскар Салымбеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мындай нерселер Конгресске эки күн калганда болуп жатат. Бул бекеринен болгон жок го. Конгресс кандай нукта өтөт, кандай нерселер, маалыматтар чыгары азырынча белгисиз.

Аскар Салымбеков Кыргызстан ФИФА президенттигине эки талапкердин кимиси үчүн добуш берерин азырынча чече элек деп ырастады.

Швейцариядагы тергөө

27-майда жарыялангандай, ФИФАнын адамдарына тиешелүү кылмыш иши Швейцариянын өзүндө да ачылды. Бул өлкөнүн прокурорлорунун айтымында, кылмыш иш 2018, 2022-жылкы дүйнө чемпионаттарды өткөрүү укугунун Орусия жана Катарга берилиши менен байланыштуу.

Мындан улам ФИФАнын Цюрихтеги баш кеңсесиндеги компьютерлерден маалыматтар жана документтер алынган.

2022-жылкы чемпионатты Катарга, 2018-жылкыны Орусияга берүүдө пара да роль ойногон сөздөрдөн улам ФИФА буга дейре өз алдынча иликтөө жүргүзүү үчүн мурдагы америкалык проркурорду иликтөө жалдаган болчу. Бирок ал даярдаган баяндаманы толук жарыялабай, кыскача мазмунун гана ачыктап, анда олуттуу эреже бузуулар болбогону көрсөтүлгөн. Бирок иликтөөчү баяндамасынын мүнөзү өзгөртүлгөнүн дароо эле айтып чыккан.

Футболду башкарган дүйнөлүк уюм миллиарддаган доллар кирешени демөөрчүлүктөн жана дүйнөлүк чемпионатты теледе көрсөтүү укугун сатуудан табат.

ФИФАда коррупция бар болгону такай эле айтылып келинген, бирок кайсы бир өлкөдө конкреттүү кылмыш иштери буга дейре ачылган эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG