Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Блаттер: ФИФА реформаланат


Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФАнын төрагалыгына кайрадан Зепп Блаттер шайланды. Коррупция айыптоолорунан улам шайлоону кийинкиге калтыруу чакырыктары айтылып келген эле. Бирок улуттук федерациялардан келген делегаттардын көпчүлүгү (анын катарында Кыргызстан делегациясы) шайлоону өткөрүүнү колдоп, Блаттерге ишеним көрсөтүштү. Төрага ФИФАда реформалар жүргүзүлөөрүнө ишендирди.

1-июнда Цюрих шаарында өткөн 61-конгресс айрымдар күткөндөй “ФИФА ыңкылабы” болуп калган жок.

Уюмду 1999-жылдан бери башкарып келаткан швейцариялык Зепп Блаттердин туруму бул жолку шайлоо алдында өтө эле солгундай түшкөн. Ал 2007-жылкыдай оңой жеңишке өзү да ишенген эмес.

Бирок 203 делегаттын 186сы жападан жалгыз талапкер - Блаттерге колдоо көрсөтүштү. Анын күчтүү атаандашы делинип келген Азия футбол федерациясынын жетекчиси, Катардын өкүлү Мохамед бин Хаммам 29-майда уюмдун этика боюнча комитети тарабынан кызматынан убактылуу четтетилгенден кийин ат салышуудан баш тартты. Ал добуштарды сатып алууга аракеттенген деп шектелүүдө.

Азия футбол федерациясынын мурдагы төрагасы Мохамед бин Хаммам (солдо) жана ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттер (оңдо)
Хаммам иликтөөгө чейин, күнөөсү далилденбей жатып ишинен четтетилгенин, конгресске катыштырылбаганын туура эмес деп эсептейт.

“Акыркы күндөрү болгон окуялар мени абдан капалантты. Менин жеке аброюма шек келтирилгенин карап отура албайм. Укуктарымды коргоо үчүн күрөшөм”, - делинет Азия футбол федерациясынын мурдагы төрагасы жасаган билдирүүдө.

Арийне негизги атаандашы четтетилгенден кийин Блаттерге дагы бир тосмодон өтүүгө туура келди. Англия жана Шотландия уюмдагы паракорлук жөнүндөгү айың-кептер териштирилмейинче шайлоону өткөрбөй турууну сунуш кылып, бирок аны 17 өлкөнүн федерациялары гана колдошту.

Былтыр декабрда 2018 жана 2022-жылкы дүйнө чемпионаттары боюнча добуш берүү болгон учурда, ФИФАнын аткаруучу комитетинин мүчөлөрү пара сурашкан деген айыптоолор бир нече айдан бери айтылып келген. 2018-жылкы чемпионатты өткөрүү укугун Орусия жеңген, ал эми андан кийинки мелдешти Катар уюштурмакчы.

Англия 2018-жылкы Дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн күрөштү Орусияга уттуруп жиберген. Сүрөттө: Ханзада Уильям ФИФАнын чечимин угууга барган учурунда, 2-декабрь, 2010-жыл
Кыргызстандын атынан конгресске улуттук футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев жана вице-президенти Аскарбек Салымбеков катышты.

Салымбеков 2018-жылкы дүйнө чемпионатын кабыл алуу күрөшүндө Орусияга уттуруп койгон Англия ызаланып, Блаттерди күнөөлөп жатат деген ойдо:

- 2018-жылы дүйнөнүн чемпионаты кайсы мамлекетте болоорун белгилеп атканда Англия Орусияга жеңилип калган. Ошондон бери Англия ыза болуп, ФИФАга, президентине каршы массалык маалымат каражаттары аркылуу ушундай иштерди жасап атат.

Блаттер шайлоо алдында Дүйнө чемпионатын өткөрө турган өлкөнү тандоо процесси түп-тамырынан реформаланат деп убада кылды. Делегаттарга кайрылып жатып, төрага өзүн кеменин капитаны менен салыштырды:

- ФИФА деп аталган кемебизди туура багытка, таза, тунук сууларга карай бурабыз. Бизге убакыт керек. Бир күндө бардыгын өзгөртө албайбыз, бирок максатыбызга жетебиз.

Кыргызстан футбол федерациясынын вице-президенти Аскарбек Салымбеков
Алдыдагы реформалар жөнүндө кыргыз делегациясынын мүчөсү Салымбеков буларды айтат:

- Блаттер өзү да кемчиликтер бар, кризис болуп атат деп моюнга алды. Биз ошол кризистен жакшы чыгышыбыз керек деди.

Дүйнө чемпионаттары өткөрүлө турган өлкөнү азыркыдай ФИФАнын аткаруучу комитети эмес, уюмга мүчө бардык мамлекеттер тандамай болушту. Аткаруучу комитетти да өздөрү шайлап коюшчу, эми болсо аларды да 208 малекет шайламай болду. Булар коррупцияга каршы кадамдар болуп атат.


Дүйнө чемпионаттары өткөрүлө баштаган 1930-жылы ФИФА каражаты чектелген жөнөкөй уюм болсо, азыр миллиарддаган доллар жүгүртүлгөн чоң бизнеске айланган.

Төрт жылда бир жолу өткөрүлчү Дүйнө чемпионаттары телекөрүүчүлөр жагынан Олимпиада оюндарынан ашып түшөт. Маселен, былтыр Түштүк Африкада өткөн мелдеш 3 миллиард доллар киреше алып келди. ФИФАнын негизги демөөрчүлөрү арасында "Кока-Кола", "Адидас" өңдүү дөө шаалар бар.
XS
SM
MD
LG