Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Жемсөөлүк Европаны да муунта баштады


Жемсөөлүк эмнеден башталат?
Жемсөөлүк эмнеден башталат?

2011-жылы “башкаруу системасындагы кемчиликтер” Европанын дээрлик ар бир өлкөсүндө финансылык жана саясий чатактар менен коштолду.

Мындай тыянак бейөкмөттүк Transparency International эл аралык уюму 6-июнда жарыялаган докладда айтылган. Документте Евробиримдикте бийлик түзүмдөрү менен жеке бизнес ортосундагы тыкыс байланыш жемсөөлүктү күчөтүп, жалпы Европадагы экономикалык туруктуулукка коркунуч жаратып жатканы да белгиленет.

Transparency International шаршемби күнү жарыялаган докладда коррупция Европа коомчулугун тынчсыздантчу деңгээлге жетип калганы айтылат. Буга эң алды өкмөттүк мекемелер менен жеке бизнес ортосундагы байланыштын күчөп кеткени, экинчи жактан саясий пратиялардын, бизнес-чөйрөлөрдүн жана өкмөттүк чиновниктердин жемсөөлүккө каршы күрөштү бошоңдотуп жибергени огожо болгон. Бирок жемсөөлүккө каршы аудиттик кызматтар, бейөкмөттүк уюмдар, акыйкатчылар жана шайлоо комиссиялары жигердүү күрөшүүдө, деп көрсөтүлөт Transparency International уюмунун изилдөөсүндө.

Докладда көпчүлүк өлкөлөрдө өкмөттөрдүн финансылык келишимдер боюнча маалыматты коомчулуктан жашырганына да тынчсыздануу айтылат.

Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева мындай көрүнүш Кыргызстанга да таандык дейт:

- Мисалы, бланкаларды жасоого ар бир мекеме канча акча кетирет? Улуттук банк акча жасаганга канча каражат сарптайт? Улуттук коопсуздук кызматы бир операцияга канча чыгым болду? Мындай маалыматтарды ала албай жатабыз. Коомчулукка мунун баары жашыруун бойдон калууда.

Эл аралык уюмдун бул докладга жооптуу координатору Пол Зубков Испания, Италия, Грекия жака Португалияда коррупциянын кеңири кулач жайганына жана евромейкиндиктеги кризис менен жемсөөлүктүн ортосундагы түз байланыш бар экенине көңүл бурат:

- Евро кризистен чыгуунун негизги шарты: жемсөөлүккө каршы мыйзамдардагы жылчыктарды ыкчам жабуу. Алга жылуу үчүн, туруктуу өнүгүүнү жана улуттук бюджеттин коопсуздугуна жетишүү үчүн саясатчылардын мамлекеттик казынадагы акчалардын сарпталышы боюнча жана башка бардык чечимдерди ачык кабыл алышы лаазым.

Транспэренси Интернэшнлдин пикиринче, Европадагы азыркы кризис коррупцияга каршы күрөшкө көңүл бурбай, барына “шүгүр” деп канаат кылуунун да натыйжасы саналат. Бул Зубковдун айтышынча, Евробиримдикке 2004-жылы кошулган өлкөлөргө да мүнөздүү илдетке айланганы өтө чочулатат.

- Биз Евробиримдикке жакында кирген кээ бир мамлекеттерде, анын арасында Чехия, Словакия жана Венгрияда жемсөөлүккө каршы күрөш саалгып, артка кеткенин аныктадык. Бул Венгриянын бийлик бутактарында, Чехияда жана Словакияда баарынан да мамлекеттик сатып алууларда байкалат. Бул үч өлкөдө тең түрдүү саясый партияларды каржылоону уюштуруу системасында олуттуу суроолор бар.

Зубковдун сөзүнө караганда, Европадагы эң мыкты деп Латвиянын саясий-экономикалык мыйзамдарды жөндөө боюнча мыйзамдары саналат.

Transparency International Европанын 25 өлкөсүнүн 19да мыяткерлик (лоббистик) боюнча жобо иштеп чыгуусу керек экенин, 10 өлкөдө гана саясий партияларды демөөрлөөнүн булагын ачып көрсөтүү талап кылынарын аныктаган. Ошондуктан докладда мыяткерлерди сөзсүз каттоодон өткөрүү зарыл деген сунуш айтылат.
XS
SM
MD
LG