Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

Млрд. доллар долбоорлордун тагдырын чечкен Бөлтүрүков


Тенизбек Бөлтүрүков.
Тенизбек Бөлтүрүков.

Тенизбек Бөлтүрүков - дүйнөдө таанылуу Tetra Tech компаниясынын тоо-кен тармагындагы долбоорлор боюнча башкы менеджери.

"Тетра тек" консалтинг, долбоорлоо, техникалык тейлөө боюнча адистешкен компания. Анын дүйнөнүн чар тарабындагы филиалдарында 13 миңден ашуун адам эмгектенет. Тенизбек мырза Москвада институтту аяктагандан кийин оболу Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы, андан соң Кыргызстандагы Сары-Жаз, Айдеркен комбинаттарында, Күмтөр алтын кенинде жетектөөчү инженердик кызматтарда иштейт. 2002-жылы үй-бүлөсү менен Канадага кеткен.

Ал "Азаттык" менен Канадага кетүү себеби, чет жердеги кыйынчылыктар, азыркы жумушу, "Тетра тек" компаниясында адистерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Кыргызстандын тоо-кен байлыктарын иштетүү тууралуу ой бөлүштү.

"Азаттык": Тениз мырза, сиз Совет доорунда Москвадагы атактуу Болот жана эритмелер институтун инженер–металлург кесиби боюнча аяктагансыз. Андан соң Кыргызстанда атактуу тоо-кен ишканаларында өз кесибиңиз боюнча жооптуу кызматтарда иштегенсиз. Анан жүрүп эле кандайча Канадага кетип калдыңыз, ал жакка кетишиңизге эмне себеп болду?
...программа боюнча кеткен 16-17 киши кийин Кыргызстанга келдик. Мамлекет чакырып, мындай шарт коюп беребиз, иштегиле деген кызыгуу да болгон жок, сураган да жок. Ошону менен ар бирибиз өз турмушубузду өзүбүз куруп кеттик.

Тенизбек Бөлтүрүков: 1997-жылы Кумтөрдө иштеп жүргөндө «XXI кылымдын кадрлары» деген программа ачышкан. Ага катышып Германияда илимий изилдөө иш жүргүзүү боюнча стипендия утуп алгам.

Германияда төрт жыл Клаусхал техникалык университетинде аспирантурада окудум. Бул Германиядагы эң эски техникалык университеттердин бири. Аспирантураны бүтөөр жылы Кыргызстанда Кумтөрдөн башка тоо-кен комбинаттары жабылып аткан мезгил. Ошон үчүн келечегимди ойлоп жана өз кесибим боюнча иштейин деп, үй-бүлөм менен кеңешип, 2002-жылы Канадага кеткем.

Түз линк

"Азаттык": Германияда мамлекеттер аралык программа боюнча окуган экенсиз. Ал жактан кесибиңизди өркүндөтүп адис катары Кыргызстанга өтө керектүү болуп тургансыз. Кыргыз өкмөтү ушундай адисти оңой эле коё бердиби?

Тенизбек Бөлтүрүков: «XXI кылымдын кадрлары» программасына тандоо болуп атканда Германиянын DAAD деген фонду мени жана бир кишини тандап алып, каржылоого алгандыктан, биз программадан чыгып кеткенбиз. DAAD менен өзүнчө келишим түзүлүп, окуумду алар каржылаган. Бирок ошол программа боюнча кеткен 16-17 киши кийин Кыргызстанга келдик. Мамлекет тарабынан чакырып, мындай шарт коюп беребиз, иштегиле деген кызыгуу да болгон жок, сураган да жок. Ошону менен ар бирибиз өз турмушубузду өзүбүз куруп кеттик. Кийин балдардан да сурадым, Америкада окугандардын бир-экөөсү Кыргызстанга барып, мамлекеттик ишканаларда иштеп көрүп, кийин кайра кетишкен.
Перу, Монголия, Орусия, Америка, Канадада 200 миллиондон 4 миллиард долларга чейинки ар кандай долбоорлорду жасадым...

"Азаттык": Сиздей тажрыйбалуу инженер-металлург үчүн Канадага барганда жумушка орношуу оңой болдубу?

Тенизбек Бөлтүрүков: Жок, чет мамлекетте сени эч ким күтпөйт. Көчүп келгенге мүмкүнчүлүк берет, бирок өзүң жумуш таап, бутуңа туруп кетишиң керек. Бир жылдай кыйналдым, англис тилин үйрөнүп, заводдо кара жумушта иштеп жүрдүм. Айла жок, үй-бүлөнү багыш керек. Америкага, Австралияга келгендердин баары эле ошондой сыноодон өтөт.

"Азаттык": Азыр кандай кызматтасыз?

Тенизбек Бөлтүрүков: Мен 2003-жылдан баштап кесибим боюнча тоо-кен өнөр жайында иштейм. Азыр "Тетра тек" деген америкалык компанияда тоо-кен долбоорлорунун башкы менеджеримин, дүйнө боюнча ар кайсы жерлерде темир, уран, түстүү темир, кара темир өндүрүү боюнча чоң долбоорлорду жасайбыз.

Мындан тышкары эл аралык Partners in Performance консалтинг компаниясында тоо-кен ишканалары боюнча кеңешчилер тобун жетектеймин. Мен Перу, Монголия, Орусия, Америка, Канадада 200 миллион доллардан 4 миллиард долларга чейинки ар кандай долбоорлорду жасадым. Убактым болгондо барып, тоо кен ишканаларында изилдөө жүргүзүп, алардын иштерин жакшыртуу, чыгымдарын төмөндөтүү боюнча иштейбиз. Былтыр Түштүк Африкада жана Ганада консалтинг кылганбыз.

"Азаттык": Тениз мырза, сөзүңүзгө караганда тоо-кен өнөр жай тармагында иштеген ири компанияларда вице-президент, же жетектөөчү адистердин катарына чейин көтөрүлүшүңүзгө сиздин тегиңиз Кыргызстандан экени, Канадага 40 жаштан өткөндөн кийин келгениңиз таасир этпейт турбайбы?

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:37 0:00
Түз линк

Тенизбек Бөлтүрүков: Канадага келип жумушка орношкондо менин билимим жана тажрыйбам чоң мааниге ээ болду. Анткени мен эмгектенген долбоордук (инженердик) компанияда иштегендердин 90 пайыздан көбү эч качан тоо-кен өнөр жайында иштеген эмес. Отуруп долбоор жазышат. Долбоорду жазып аткан адам ишкананы мурда көрбөсө, ал туура эмес чала жасалып калат. Иштеп келген адам аларды оңдоп, эмнеге иштебейт, себебин айтып бере алат. Тажрыйбам мага чоң жардам болду. Компания аны көрүп-билип мени көтөрө баштады.
Бул жакта компания жардам берип атканын көрүп, өзүң өскүң да, ишке берилгиң да келет. Жумушка барганда тойго баргандай сезим пайда болот...

"Азаттык": Экс-советтик өлкөлөр Кыргызстан, Орусия, Казакстанда эмгекке болгон мамиле менен Канададагы, же Батыш өлкөсүндөгү мамиле эмнеси менен айырмаланат, өзгөчө жетекчилер деңгээлинде?

Тенизбек Бөлтүрүков: Бул жакта адам, адис биринчи орунга коюлат. Ал адам компанияда өсөйүн десе жардам берет. Жумушуна канаат кылып, өскүсү келбеген адамдар бар. Аларга да жардам берет. Адамга өз ишин жакшы аткарганга шарт түзүп беришет.

Мен Орусияда, Кыргызстанда иштеп жүргөнүм менен салыштырсам, биздин маданиятыбыз такыр башкача. Бул жакта компания жардам берип атканын көрүп, өзүң өскүң да, ишке берилгиң да келет. Мен Канадада турмушка кубанып, ырахаттанып иштеп калдым. Жумушка барганда тойго баргандай сезим пайда болду. Анткени тегеректеги кесиптештерим жардам бергенге даяр.

Советтер Союзунда «метод кнута и пряника» (камчы жана токоч усулу) деп койчу эле, ишиңде бир ката кетсе, камчы менен сабап, токочун көбүнчө унутуп калышчу. Бул жакта такыр башкача. Эгерде биринчи ката кетсе жардам берейин деп чыгышат. Адам катаны атайын жасабайт, же билими, же тажрыйбасы жетишпей жасайт. Адам эмне ката жасаганын анализдеп, чогуу отуруп жардам берсе, ал адам өсөт дагы, ыраазы да болот. Ошол себептен бул жакта адиске өскөнгө көбүрөк шарттары бар.

"Азаттык": Ырахмат, ишиңизге ийгилик.

XS
SM
MD
LG